Кеңеш Жусупов

Эне кудурети

Кеңеш Жусупов

«Кайда баратамын?..— Кыштактын карааны көрүнө калганда Батма селтең эте,— жинди болуп калганмын го?» Кайдан-жайдандыр чуулдаган үндөр чыгып, Батманын кулагына миң түркүн болуп угулуп кирет. Кемпир жакшы эле чуулдакка моюн бербей, өжөрлөнүп коргонот:

«Мен кагазды эле алган жазыгымбы?.. Айланайындар, аягыла. Менде күнөө жок ко...»

Башка бир үн, болгондо да өтө укмуштуудай жагымсыз үн, Батмага жан алы калбай асылып, ага күнөө оодарат:

«Кагаздарды сен алып бара жатпайсыңбы. Кана алып барып көрчү, эл кандай тытаар экен. Эр экенсиң алып барып көрчү...»

Бардык адамдарда кээде ушундай кайгыруунун ичинде коштогон жаман ой, санаа боло каларын Батма билбеди.

Жардам сурагансып элеңдеп туш-тарапты карайт. Батманын жанагы жаман оюнан жүрөк гана арачалап болушкансыйт.

Жүрөк кургур безилдеп жатты:

«О, Батма, сенде жазык жок, кандуу майданды сен жасадың беле? Элден кем калбай, өз уулуңду жибергениң калп беле? Ал адамдарга түшкөн түйшүк, Батма. Башыңды көтөр, андан көрө атаганат, мындай кагаздар деле болбосо дебейсиңби?..»

Батма кыштакка жакындап калды. Шумдук, көзүнө коркунучтуу элестер көрүнгөндөн көзүн жуумп жиберди... Эгембердинин аялы жаман тамын жаңыртып, саксайган чачын жулуп буркурап, адам боору ооруй турган кейпи менен Батманын этегине жыгылды. Кучагын жайып, көзүнүн жашын көл кылып, Батмага жаман кабарды эмнеге угуздуң деп жалбарат. Чучукка жеткен үн менен боздойт. Аңгыча жалгыз эле Сонунбүбү эмес, сан көз Батманы тиктеп, ага кыштактын адамдарынын бардыгы жалынып жатты. О, тобо. Анан алар кары-жашы дебей түп көтөрө мобул алсыз, шордуу Батманы көздөй колдорун жайып, кат сурашып, бир жакшылык кабар барбы деп жабырап чуркашты...

Не күч таасир этти, ким билет, эне күчүбү же адамдарда ушундай кур намыс барбы, Батма атынын тизгинин жыйып тура калды. Жакшы эле өзүнө кайрат берип, келе жаткандар менен алышчудай жааланды. Бирок түмөн кол каптап, энени аптыктырды, сүрдөттү, коркутту... Атын кайра бурдурду. Батма атын теминди да сооруга камчы чапты. Мындай жорукту ээсинен күтпөгөн ат селт эте, этин жыйрып, мүдүрүлө-мүдүрүлө түшүп, кайрадан оңолуп адыраңдашты салды...

Батманын артынан жер солкулдаткан кайырчыдай колун созгон өрөөн ичиндеги эл, эми колдоруна таяк алып Батманы, суук кабар алып келе жаткан Батманы айылдан кууп бара жаткансыды. Көчө ылдый уюлгуган чаң калды...

Батма качып баратты... Курган эне качып баратты...

Батма ак тамга кандай жетип барганын сезген жок... Аттын дүбүртүн уккан почточу келин чуркап чыкты.

— Ме дейм...—Батма жанагы согуш комиссариатынан келген кагазды келинди көздөй ыргытты. Кээде жагымдуу, кээде жагымсыз... деле адам баласындагы күйүттү муңкантып, кооздоп айтып жаткан үн чыкты.— Мен мунуңузду бере албайм, кереги жок мага, Сонунбүбүгө. Кайра жиберип ийчи ушуну, балам... деле өрттөп жиберчи... айла-най-ын...

Жер кучактап жыгылды эне. Эки ыйык эне: Адам эне менен бүткүл адамзаттын Жер-энеси кучакташып жатышты. Адам эненин ысык көз жашы Жер-эненин тулку боюна сымаптай тарайт. Батма Жер-энени көз жаш менен эритип жиберүүчүдөй болот. Бир оокумда көз жаш да Жер-эненин жүрөгүнө жеттиби, теребел сумсайып жер да ичинен күңгүрөнүп ыйлагансыйт. Мээрман Жер-эне койнуна катып чоңойткон Адам-эненин мурунку шылдыңдарын, капарына албай жүргөн күнөөлөрүн кечирип, аттиң ага кайра да бир кайгылуу учурда жардамга келип, баладай бооруна кысып сооротуп турду.

Тегерекке эл чогулуп кетти. Эки энени туурап алар да жашык...

Батма көкүрөк толгон муңун чыгара, сай-сөөктү сыздатып, солкулдап ыйлап жатты.

Жашыган, боор ооруган үн чыкты:

— Мээнетиңди алайын эне... тур эми...

 

07.11.2025

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.