Рысбек Эшматов
«Атажурттун сокмо жолдору менен...»
Ушул стилдик сүрөттөө менен жазуучу бардыгын бир мезгилде кармап калуу, катмар-катмары менен берүү; кинолента сыяктуу динамикалуу элес-кадр, тунуп турган үн менен ыргак, түштөгүдөй жуурулуша келген субъективдүү сезим-туюм, жалпыланган символдуу жана объективдүү туюнтуу устаттыгына жетишкен. Кызыгы – ... эшик-терезелерден ичкери баш багып, гүлдөрү коридор-купелерге күбүлүп жаткан сакураларды элестүү берүү менен, сүрөттүн ички өңүтүнө маани чөгөрүп, дагы бир ассоциативдүү образ-символ жаратат; жаз айларында аптага жетип-жетпеген кыска мезгилде гүл ачкан сакуралар жапондор үчүн аялзатынын аруулугу менен тазалыгын, назиктиги менен изгилигин – сулуулукту чагылдыруучу символ болсо, жапон адабиятында сакура – назик (женственный) стилди туюндуруучу символ. М.Гапаровдун чыгармаларына ушундай назик стиль мүнөздүү.
М.Гапаровдун назик лирикалуу стилине Хемингуэйден энчиленген дагы бир стилдик ыкма – подтексттүү баяндоо ыкмасы... Хемингуэйдин ишениминде, окурманга эмнелерди жеткиргиң келсе, ошолордун бардыгын жазып отуруунун кажети жок, көптөрүн аягына чейин айтпай, түшүрүп койсо болот, “эмнелерди түшүрүп жатканыңды өзүң жакшы билсең, ошондо гана окурман жазылгандардын артында ачылбаган нерсе жатканын сезет”, түшүп калганын, айтылбай кеткенин окурман өзү толуктап таап алат. Ушундай сүрөттөлүп түшүп, “ачылып берилбеген” нерселер хемингуэйлик прозанын көрүнө турган бөлүгүнө жетпеген, ага чоңурак көлөм, сыйымдуулук, маанилүүлүк ыроолоп турган анын экинчи катмарын түзөт. Ушул “подтекст” аталган экинчи катмар чыгарманын негизги маани-мазмунун өзүнө чөгөрүп-камтып турат. Бул эки катмар бири-бирине карама-каршы көрүнгөнү менен, өз ара тыгыз байланышкан; подтекст текст аркылуу ачылат. Хемингуэй подтекстти образдуу сүрөттөп, сегиз бөлүгү суу астында калып, бир бөлүгү гана көрүнө турган айсбергдин образ-шаңына салыштырылган. Ушул подтексттик ыкманы М.Гапаров да чыгармаларында устаттык менен пайдаланган.
М.Гапаровдун чыгармаларындагы диалогдор да хемингуэйлик каармандардын диалогдоруна жакын; каармандардын үзүл-кесил айтылган (телеграфтык) речтерине ой толготуп, ошол эле учурда кейипкердин интонацияларына көңүл бурсак, унчукпай калгандары, кыймыл-аракеттери, жасаган иштери сыяктуу сырткы эмоциялардын кыйыр көрүнүштөрү аркылуу алардын ички сырдуу дүйнөлөрүн табабыз; каармандардын сөздөрү алардын ички ой-сезимдери менен дайыма эле дал келбей турганы аларды жашырып, ичинде катып, кармап турары; а эгер ошол ой-сезимдер сөздөрдө кокус айтылып кетсе, анда каармандардын эркинен тыш, эрксизден (бейаң түрүндө) болору кармалат. М.Гапаровдун прозасы психологиялуу, бирок анын анча байкала бербегени, көзгө урунбаганы тереңде – подтексттик катмарда катылуу жатканында; аны ачып көрсөтүүгө туура келет...
М.Гапаровдун чеберчилиги жалгыз гана Хемингуэйдин стилдик чеберчилигин өздөштүрүүдөн жаралган эмес, жазуучу орус жазуучуларына – Чеховго, Тургеневге, Бунинге, Поустовскиге, Казаковго жана башкаларга таасирленген... Чыгыш адабиятын сүйүп, орто кылымдагы фрейлин жазуучулар Мурасаки-Сикибу менен Сей-Сенёгондун, башка Рюноске Акутагава менен Ясунари Кавабатанын чыгармаларынан, өзгөчө классикалык кытай, жапон поэзиясынан азыктанып, жапон поэзиясынын өзгөчөлүү касиеттери менен стилдик ыкмаларын өз прозасына өткөрүп, аларды чеберчилик менен кыйыштырган. “Хайкай” – жапондорго гана таандык спецификалуу көрүнүш (хайкайды Басё жараткан). “Хайкай” жанр катары өзүнө поэзияны, прозаны (хайбунду) камтып турат, бирок тар маанисинде хайкай поэзияны гана түшүндүрөт. Поэзияда хайкай эки формага ажырайт: хайку же өзүнүн строфалык формасы боюнча – хоккуга; рифмаланган үч саптарга. Хайкунун башкы өзгөчөлүгү – “сезүүдөн кийин” (ёдзё) деп жапондор атаган өзгөчөлүү кабыл алууга негизделген көрүнүш. Ушул касиет жапон искусствосунун көп түрлөрүнө (живопистеги айрым жеке мектептерге да) мүнөздүү. Бул түшүнүктү Европа же орус менталитетинде “суггестивдүү” дегенден башка өзүндөй так ак актап берер сөз жок; ошол түшүнүк гана хайкунун маңыздуу өзгөчөлүгүн түзүп – түшүндүрүп турат.