аңгеме
Беганас Сартов: Эксперимент
… Закирия нес боло түштү. Анткени, ал бейтааныш жигитке колун берип, бир кадам шилтеген соң эле, космикалык кеменин ичинде турган болчу! Апкаарый түшкөн Закирия экрандан тышты карады.
Иңирге чөккөн өзөн… Калың токой толкуну…
Закирия экрандан жүзүн тартып алып, айланасын карады. Көзгө чоочун, сансыз тетиктүү космикалык кеменин башкаруу пульту… Бейтааныш досу! Алар көз караштар менен арбашып калышты.
Марстык өзүн тез эле колго ала койду:
-Закирия, мен сага лекция окугум келбейт. Кыскача гана айтарым бул: түшүнүктүү жигитсиң, менин ойлорумду туура баамдай аласың го деп ойлойм. Марс – Күн системасындагы өнүккөн планеталардын бири. Адамзаттын милдети – өз бешигинен башка, бөлөк планеттердеги Аң-Сезимдин Бир Тууганы менен карым-катнаш түзүү эмеспи! Биз бул максатта жашоо бары-жогун билүү үчүн, бар болсо акыл-эстин кайсыл даражасына чейин өсүп жатканын тактоо үчүн көп мезгилден бери илимий экспедиция уюштурабыз. Бирок, ушу кезге чейин Марска бир да кеме кайта элек. Мен өзүмдүн билимиме жана эсептөөлөрүмө таянып Марска кайтам го деген ишеним бар. Жердин турмушу жөнүндөгү илимий баяндамама толуктоо керек. Ал толуктоо үчүн жерлик бир адамды ала кетүүм өтө зарыл. Сен жергиликтүүлөшүп калган марстыктын тукуму экенсиң. Сен мени менен кетүүгө эки тараптуу милдетиң бар.
Закирия түш көрүп жаткансып сүйлөдү:
-Ой, эмне дейсиң сен?!
-Дос! Биз, адамдар – баарыбыз тең улуу эксперименттин, Күн системасындагы планеталардын цивилизациясын бири-бирине билдирүү керекпи, же жокпу деген проблеманын үстүндө экендигибизди унутпа! Же чоң атаң бул тууралуу айткан жок беле?
-Каяктагы чоң ата! Мен деги өмүрүмдө чоң атамды көргөн жан эмесмин. Менин ата-бабамдын жети атасынын бүткүл ата-теги тең жерлик… Кой байке, Марсыңды. Тамаша бүтсүн, мен кетейин. – Закирия жылмаюуга аракет кылды. – Сен өлгөндөй тамашакөй экенсиң. Кейпи иллюзионист, же көз боочу болсоң керек?.. Же циркте иштейсиңби?
-Закирия! Оңолуп сүйлөчү?
-Кандайча кыйшык сүйлөп жатам?
-Чын эле чоң атаң марстык эмеспи?
-Чын… Өлүп кетейин (Бул жолу ал “өлүп кетейинди” таптап сүйлөдү!).
-Нагыз жерликсиңби?
-Ооба!
-А жерликтер Марста жашоо бар экенин билишеби?
-Илимий гана болжол бар.
Марстык жигит ойлонуп туруп, өз чечимин айтты:
-Эмесе мындай: Сен өз планетаңдын өнүгүш эволюциясын биздин окумуштууларга айтып берүүң керек. Тактап айтканда, сен Марска барсаң – сенин протоплазмаң боюнча анализ жүргүзүшүп илимпоздор керектүү маалыматты өздөрү эле билип алышат. Жердеги цивилизациянын эволюциясын аныктоодо – сенин Марска барышың – Күн системасындагы адамзат коомунун арымын алга жылдыруудагы эң зор салым болуп эсептелет. Сенин эмгегиң дал мына ушунда!
Закирия эмне дээрин билбей калды. Марстык жигит көздөрү жалжылдап, үнү бир түркүн кубулуп кетти:
-Тартынба, Акыл-Эстин Бир Тууганы! Сен кол кабыш кылган эксперимент эки планетанын келечектеги чоң тагдырларын чечет. Илимдин чындыгына жетели. Чындык үчүн, жемиштүү улуу эксперименттер үчүн, ааламдагы адамзаттын болочок жыргалчылыгы үчүн, биз – адамдар, илимге кул болууга тийишпиз!…
Марстык жигиттин манжалары старт берчү кнопкага жакындай баштады.
Закирия анын колун, анан кнопканы карады да, экранга жүз бурду. Тышта анын калбаат Жери түн пардасына чөгүп жаткан. Асманда жылдыздар жылтылдап… асман фонунан сол капталында Марс жаркырап турган.
Тымтырстык… Эки планеттин адамы бири-бирине укмуштуу көз караштар менен арбашып турушту…
… Ошо кечте дагы бир жылдыз артына чолок из калтырып аалам фонун чийип өттү…
1971-жыл