повесть
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ
«Эй, жерден чыккан албарсты, сениби!» – деп, жылкычылар укуругун үйүрө кууп беришчү.
Нечен миң кой туяктары мөндүр ургандай дыбырап, ушул жол менен өтө турган. Алардын соңунан бай айылдардын көчтөрү жүрүп, жорго минип, кызыл-тазыл кийинген кыз-келиндерди көргөндө таң калып, суктана карай турганмын. Көпкө чейин алардын артынан ээрчип жүгүрчүмүн. Чиркин, ушундай жоолук салынып, ушундай көйнөк кийсем ээ – деп ойлочу элем.
– Ырас, Толгонай. Сен анда жылаңайлак, жылаңбаш жатакчынын кызы элең. Бирок андай шайыларды кийбесең да, бой жеткенде кандай сонун кыз болдуң. Ак саргылынан келген, маңкайган, толукшуган кезиң. Сен анда көлөкөңдү каранып басчусуң. Өзгөчө эртең мененки көлөкөң так озүңдөй сымбаттуу, жеңил боло турган.
– Анда мен он жетидеги курагым. Ошол жылы орок тартып жүрүп, Субанкулга жолукпадымбы. Субанкул Таластын жогору жагынан жалданып келбеди беле. Азыр көзүмдү жумсам, Субанкулдун ошондогусу элестелет. Жапжаш, он тогуз жыйырмалардагы жигит, өзү ичке көрүнгөнү менен, колдору тарамыштуу, сом темирдей салмактуу эле. Жылаңач этине кийген таар күрмөнү дайыма желбегей жамынып жүрчү. Жанаша жерден шарт-шарт орок тартып жүрсө, адамдын жүрөгү кубанат – ар кандай ишти сулуу иштеген азаматтар болот эмеспи. Субанкул ошондой болчу. Ал бат эле узап кетчү, мен деле орокко белдүү элем, ошентсем да артта калып калам.
Субанкул кайрылып келип, менин тешеме түшкөндө, ызалана турганмын: «Сени бирөө жардам берсин деп чакырдыбы? Кетчи деги ийрендебей, өзүм эле бүтүрөм!» – десем күлүп коюп, унчукпай иштей берчү. Эмнеге арданат болдум экен ошондо? Көрсө, эркелеп жүргөн экемин...
– Силер ошондо дайым элдин алды болуп келчү элеңер жумушка, Толгонай.
– Чын. Эл тура электе, таң ирең-бараңда Субанкул экөөбүз ээрчишип кетчүбүз. Ал мени бери жактан тосуп күтүп турчу. Ошол күндөр, ошол тамылжыган таң атуулар биздин сүйүү күндөрүбүз экен. Биз ээрчишип келе жатканда, дүйнө башкача көрүнүп, башкача сезиле турган. Эл-журтка нан берген айланайын, дыйкан талаам, бозоруп саргарып жатсаң да, албырган таң эртелерин деңиздей төгүлүп, кучагын жая сенчелик эргип, сенчелик жоомарттанып ким тосуп алалат! Ошол таң эртелерин сага тең орток болуп биз тосчубуз, ошол таң эртелерин сага тең орток болуп торгой тосчу. Көркү жупуну боз чымчык көкөлөгөн бийиктикте тыным албай канат кагып, дырпырап, томуктай болсо да, адамдын асманга учуп чыккан жүрөгү сымалы, не бир назик, не бир толукшуган күүлөрдү төктүрүп, безеленип сайрай турган. «Ана, биздин торгой сайрады!» – деп коёр эле Субанкул. Кызык, торгойду да биздики деп алган экенбиз. Көмөкөйүңдөн айланайын, торгоюм...
– Ырас, Толгонай, ошол торгой силердин торгоюңар болучу.
– Эсиңдеби, жер, баягы айлуу түн? Балким, жаратылышта экинчи андай түн болбос. Ай жарыгында орок тартабыз деп, Субанкул экөөбүз калып калбадык белек. Тээ карайган борчуктан манаттай болуп ай чыкканда, жылдыздар дагы асман бербей жабыла көз жарышты. Ошондо биз уваттын[1] четинде, Субанкулдун таар күрмөсүн төшөнүп, арыктын кашатын жазданып жатканбыз. Ошол түнү биз өмүрлүккө шериктеш жар болуп кошулдук. Субанкулдун чоюндай колу көкүлүмдү сылап, маңдайымды, бетимди эркелете сылаганда, кан жүгүрткөн, туйлаган жүрөгү алаканынан сезилип жатты. Мен ага эреркеп: «Субан, кандай дейсиң, биз бактылуу болобуз, ээ» – десем, эсиңдеби, баягы айткан сөздөрү. «Жер, суу элге тең болсо, биздин да айдоо жерибиз болсо, биз дагы эл катары жер жыртып, эгин сээп, кырман бастырсак – бак-таалай ошол. Андан артыктын бизге кереги эмне, Токон. Дыйкандын энчиси – сепкен эгининде» – дебеди беле. Анын айткан сөздөрүнө эмне үчүндүр ушунчалык кубанып кетип, мойнунан бекем кучактап, туурулган эриндерин жан ынтаам менен өпкүлөдүм. Анан биз арыктагы сууга киринип чыктык да, ордубузга келип, тек гана кол кармашып, унчукпай асманга тигилип, рахаттанып жаттык.
Үлпүлдөгөн түнкү шоокумда салкын тартып, жер, сен дагы ошондо биз менен кошулуп жыргап жаттың. Желп-желп этип мээлүүн керимсел жүргөндө, шимүүрдүн асел жыты, шыраалжын менен эрмендин кермек жытына аралашып, аңызга жайылып, буудай арасы шуудурап, кылканына илинген ай жарыгы алтын көлдөй кубулуп чайкалып жатты. Ошол түндү бизге жаратылыш атайлап арнады бекен? Түн ортосунда тээ жылдыздуу төбөнү карасам, саманчынын жолу ааламдын бир четинен экинчи четине керилип жаткан кези экен. Субанкулдун айткандары эсиме түшүп, кыялымда асмандын ошол күмүш жолу менен кандайдыр бир зор дыйкан кере кучак саман көтөрүп өткөн экен го, анын мол кучагынан себеленип түшкөн дан, топон береке төгүлгөн из чубатып кеткен турбайбы. Тилегибизге жетсек, менин да Субанкулум ушундай саман көтөргөн дыйкан болсо, кырмандын бетинен биринчи иргеп алган саманды кучактап басканда, так ушундай береке төгүлгөн жол чубап калса деп, ойлонуп жаттым. Жер-энем, биринчи жолу сага ошондо кайрылдым. Эсиңдеби менин айткандарым?