Рысбек Эшматов
«Атажурттун сокмо жолдору менен...»
Хайкунун милдети – көрсөтүп берүү же баяндап берүү эмес, а бар болгону ишарат берүү; мүмкүн болушунча толугураак сүрөттөп бербестен, а тескерисинче, мүмкүн болушунча азырак айтуу; теманын толук ачылышына стимул берүүчү деталды – образды, ойлорду, , сценаларды гана берүү – окурмандын кыял-фантазиясына (бул жапон поэзиясында “энгону” – ассоциацияларды механикалуу пайдалануу – колдонуу дегенди да түшүндүрөт). Жапон прозасы менен поэзиясынан М.Гапаров ушул ассоциативдүү стилдик ыкмада сүрөттөөнү үйрөндү. Айталы, М.Гапаровдун “Дарыялардын шоокуму” повестинде мындай пейзаждык – деталдык сүрөттөө кездешет; “Өрүктүн үй ичиндеги бөлүгүндө беш-алты майда чырпыгы бар. Алардын эң астынкыларын Гевар кемпир кесип, өзүнө туз баштык, чыны кап, супра илгич кылып алган. Калгандары кадимкидей өсүп турат. Алар – ажайып чырпыктар: кыш, суук дегенди билишпейт; шондуктан, жаз айынын алгачкы күндөрүнөн баштап эле, эшикте кар жатабы, муз жатабы – иши жок, өздөрүнчө бүрдөп, гүлдөп кирет...”
Бул пейзаждык деталь аркылуу автор окурманга ишарат берүү менен окурмандын кыял-фантазиясына “азык-жем” таштап жатат; а калганы окурмандын элес-кыялына – интуициясына, ассоциативдүү – образдуу кабыл алуусуна жараша болот... – ушул ассоциативдүү стилдик ыкма аркылуу сүрөттөлгөн образды окурман сезип – кабыл алгандан кийин, бул пейзаждык деталды балакат жигит Закирдин образына ассоциативдүү түрдө байланыштыра баштайт; ошондо мезгилдин шарты (согуш) баланы да өз мезгилинен эрте жетилтип, сүйүүсүн да эрте ойготуп жатканын автор ассоциативдүү символдук образ аркылуу – сырттагы аба ырайынын катаал шартына карабай, жагымдуу шартты күтө албай өздөрүнчө бүрдөп, гүлдөп киришкен өрүк гүлдөрүнө салыштыруу менен туюнтуп, жеткирип жатканы окурмандын аң-сезиминде ачылат.
Жазуучу ашыкча сөздөр менен, ашыкча баяндоолордон (башка жазуучу болсо балакат жигиттин кантип эсейип баратканын көрсөтүш үчүн, ага атайы сюжет арнап, окуя арнап, божурап жазып отуруп алмак...) ушинтип кутулуп, өз прозасынын сыйымдуулугуна ушундай жол аркылуу жеткен. Жазуучунун көркөм эстетикасындагы символдор да жок жерден жаралбайт; айталы, “Дарыялардын шоокумундагы” өрүк гүлдөрү аркылуу берилген ассоциативдүү символдук образ да Гапаровдун дүйнө таанымына, жеке өзүнө өмүрүнө байланыштуу жаралганын өз сөзү далилдеп турат: “Адатта жазуучу жаратылышты өзү көргөндөй, өзү каалагандай жазат. Бул анын туулуп өскөн жерине, таалимине, табитине жараша болот. Ар бир аймактын ажарын айкындап турган негизги белгилери, символдору бар. Шондуктан, менин көркөм символум – өрүктүн гүлү, шабдаалынын, бадамдын гүлү...”