аңгеме
Беганас Сартов: Эксперимент
Закирия азилкеч неме болчу. Тамашага шоотуп аркы беркини айтып, тааныштарына жолукса калжаңдай сүйлөп, кеби даамдуураак болсун үчүн кээде “өрдөктөрдү” да учуруп койчу. Бирок бир таң калыштуу нерсе – эмнени гана дөөдүрөп койбосун анын сөзүн уккандар жөндөн-жөн эле ишенип калыша турган. Кээде ал өзүнчө: “Кызык… Кокус мен башка планеттен келдим десем да ишенишер беле, бул эл дегени? Атагөрү, ушуну бир эксперимент жасап көрө турган экен, атагөрү” деп ой жоруптап калчу.
Закирия быйыл окуусун бүтөт. Азыр практиканын кыйгач учуу болгондуктан эртели-кеч Академиянын эшигинен кирип-чыгып, убактысы аз болуп, көчөгө сейрек чыгып калган күндөрү эле.
Эртең экспедицияга жөнөй турган Закириянын группасы бүгүн иштен эрте бошошту.
… Ал көчөдө басып келатып суусаганынан пивоканага кире калса, кезек күткөндөр көп экен. Эми бир кружка пиво үчүн бир саат кезекте турабы? Эң алдында турган жигитке калп эле тааныш немедей учурашты да, бир кружка пиво ала чыгууну өтүндү…
Экөө бир столдо пиво ичип отурду. Алиги жигит “мен муну кайдан көрдүм эле” дегендей бүшүркөй карап-карап отурду да, Закирияны сөзгө ала баштады.
-Экөөбүз бир жерден көрүшсөк керек эле?
Закирия пиводон жутуп, жөн салды айта салды:
-Автобустун аялдамасынан, же кинотеатрдын кассасынан, болбосо кыздардын жатаканасынын алдынан жолуккандырбыз…
Экөө тең күлүп калышты.
Закирия тиги жигитке жагып калды көрүнөт, көпкө сүйлөшүп калышты. Ошентип экөө эмнегедир белгисиз себептер менен тез эле дос боло кетишти. Анан бирин-бири ызаатташып узатып көпкө жүрүштү. Кеч кире баштады. Бейтааныш жигит бир маалда сөздөн сөз чыгып отуруп, Закириянын кайсы жерлик экенин сурап калды. Ошондо Закирия ойлонуп турбастан:
-Тияктан! Жылдыздан келген кишимин!
-Ооба! – Бейтааныш жигит күлдү бул тамашага.
-Кантип эле?
-Ошентип эле. Тетиги жылдызды көрдүңбү? – деп ал Марсты көрсөттү. Өзүнүн ойлору менен делөөрүп алган Закирия өзүнүн экспериментин жасап көрмөк болду. – Аны Марс деп аташат. Мындан көп жыл мурун менин чоң атам ошондон Жерге учуп келген, албетте изилдөөчү катары. Бирок жерге конгондо кемеси бузулуп калып, кайра кайта албайт. Ошентип жердеги турмушка ылайыкташат. А кишинин көз жумганына көп болду. Бирок мен кичине кезимде, өзүнүн Марсы жөнүндөгү жомогун чоң атам көп айтчу, мага.
Бейтааныш жигит Закирияны эси чыга карап турду: “Ооба! Улуу Жазуу да белгилүү: Жерге келген Марстык кемеден бири да кайтчу эмес. Бирок эксперимент үчүн илимий экспедиция жерге дайым жөнөтүлүп турчу. Мүмкүн бул дөөрүгөн неме, биздин тукумдан болуп калышы ыктымал…”
-Эй, сен чын айтасыңбы?
-Өлүп кетейин! – Закирия “өлүптү” “өнүп” деп күңкүлдөгөнүнө өзүнө-өзү ыраазы боло түшүп, жыргап күлүп калды.
Бейтааныш жигит Закириянын сезимин кытыгылай баштады.
-Марска барбайсыңбы анда?
-Барат элем, бирок убакыт жок, – Закирия аңгырап күлдү. – Анын үстүнө өтө эле алыс. Жолдо зеригесиң да…
-Мен сени зериктирбей алпарсам барат белең?…
Закирия тигинин тамашасына ыраазы болду:
“Кап, карачы, мунун атайын жасаган эксперименти ордунан чыкпай калганын…”
-Кыздар барбы? О, болду анда, барам…
Бейтааныш жигиттин тамашасы Закирияга аябай жакты:
-Барам, “өлүп” кетейин барбасам, – деп адатынча мурдунан сүйлөдү.
-Жүр анда.
Алар өзөн жакка басышты. Экөө каткырып күлүп, ойноп баратышып, Закирия токойго кантип тереңдеп кеткенин билбей калды. Бир кезде бейтааныш жигит токтоду да:
-Кана, менин кемеме түш, – деди.
Закирия бул тамашакөй жигитке өтө курсанттыгын билдирип күлкүсүн чачты:
-Ой калпычы, кана кемең?
Алардын алдында бош гана аянт жаткан.
-Келе колуңду. Мени ээрчип бас!