ПОВЕСТЬ
Чыңгыз Айтматов: Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт
Карыянын муну айтканы жакшы болуптур, учурунда эскертип койгону жакшы болуптур, көп өтпөй пайдасы тийди. Кичине бастай түшкөн толкун кайра күчөп келди, караңгы түн, кара туманда калган адамдардын алсыз, аргасыздыгына өчөшкөндөй жиндеп келди, азганакей бастай түшкөнүнө адамдардын алданып, көңүлдөнө түшкөнүн табалагандай албууттанып келди. Көрүнбөй келип, туш келди соккулаган толкундарга Органдын кайыгы чамындыдан беш бетер чар көпөлөк айланды. Толкун серпини капталбоорун качырата ургулап, аша чаап ичине куюлуп жатты. Кайык кырына чейин сууга батып, чөкмөй болду. Орган эмгектеп жүрүп, ожоо менен жанталаша суу сузуп төксө да болбой кайра толо берди. Ошондо калакчылар жан кашая ачуу кыйкырды:
– Ыргыт баарын! Чөктү-үк! Ыргыт!
Кириск чыңырып ыйлап жиберди, бирок аны уккан жан болбоду, эч кимде аны караар арга жок эле. Бала кол бочкени бооруна баса кучактап, кайыктын коңулуна бүктөлө жатты. Ыйлагандан тула бою солуктап, муштумдай болуп жыйрылып жатты. Кандай балээ болсо да кол бочкеден ажырабаш керектиги эсинде. Чөгүп баратышканын билип жатты, билсе да Органдын айтканын кылып, эси-дарты кол бочкени сактоо болду.
Сууга кап ортосунан аша аптыгып батып бараткан кайыкты эмне болсо да сактап калуу керек эле. Калак шилеп Мылгун калды, кайык оодарылып кетпестин аракетинде ал жанталашып жатты. Орган менен Эмрайин экөө кайыктагы бар болгон дүнүйөнүн баарын сыртка ыргыта баштады. Башка арга калбаган. Деңизге эки бирдей винчестер мылтык, ором-ором аркандар, гарпун, дагы башка буюмкечелер, атүгүл Орган чалдын тунуке чайнеги да кетти деңизге. Баарынан кыйыны нерпанын эти болду. Суу чайып чылпылдаган оор тулку ордунан жылар эмес. Аны кайыктын түбүнөн оонатып алып, кайыктын кырынан алыс оодарып жибериш керек эле. Тобокел кылып бел байлап алыстан суу кечип келгендеги олжону эми таштабаска чара жок. Күшүлдөп-бышылдап оозго келген балит сөздөн аянбай сөгүнүп, экөө өлдүм-талдым дегенде тайдай нерпанын этин кайыктын кырына чыгарып, андан ары оодарып жиберишти. Ушул буркан-шаркандан кайнап жаткан деңиз бетинде, толкундар арасында да нерпадан кутулган кайык жеңилдей түшкөнү сезилди, кайкаң этип калкып чыга түштү. Анык ажалдан куткарып калган айла да ушул болду белем...
Башкалардан мурун Орган ойгонду. Теребелин чылк каптап турган дайынсыз боз ээндикти элеңдей карап, оболу өзү каерде экенин, тегерегиндеги көз тешип төрүн көргүс, кыймылсыз дүйнө кайсы дүйнө экенин аңдай албай эсеңгиреп бир аз отурду. Бу дүйнө чалкар океандын учу-кыйырын доошсуз, кыймылсыз жана козголбос болуп басып турган Улуу туман болучу. Улуу туман улуу сүкүттө орноп жаткан кези эле...
Аз-аздап айланага көзү үйрөнгөндө Орган обол мурун кайыктын сүлдөрүн, анын ичинде жаткан адамдардын булаңгыр караандарын көрдү. Калактарынын жанына Эмрайин менен Мылгун сулаптыр. Түндөгү алпурушкан кармашуудан тырп этер алы калбаган бул экөө майданда окко учкан жоокерлердей отурган-отурган жерлеринде кулаптыр, тек сызылып чыккан үзүк-үзүк тыным алганына карап тирүү экенин билесиң. Абышканын аяк астында кол бочкени кучактаган калыбында бүк түшүп Кириск жатат. Уктап жатса да үшүгөнүнөн калч-калч этет. Органдын боору ооруду, бирок жардам берер арга таппады.
Түнкү шумдуктан эсеңгиреген абышка куудай башы салбырап, кайыктын соорусунда мүргүп отурду. Тула бою зыркырап сыздап ооруйт. Шадылуу узун колдору жансыз салаңдайт. Узак өмүрүндө не бир кыйын кезеңди башынан кечирсе да, мындай шумдуктуу тозокту көргөн эмес. Азыр болсо өздөрү кайда экенин, кургак жерден алыстабы, жакынбы, деңиздеби же түнкү шамал аларды ачык океанга айдап чыгып салдыбы – эч бирине акылы жетпей отурат.
Азыр күндүн кайсы маалы экени да белгисиз. Жылчыксыз басып, кыймылсыз дымып алган бу туман ичинде күн менен түндүн ажырымы билинбейт. Адатта түндө башталган деңиз шамалы таңга маал басылчу эле, андай болсо азыр күндүзү болуш керек. Балким, түш ооп калган чыгар. Кудай бир жалгап тирүү калгандарына кубанса да, не деген менен Органдын шылкыйып ойго батар жөнү бар эле. Колдо бардын баарынан айрылышты, келгин соодагерлерден жалынып жатып жүздөгөн кундузга айырбаштап алган винчестер мылтыктарына чейин кетти деңиз түбүнө! Эми эки жуп калак менен кол бочкедеги бөксөргөн суу калды. Алдыда кандай тагдыр күтүп турганы белгисиз.