МАР БАЙДЖИЕВ
БИР КЕМПИР

Эгерде ошондой канаттуу мезгилиң болбосо, же жүрөгүңдүн илебине кулак салбай, чоркоктук кылып, ошол мезгилиңди өткөрүп жиберсең – жарык дүйнөдө жашадым деп ойлобо. Анткени, калган өмүрүң жай-баракат бырыксып түтөгөн кыкка барабар. Сенин таенең – менин кара чечекей энем – өмүрдүн ушундай жалындуу учурун эч качан билген да сезген да эмес. Ал өмүр бою кара жанын карч уруп, турмуш менен алышып келди. Анын өмүрү бир сындырым нан үчүн күрөшүү болду. Анын башы түйшүктөн эч арылганы жок, кезегинде курбу-курдаштары менен, күйөөсү менен да күлүп-ойноп, чер жазган жок. Эртеден кечке дейре күйпөлөктөп күндөлүк оокат менен алек, тезек көтөрүп, от жагып, балдарын багып, мас болуп келген эри менен урушуп-талашып, таяк жемей. Өмүр бою жокчулук, бир сомдун көзүнө карап, бир ууч данды үнөмдөп келди. Үйүмдө беш-алты ак шейшебим болсо деп ар дайым кыялданса да үчтөн ашык шейшеби болгон жок. Ал төртүнчү шейшепти сатып алганча, эскилери жыртылып калчу. Бир жолу эле эки -үчтү сатып алайын десе, эртеси нансыз каламын деп коркчу»…
Кат өтө узун – бир нече баракка жазылыптыр. Энеси катында: азырынча бирөөлөрдүн үйүндө турам, квартира ала элекмин, конфет жасай турган фабрикада иштеймин дептир.
Кыз каттын бардык сөзүнө түшүнбөсө да, баштан аяк окуп чыкты. Энеси бир нерсе жазганга шыктуу болучу. Анын сыя менен гүлдөрдүн сүрөттөрү тартылган, жылмакай мукабасы калың дептери болоор эле. Энесинин ал дептерин кыз далай жолу ачып, ырларын окуп көргөн. Анда жазылгандардын ар бир сөзү түшүнүктүү болгону менен, алардын жалпысынан кандайдыр жашырын сыры бардай сезилчү. Бул каты да ошондой экен: бардыгы түшүнүктүү өңдөнүп турса да, бүдөмүк жерлери көп. Энеси кызын, энесин, күйөөсүн таштап шаарга качканы – бул тажаалдык да, эссиздик да эместей көрүнөт. Мында кандайдыр бир татаал маани бар сыяктуу. Аны энеси да, күйөөсү да, айылдыктар да түшүнгөн эмес окшойт. Мүмкүн атасы түшүнсө да аны кетирбей калууга дарманы жеткен эместир. Кандай болсо да энесинин жанагыдай жорукка барганын бөтөнчө бир себептер болгону шексиз.
Энеси катка өз турмушуна ыраазы болгонсуп жазыптыр, бирок чынында конфет фабрикасында иштегени менен анын турмушу анчалык ширин эмес экендигин кызы толук сезди.
Кыз катты этияттык менен бүктөп, койнуна салды. Ящикте конфет, жылуу байпак жана ич кийимдер, болотнай шейшептер бар экен. «Сага кызыл шапке алып койдум, аны кийин салып жиберем – таенең көрүп калса, отко ыргытып жиберет. Көйнөк менен байпакты таенеңе көрсөтпөй кийгин. Акча тийгенде сага буурчактай кара темгилери бар ак ичик алып коем. Аны кирдегенде жууса да болот экен. «Төрт шейшеп – таенеңе, аларды эски сандыктан таптым деп кой», – деп жазыптыр.
Таенесинин шейшептери эскиргенинен саргарып кеткени кыздын эсине түштү. Аны азыр эле, кемпир уктап жатканда алмаштырып койгусу келди. Кылдаттык менен эски шейшептүү жылуу жуурканды сыйрып алды. Таенеси бирдемелерди кобурап, төрт аягын бүрүштүрүп үшүгөн күчүккө окшоп калды. Анан ал жаңы болотнайдын жытын сезип, көзүн ачып, шейшепти сыйпалады.
– Эй! – деп чакырды.
Кыз жооп каткан жок.
– Мисирейген, өлүк – тиригиңди көрөйүн! Шейшепти кайдан алдың?
– Эски сандыктан, – деди кыз.
– Эски сандыктан? О акмак десе? Мен аны өзүмө сактап жүрбөдүм беле!
– Сактап жүрсөң, өзүңө жаппадымбы… – деди кыз.
– Ал! Мени көргө саларда кайсы кепинге оройсуң? – деди кемпир.
Кыздын көзү алая түштү. Кемпирдин бети ичкерип, тумшугу шуштуюп, көк ала чачы-башы саксайып, коң каргага окшоп кетти.
– И, эмне селдейип туруп калдың? Сал сандыкка! Ак кездемени эмне кескиледиң? Мисирейген өлүк – тиригиңди көрөйүн, ээн баш! – деп какылдады.
– Кескилегеним жок…
– Он метр болчу… Он беш жылдан бери сактап жүргөм. Кур дегенде тиги дүйнөдө таза шейшепке жатайын дегем.
Эски сандыкта бир ак оромол сакталып жүргөнү кыздын эсине түштү. Энеси ага: «бул таенеңдин себи», -деген болучу. Ал эмнеге арналганын эми гана түшүндү: көрсө бул үйлөнүүгө эмес, көмүүгө арналган сеп турбайбы. Кыз сандыкты ачып, ак дакиге кыпыйтып ороп, сыртынан жип менен таңып койгон оромолду алып келди. Кемпир аны колу менен сыйпап көрүп, «сеп» жайында экендигине көзү жеткенде гана көңүлү тынды.