ПОВЕСТЬ
Чыңгыз Айтматов: Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт
Ырас, тиги калакчылар ойгонушуп, эсин жыйган соң ийри отуруп, түз кеңешер. Бирок ошондо деле кайсы багытка сүзүүнү ким айта алат? Бул бир. Экинчиден, түн кирип, туман тараса, асмандагы жылдыздар менен багытты баамдап алууга болор. Бирок дагы канча убакыт сүзөрдү ким билет? Жол алыспы, жакынбы, аны ким билет? Ал-кубат, чыдам жетер бекен, жетпесе кантишет, аны ким билет? Баарынан да бу туманды айтсаңчы, не деген тажаал туман? Деңиздин бетин чылк каптап, былк этпестен басты да койду. Түбөлүк катып калгандай. Чын эле бардык жер ушундайбы, бүт дүйнөнү көр туман биротоло басып алганбы?..
Чылым тарткысы келди, суу ичкиси келди. Бирок чылымды ойлоп куру бекер кыжаалат болуунун кажаты жок эле, анткени каткан тамекисинин баары былжырап суу болгон. Канжасы кайда калганы да белгисиз. Сууну кантет? Тамакты кантет? Орган муну ойлоодон коркту. Азырынча чыдай турар, азырынча муну ойлоп жан кейитүү болбос...
Деңиз бети тынч. Кайык бир ордунда болор-болбос чайпалат. Аны айдаган толкун жок, бир жакка сүзө турган ою да жок. Сууга ташталган калактар да кыймылсыз калкып жатышат. Эмрайин менен Мылгун байкуштар калактарды кайыктын кырына чыгарып коюуга да дарман келбей тырп сулаган экен.
Леп эткен жел жок, өлүк туман ичинде өлүк тынчтык орноп калган. Деңиз жатат тунжурап, туман тура тунжурап, ашыкканда эмине... ашыгар жак белгисиз...
Муңая башы салбырап, абышка кайра уйкуга кетти. Бир маалда аны Кириск ойготту.
– Аткычх! Аткычх! – деп жулккулап жатты бала. – Суу ичкибиз келип атат.
Орган селт чочуп ойгонуп, маңдайындагы үч тууганы аксакал деп андан акыл күтүп жалдырап отурушканын көрдү. Суу бөлүштүрүүнүн азабы эми мойнуна түшкөнүн Орган түшүндү...
Туман баягысындай эле чылк каптап, кыймылсыз, Деңиз баягысындай эле тунжурап тынч жатат. Күндүн калган мезгилин алар дайынсыз, шашпай сүзүп жүрүп отурушту. Бараткан максаты белгисиз, багыты белгисиз.
Кайыктагылар эсин жыйып, жагдайын түшүнгөн соң бир орунда жалдырап тура бериш да болбоду. Ошентип сүзө беришти. Каякка сүзүп баратышканын билбейт, балким, жерге жакындап баратышкандыр же кайра жерден алыстап кетип баратышкандыр. Канткен менен баш ооган жакка кете бериштин өзүндө аракеттин үмүтү бар эле.
Туман суюлар, ошондо бир айла табылар деген үмүт жетеледи. Туман суюлгудай болсо, жадегенде түнкүсүн жылдыздарды көрүшөр, ошондо жол көрсөтөр жылдызды карманарбыз деген үмүт жетеледи. А балким, кайсы бир аралга барып такалар. Андай болсо кийинкиси оңой эмеспи. Ошентип алар азырынча туман сүңгүп, дайынсыз сүзүп баратты.
Ошондой абал болсо да Орган карыя кайык ичинде тартипти бекемдеди. Аяк астында чылпылдаган саркынды сууну кайык түбүнөн сузуп салышты. Бала үшүбөсүн, тезирээк кургансын деп Кирискени бооруна кыса жанына отургузду. Ичер суудан баарына тең бөлүп берди. Түндөгү алааматтан кийин алдан тайгандар кана жутуп алсын деп, бу жолу баарына аз бөксө ожоо суу берди. Анан катуу эскертип койду: мындан ары Орган өзү туура тапкан учурда гана, Орган өзү канчадан куйса ошончо гана суу ичишерин айтты. Ошентип маселенин башын ачып, кол бочкени чайкап койду. Суу жартылай эле калган экен.
Өчөйүн деген үмүткө кээде капилет кубаныч жарк этет. Азыр да ошондой болду: кол бочкени алып суу куйганы жатканда анын далдасында, кайыктын куйрук астындагы коңулунда нерпа терисинен тигилген дорбо көрүндү. Ичинде туздалган балык бар экен. Күлазык салынган капчыктары түндө башка буюм-кечелер менен кошо сууга ыргытылбады беле, Мылгундун катыны дайындап берген бу дорбо болсо Кириск кол бочкени жанталаша бооруна басып жатканда астында кошо калган белем. Дорбодогу туздуу балык деңиздин туздуу суусуна ого бетер чыланып, оозго алгыс болуп калыптыр. Ошентсе да тамак эмеспи. Эгер ичер суу менен болсо бу балык да тамак болчудай. Бирок суусатарынан коркуп азыр балыкка эч ким жутунган жок. Туман качан тарайт деп, баарынан күткөнү ошол...
Кыймылсыз-үнсүз туман ичинде калактардын ашташы гана муңдуу чыйкылдайт. Мобу улуу жымжырт ичинде бу чыйкылдак адашкан адамдын жардам сурап:
– Кайдамын, кайдамын? Кантип табам, кантип табам жолумду? – деп жалына онтогонундай угулат.