Казат АКМАТОВ

Архат

Казат АКМАТОВ

Бир сапар класстагы балдар жашыруун бир маанилүү ишке даярдана башташты. Экиден, үчтөн күбүрөшүп шыбырашат. Адилетти араларына кошушпайт. Ошентип отуруп акыры болчу окуя сабактан кийин, мектептен оолак, чала бүткөн имараттын далдасында өтмөк болду.

– Сен да барып көр. Анткени кийинки кезек сеники, – деп Адилетке улуксат беришкен. Көрсө бир уйгур менен бир орус баланын жекеме жекеси болмок экен. Экөө ортого чыгып, калгандары тегеректеп турушту. Класстын кыздары да келишип, балдардан мурун «калыстар тобунун» ишин аткарып чуркашууда.

Эки бала алды менен чапчышып, мушташып, анан күрөшө кетишип, ит жыгылыш болуп, кайра туруп, айтор көпкө тирешти. Алардын ар бир мушу же чалып жыкканы кыйкырык-чуу менен эсепке алынып, акыры уйгур баланын мурдунан кан кетти эле, баары кол чаап жиберишти. Ошого шердене түшкөн каршылашы беркини аёосуз койгулап, акыры тигил тил-оозу жок жатып калганча тепкиледи. Ажыраталы, болду деген бирөө да чыкчудай эмес, ошондо Адилет кандайча ортого чыга түшкөнүн өзү да билбей, орус баланы «токто» деп жеңден алды. Жеңишке шерденген бала кайрыла калып, муштумун Адилетти көздөй бир шилтеп чыкыйга чала уруп кеткен болчу.

– Не лез, дурак, киргиз! – деди аңгыча тургандар чуулдап. Кыздардын бирөө келип Адилетти төштөн ары бир түрттү эле бала чалкасынан түшүп кала жаздады. Уйгур бала болсо канга чылк боёлуп, сынган кирпичтердин арасында жатты.

– А теперь Гошку под кран! Хорошо умойте. Чистота залог здоровья! Ха-ха-ха! Ха-ха-ха!

Апта өтпөй эле кезек Адилетке келип, аны бир күн мурун өзүнө угузушкан. Көрсө, Шалхар аттуу бир дунган бала Адилетти «заказ» кылыптыр. Себеби эч белгисиз. «Өткөндө киргиз мени коридордон жөөлөп кеткен» деген «негиз» айткан имиш. Ал бала класстын атамандарынан кастетке улуксат алган экен.

– Сага да улуксат. Кийип чыксаң болот! – деп Адилетке эскертишкен.

Адилеттин шаштысы кетип калды. Кастети жок эле. Анын үйүндө болгон бүткөн куралы – чөнтөк газбалончик. Анысы да бирөө эле болчу. Айласы кетип ал Таштан байкесине айтууга аргасыз болду. Кастет сурады. Таштан баланын айткандарын угуп бүткөн соң дароо лицейге, Жылдыз эжейге бармак болду. Жекемежекени токтотуп, аны уюштургандарды дароо жазалаш керек эле. Бирок ага Адилет такыр макул болгон жок. «Баары бир алар мени «чөгөрөт» деди ал айласы кетип. Жекеме-жеке болмоюнча болбойт». Анда эмесе деп Таштан катуу ойлонду да, бир амал тапты…

* * *

Адилет менен Шалхар ортодо беттеше баштаган кезде капыстан бир чоң киши үстүлөрүнөн чыгып калды.

– Эй достор! Оюн көрсөк болобу? – деди ал киши эчтеме билбеген болуп.

– Сиз кете бериңиз! Жолто болбоңуз! – дешти биринчи кезекте кыздар чуулдашып.

– Макул кете берейин.

Чоң киши кетип калды да, тигил эки атаандаш мушташа баштаганда кайрадан шып жетип келип, экөөнү тең шилиден алды. «Милийсага камайм экөөңдү тең. Мени менен жүргүлө!»

– Кандай акыңыз бар? Булар ойноп атышат!

– Көрдүм! Кастет деген кандуу курал. Бул үчүн камалат! Мен милийсанын капитанымын.

– Кандуу эмес! Финка болсо бир жөн!

– Кана, сен бери келчи! Финкаң барбы! Таштан эки атаандашты жетелеп келип, лицейдин директору Анри Брудныйга тапшырды…

Ошол чала болуп, бүтпөй калган беттеште Адилет мүрүсүнө кастет жеген болчу. Азыркыга дейре басылбай ооруйт. Бирок, эң негизгиси Адилет беттештен качпады, калыстар тобу болсо аны эми «чөгөрүүгө» акысы жок. Эч ким аны «чыккынчы» же «бок жүрөк» деп кемсинте албайт.

– Бул лицейде болгону дагы жарым жыл окуйт экенсиң, мушташка катышпай эле койчу, – деди Таштан. – Андан көрө билимиңди күчөт.

Машинада Жылдыз эжейи да бар эле. Бала эжейин суроолуу карады.

– Үйгө айтпай эле коёлучу, эже.

– Эмнени? Мушташканыңардыбы?

Адилет башын ийкеди.

– Билбей турам,– деди Жылдыз эжейи.

– Менимче айтпай койсо болот ко. Мушташ үзгүлтүк болду да, – Таштан рулдан колун албай артка, Жылдызга карады.

25.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.