Кеңеш Жусупов
Эне кудурети
– Эмнесин айтайын, жеңиш биздики жакта дейт. Жанагы керман өлөт көрүнөт. Жекеме-жеке чыкса биздин уулдар жаман немелерге алдыра койбос...
Айылда Батманын аты «ак жолтой». «Ак жолтой» деп эки сапар кат алгандан кийин Эгембердинин жесири биринчи койгон. Атты койгонунанбы же өзүнүн сырдашыбы, Батма кыштак ортосундагы Сонунбүбүнүкүнө күнүнө тийип өтөт.
Атчан адамга жеңдей өрөөндүн ичиндеги кыштак менен кан жолдун боюндагы салынган почтонун аралыгы чай кайнатым алыстыкта. Ошол кара жолдон бөлүнүп, коктудай чыккан бир кулак сууну жээктеп өргө кеткен чыйыр жол аркылуу Батма канча сапар каттады экен? Миң жолу, он миң жолу... деле өмүр бою басты дейли, баары бир муну эч ким билбейт. Жаде калса Батманын өзү да билбейт... Ошентсе да Батма бу жерден сансыз басат, милдеттүүдөй, тепкилеп... о, бу жерди аяп да басат.
Деле калса өрөөндү коркунучтан сактай турган ушул кемпир сыяктанчу. Ал эми айылдагылардын эч кимиси Батманын кабагынын түнөрүшүн, суук кабар алып келүүсүн ойлободу, каалабады...
Азыр ошол өрөөн ичи күтпөгөн биринчи суук кабарды баягы Батма, «ак жолтой» Батма алып келе жатпайбы. Болгонда да Эгембердинин жесири Сонунбүбүгө... Жалгыз баласын алыстан медер туткан жесирге... Ким билет, муну, мүмкүн, жаман кабардын акыркысы ушул эле дейсиңби. «Ок.— дейт өзүнөн-өзү чочуган Батма,— ансыз да аз бекен? Жетишет ко, мендей шүмшүккө...» Батма делөөрүп, өзүн мыжыккысы келет. Бар болгону почтодогу кичинекей кара келин менен сүйлөшкөнүн эстеп, күнөөнү ошого жабат, жүрөгүндө келинди аяса да, дагы эле ошону жек көргүсү, чачын жулгусу келет. Анда деле жүрөк дабасы канбас эле. Келин болбосо мобу кара сумкадагы шүмшүк кагазды эч ким алмак эмес. Анда жүзү жарык болбойт беле, каран түн.
Батма кара сумкадагы кагазды көп каттардын арасына, адам жүрөгүн сүйүнтчү каттардын арасына кошкусу келбеди. Аны дароо тапты да, уучуна бекем кысты. Ушул кагазды айрып, деле мындай жер үстүндөгү кагаздын баарын чогултуп, өрттөп жиберип туруп, башка эле кат жазып койгусу келди.
Дагы эле жанагы почточу келинди жемелеп, ичинен күбүрөнүп баратты...
Батма ак тамдын жанындагы зым карагайга атын байлап, кадимкидей почтонун ичине кирип барган.
– Кандай, келин балам? Бизди эмне менен кубантасың, айланайын?
Келиндин үрөйүн көргөн Батма селдее түштү. Келин үн катпай суз гана таңып койгон кагаздарды сунду.
– Эмне, балам, Апышыңдан кат жокпу?
– Бар энеке...
– А, жаман, анан эмне шылкыясың? Сендей учурда биз...
Келин дагы эле суз, көзүн жаш чайып, ээрдин калтырак басты, таноолору кыпчылып, Батмага суук кабарды мына... мына айта салчудай болуп баратты. Батманын көз алдына өзүнүн Сабыркулу кирпик ирмегенче тартыла калды. Кемпир уулунун элеси менен эми түбөлүк коштошконсуп бараткансыды... Батма «Аа» деп чаңырып барып, келинди басып жыгылчудай... Бир гана ортодо тактайдан туура коюлган тосмо жолтоо болуп, адамдын чынбы же калппы деген эки ача ою ач кыйкырыкты чыгарбай торгоп турду.
– Аның ким, кокуй...— деди кубаты кетип, шалдырап бараткан Батма.
– Эгембердинин баласы... каза болуптур, кагазы мобу...
«О каран түн. Не дейт бу кара жаак...» — Батма жакшы эле кыйкырды, бирок анын үнү эч кимге жетпей ичинен жол таап чыга албады. Ошол кыйкырык, аны муунтуп, өрттөп, алтымыш тамырын сыздатты.
Тымтырс. Терезеден гана жарыкка чыга албаган жетим көпөлөктүн үнү үй ичиндеги экөөнүн кайгысын кошуп турду. Батма жинди болгонсуп, калтырап, сүйрөлүп эшикти көздөй жөнөдү. Келин кара сумканы артынан кошо ала чыгып, ээрдин кашына илип койду, бат эле кайгыга алдырган кемпирди эптеп атказды.
— А, шордуу...
Мына эми ат үстүнөн кулап кетпей, бирок ээрге баштагыдай чыйрак эмес, серейе конгон Батма кыштакты көздөй келе жатат. Ооба, келе жатат бир караан, анткени менен жакын караганда жансыз сөлөкөт. Көз жашы салаа-салаа...
Жаргактай шалбырап, өңдөн өчкөн беттен ылдый жашы агып, эзрдин кашына тамат. Мурдун шор тартат бечара, анда-санда үшкүрүнөт. Өзү кайда бастырып бара жатканын билбейт. Кайда баратат Батма?