Чакан аңгемелер
Франц КАФКА
Аристократиянын жасаганынын баары — бул мыйзам, бардык мыйзамдар ушул максатта кабыл алынышы керек деп чын ниетинен ойлоп, аны далилдөөгө аракет кылган кичинекей партия бар.
Бул партия аристократия орногондон кийин жаралган нерселерди гана кабыл алат, ал эми элдик бийликти четке кагат, алардын ою боюнча анын пайдасынан зыяны көп имиш, анткени ал эл ичинде жалган, алдамчы, жеңил ойлуу ишенимдерди пайда кылат экен.
Албетте, зыяны болушу мүмкүн дечи, бирок биздин элдин көпчүлүгү анын себебин башкадан көрөт: элдик бийлик бардык нерселерди эске албайт, аны терең изилдеш керек, ал тургай андагы материалдар канчалык чоң болбосун, баары бир аздык кылат, ал баарын ичине камтыгыча дагы кылымдар өтөт.
Келечекке ишенбөөчүлүктүн кара туманын, ал сөзсүз келет деген ишеничтин жарык нуру гана жарып өтө алат, акыры бир тынымдан кийин, элдик бийликке кайра кайтышып, бардыгы ачык жана тунук болуп, мыйзам элге кызмат кыла баштайт, а аристократия орду түбү менен жок болот.
Бул айтылган сөз аристократияны жек көргөндүктөн келип чыккан жок, андай ой эч кимде жок. Андан көрө биз өзүбүздү мыйзамдарды алигиче бизге ишенип беришпегендери үчүн, ал ишенимге татыктуу боло албай жатканыбыз үчүн жек көргөнүбүз оң. Ошондуктан, биз кеп кылып жаткан партия, кандайдыр бир деңгээлде назар салганга арзыйт, чындап келгенде алар эч кандай мыйзамдарга ишенбейт, мындайлар азыр өтө аз калды, анткени аристократияны толук колдойт, анын жашоого укугун тааныйт.
Мындан эми эки ачакей пикир келип чыгып жатпайбы: эгерде бир партия аристократияны биздин мыйзамга болгон ишенич-мишеничибиз менен кошуп туруп көчүккө тээп кубалап чыгышса, ошол замат эле эл алардын тарабына өтмөк; бирок мындай партиянын жаралышы мүмкүн эмес, анткени эч ким аристократияга каршы чыкканга батына да албайт. Ушундай устаранын мизинде жашап жатабыз. Бир жазуучу муну мындай деп сүрөттөйт: биз баш ийе турган бир эле мыйзам бар — бул аристократия, эми ушул жалгыз мыйзам үчүн баарыбыз жоголуп кетебизби?
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ