повесть
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ
Элбир-желбир этеди.
Аскерге кеткен атамдын
Бир кабары келеби?» – деп, какшап турса, кимдин жаны карайбайт да бүлүк салган душманга: «Сени канабы!» деп, ким кекенбейт. Ал эми шум кара кагаз келгенде, аскерге кеткендеринен ажырап, бир күндө айылдын эки-үч жеринен өкүрүк, ый чыгып жатса, адамдын каны ошондо кайнап, согушта жалбырттаган өрттүн табы жүрөгүмдү тирүүлөй куйкалаганын ошондо билет экенсиң! Так ошол күндөрү бригадирликте жүрүп, элдин жамандык-жакшылыгын теӊ бөлүшүп, көпчүлүккө эптеп баш-көз болуп жүргөнүмө, азыр да сыймыктанам, азыр да ыраазымын. Ал болбосо, балким, мен алда качан майышып, алда качан мөгдүрөп, алда качан согуштун тепсендисинде калмак элем. Кылычын сууруп келген жоого бир гана даба бар турбайбы: даба – күрөштө, эмгекте турбайбы. Мына ошондуктан, отон талаам, иш арада чаап келип, унчукпастан тиштенип, аттын башын кайра бура тартып, унчукпастан чаап кетип жүргөнүмдүн себеби ошол эле. Эсиңдеби, Жер, Касымдан кат келгендеги күн?
– Эсимде эмей, Толгонай. Сен тээ көчөдөн чыга бергенде эле, күрткүнү, арыкты карабай, аттын башын коё берип, чаап келе жатканыңда эле билгем. Сен ошондо аңызда кык төгүп жүргөн келиниң менен кичүү балаңды сүйүнчүлөп келгенсиң, Толгонай!
– Сүйүнчүлөбөй анан! Эки ай катары менен өлүү-тирүү дареги жок Касымымдан аманмын деген бир ооз кабар келип турса, мен сүйүнчүлөбөй, ким сүйүнчүлөйт эле! Москванын алдындагы чоң салгылашка эки жолу кирип чыгып, экөөндө тең аман-соо согушуп чыктым, немистердин мизи кайтып, туруп калды, биздин полк азыр дем алууда дептир. Алимандын, ошондогу кубанганы ай! Арабадан ыргып түшүп, Жайнактан мурда озунуп, «Энеке, оозуңа май, кагылайын энеке!» – деп, жетип келди да, катты кармаган колдору калтырап, эчтекесин окуй албай: «Аман! Аман-эсен!» – дей берди. Жанаша жерде кык чачып жүргөн келиндер жүгүрүп келишип, «кана, окучу Алиман, күйөөң эмне дептир!» – дешсе, «азыр, айланайындар, азыр!» – дегени менен окуй албай койду. «Мага бере турчу, жеңе. Элге окуп берейин», – деп Жайнак катты алды да, угуза окуду. Алиман ошондо эмне үчүндүр отура калып, ысып чыккан чекесине чеңгелдеп кар басты. Кат окулуп бүткөндө, ал өйдө турду да, бетиндеги кардын эриндилерин сүртүп да албайт, албырган бети суу бойдон, же ыйлар, же күлөрүн билбей, түш көргөн жаш балача жылмайып: «Жүргүлө, эми иштейли!» – деп койду. Ошентип алып, өзү шашылган жок, айлана-тегерегин жай каранып, кар кечип жай басты. Эмне ойлонгонун кайдан билейин, менимче, жайында ушул талаада Касымга суусун ала жүгүргөндөрүн эстедиби, балким, аны аскерге кетерде комбайн менен коштошкону көз алдына келип тургандыр. Капырай, келинимдин сыры ичине жатпай, эмне болсо да бүт эле жүзүнө чыгар эле. Ушундай адамдар болот эмеспи. Алимандын көздөрү ошол учурда сүйүнүп да, муңканып да, алда кайсы сонун көрүнүштөрдү эстегендей, күлмүңдөп, эркелеп, чоң жолдо жаандай төгүлгөн сары жоргонун алыстаган чаңын узата карагандай, мөлтүрөгөн жаш алып, койчу, келинимди түркүн ой, түркүн сезим сел сыяктуу каптады окшойт. Жайнак тамашакөйүм аны жөн койбой жеңинен тартып: «Э, жеңе, эсиң ооп калган го! Алың ушул экен, катты окуй албай, элге күлкү болду деп, Касымга жазып жиберейин. Аялыңды кайра мектепке бергени жатабыз дейин!» – деди. Алиман аны жонго муштагылап, алар кубалашып кеткенде, мен дагы күлдүм. «Мейли! – дедим ошондо ичимден, кайраттанып... – Жоону жоо гана басат! Касымдын согушка кирип, көп катары немис менен салгылашып чыкканы ырас болуптур. Менин балдарымдай жигиттер эл коргобогондо, ким коргойт эле. Айтор, аман эле болуп, душманды талкалап, жеңиштүү кайтып келсе болгону. Андан башкасынын баарына чыдайбыз, мейли, ит азабын тартсак да, эртерээк жеңсек экен! Кудай-ай, эртерээк жеңсек экен!» – деп тиледим. Бул менин гана каалоом эмес, көптүн тилеги, улуу тилек болгон соң, аны үчүн баарына макул болот экенсиң. Үйдө калган жалгыз кенжем, Жайнагым, он сегизге жетер-жетпей аскерге кеткенде: «Жа, эми башка салганды көрөбүз!» – деп гана ичимден тынып тим болдум.