повесть

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ

повесть

– Билем, Толгонай, билем. Келиниңе мурдатан айтпай жүрүп, кийин айтканыңда бетиңди карабайт болчумун, Толгонай.

– Ырас аның. Кандай болуп кеткенин азыр да билбей калдым. Айлыбыз жол боюнда эмеспи, жайлоого мал айдагандар, кыштоого түшкөндөр дайым биздин аңыздарды аралап өтүп жүрбөйбү. Жер ортосу деп малын жайып, эки-үч күндөй туруп да калышат.

Кырк алтынчы жылдын күзүндө төмөнкү айылдык бир чабан чоң сайда коюн айдап жүрдү. Аскерден келген жигит көрүндү, боз шинелчен, тонун бөктөрүп, мылтыгын асынып, нары бери бастырганына анча назар да салган эмесмин. Айылда кимдир бирөө той берип калды да, көк-бөрү чабылып, алиги чабан улакчы жигит экен, улакты биздин дарбазанын астына алып келип таштады. Короодон жүгүрүп чыгып, ошондо көрдүм аны. Ойсоңдогон сур күлүктү туйлатып, шымаланган шамдагай неме экен. Эмне үчүндүр башка сөз оозума келбей: «Ой, бул эмнең, балам?» дептирмин. Ошентсем: «Үйдө ким бар?» – деди. «Ким керек эле?» – дедим. «Колумдан түшүп калды»–  деди да, улакты эңген бойдон, такымга басып чаап кетти. Аңгыча көкбөрүчүлөр жетип келип, артынан жабыла кууп жөнөштү. Ушуну менен мен ал чабанды экинчи көргөн жокмун. Бирок анын кылганына абдан бушайман болдум. Бул эмне дегени: алып келгенден кийин таштап кетпейби, улак түшкөн үйдүкү – салт эмеспи, же чын эле колунан түшүп калдыбы? Андай экен эмне үчүн көчөгө түшпөй, дарбазанын жанына түшөт? – деген арсар ойдо болдум. Мен ушинтип турганда, үйдөн Алиман чыгып келди. Гүлдүү жоолугун салынып, жибек көйнөгүн кийип, жасанып алган. Тойго барганы жатканбыз. Мени көргөндө, Алиман ылдый карап, кызара түштү. «Жүрбөйсүңбү, эне» – деп, акырын сүйлөдү. Жанагы чабандын эмне үчүн келгенин мен ошондо гана сездим. Эки-үч күндөн бери Алиман суу алып келем деп, арыкта суу турса, чоң сайга барып, кеч кайтып жүрдү. Ичим сыздай түштү. Акыры бир күнү ушундай болмок, сөзсүз боло турган иш, антсе да ичим сыздай түштү. Кызгангандыктан эмес, а балким, кызганган да чыгармын, кеп башкада. Алиманды көп кечикпей ордун таап алса экен деп тилеп жүрүп, иш жүзүнө келгенде, апкаарый түштүм, корктум. Чыгып жаткан келиним эмес, күйөөгө берер өз кызымдай коруп, Алиманды жанылбаса экен, барган жери түзүк болсо экен деп жаттым. Тойдо отурганымда да, үйгө келгенимде да ушул ой башымдан кетпеди.

«Жанагы жигит кандай неме экен? Жакшылап таанышып, билип алгын. Шашып кетпе, Алиман балам, алданып калба!» – деп, ичимден айтып жаттым. Эмнеси болсо да эми жолтоо болуп калбасам экен жаштарга. Алиман менден ийменип тартынбаса экен, канткенде өз ыктыяры өзүндө экенин, менин ага эч кандай каршылыгым жок экенин этияттап билдирсем деп кыйналдым. Эчтекени шекшибеген немедей күндөгүдөй эле орду менен сүйлөп, орду менен күлүп отурсам да, Алиманым мендеги купуя ой-санааны сезген экен. Кечинде сууга барам деп, чакаларды алып чыгып кеткенде, үстүмдөн оор жүк түшкөндөй жеңилдедим. Барса барып, жолугуп келсин дедим оюмда. Бирок көп өтпөй эле Алиман суу көтөрүп үйгө кирип келди. Сайга барбай арыктан эле кайра тарткан экен. «Эне, суу жылытып берейин, башынды жууп ал» – деди Алиман, чакаларды ордуна коюп жатып. «Эртең күндүз эле жуурмун, жумушуң болсо...» – деп айтып келе жатканымда, Алиман сөздүн алдын ала: «Эртең колхоздон кол бошобойт, эне, жууп алгын, чачыңды тарап берейин» – деди. Көңүлүнө кетпесин деген ой менен айласыздан макул болдум.

Сууну чоң казанга толо жылытып, мени бир баш жууп көрбөгөн жаш бала өңдөнтүп, адегенде айран менен жуудуруп, анан самындатып жуудуруп, сууну улам чабыштырып, алмаштырып, жанымдан кетпей убараланды. Башка убакытта болсо, балам, жөн койчу, өзүм эле жууп алам дээр элем, бирок бул жолу унчукпадым. «Алда кокуй, бул эмнеси, эки ортодо мен үчүн жолугар жерине барбай калды го» – деген ойго кысталдым. Андай дейин десем Алиман аны-мунуну жайдары сүйлөп, көңүлдүү эле жүрдү. Болгондо чачымды тарап жатып, саал күңгүрөнө түштү. «Эне, жаш чагыңда, чачың келишкен чач болсо керек!» – деп, маңдайымда чачымды эркелете сылап, бети башыма, мойнума алаканын тийгизип сылады. «Мени менен коштошуп жатат го» – деп көзүмө кылгырган жашты жашырып, араң чыдап отурдум. Анан ал чачымды өрүп берди да, сандыктагы атырын алып чыкты. «Кой, балам мага анын кереги эмне, кой кокуй, нары картайганда уят эмеспи», – дегениме болбой, каткырып күлүп жатып, башыма атыр септи да, мойнумдан кучактап жыттады. «Мына, кандай сонун, жапжаш болуп калдың, – деп аябай сүйүндү. Мен да күлдүм. «Эми чай ичкин, эне, чайдан кийин төшөгүңдү салып берейин, жаталы» – деди.

22.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.