повесть
Касымалы Баялинов: Ажар
Күн кечтеди. Көч тарап коно баштады. Эл арасына ызы-чуу түштү, кыйкырык-өкүрүк көбөйдү. Мал-жан көч жоготуп издегендер толуп кетти. Бирок Батма менен Ажарды издеген жан болгону жок. Батма ал күнү айлын таппай, Көбөгөн менен бирге конуп, эртеси кечке сурамжылап олтуруп, желектен улам өз айлын араң тапты. Беш-алты күн өттү. Сагындан кордук көргөн бир топ кедейлер андан бөлүнүп, башка Тоң болушуна кетмекчи болушуп, сөз байлашты. Алардын ичинде Көбөгөн, Батма, Айткулунун кыйыр тууганы Козубек да бар. Козубекти жана дагы бир жигитти бир топ мал менен түн катырып, бир коктуга качырып жашырышты. Таң атты. Журт жапырт алачыктарын сыйрып, көчө баштады. Көбөгөндөр көчүшкөнү жок. Сагындын көчсүн деп жиберген кишисине:
— Түндө бир топ малыбыз жоголуп, эки кишибиз ошону издеп кетишти. Алар келбей, малыбыз табылбай, көчө албайбыз — деп жооп беришти. Булар, Сагындын көчү шашкелик жерге узагандан кийин каткан малын, кишилерин алдыртып, башка жол менен Тоң болушуна жөнөшөт. Бирок муну куйту Сагын билип калып, бир топ киши менен артынан кууп жетип, көчтөрүн токтотуп, жүктөрүн түшүрүп, Көбөгөн менен Козубекти баш кылып, бир далайын урат. Ири карасынын бардыгын айдап алып:
— Эми кетчү жагыңарга кеткиле! — деп жооп берет. Малдан ажырап, шордуу кедейлер жөө кайда, кимге барыш- мак? «Жаңылдык-жаздык!» — дешип, мойнуна курун салышып, Сагындын аягына жыгылышты, алдына Козубектин маңдайына бүткөн жалгыз кер атын тартышты.
Кер ат — жакшы ат болучу. Буга мурда эле Сагындын көзү түшүп, «кедейге мындай аттын эмне кереги бар, мага берсин» — деп, Козубекке нечен курдай киши жиберип, атты алалбай, «ай, сени!» деп, Козубекке тишин кайрап, кекенип жүрө турган. Эми Сакеңдин бактысына жараша иши оңдой берди болуп, кер ат опоңой гана колуна түштү. Сакең атты алып, ачуусу таркап, буларды кайта көчүрттү. Бир топ күн өттү. Чек арага жетти. Тянь-Шандын Бедел, Бирикти, Көк-Ирим, Ак-Өгүз деген ашууларына бөлүндү. Батманын айылы Ак-Өгүздү ашмакчы болуп, ашууну шыкап келип конушту. Эртеси көчтүн алды белге чыга берген кезде, күн бүркөлдү, туман түштү, борошолоп кар жаады. Шамал болду. Журт шашты. Кар аралаш ызгаардуу суук шамал туманга аралашып, аскадан аскага тийип, белдеги бардык карды ойго карай учуруп, көчтү жөнөтпөдү. Ордунан кыбыраган мал-жандын бардыгы тайгаланып, төмөн карай учуп жатты. Ар кайсы таштын кычыктарында жүнүн жеп, бүрүшүп, маарап турган кой-эчкилер, башын жерге салып, суулугун чайнап, калчылдаган жылкылар; чөгүп жаткан төөлөр, жүгү оогон уйлар; бутун үшүтүп, кан какшаган катын балдар. Бирок буларга караган киши да жок, ар ким өз жаны менен алек… Көч арасы да ызы-чуу, күрү-гүү… Кар жаап турат. Түн түштү. Эл турган-турган жерлерине кийизге, жуурканга оронуп жатышты. Таң атты. Күн мурункудай алай-дүлөй. Малды да, жанды да кар баскан. Карга көмүлгөн малдар араң кыбырап көзгө илинет. Кардын алдында үйдөй болуп, төмпөйүп жаткан жүктүү төөлөр, уйлар көрүнөт. Жамынган кийиз, жууркандары менен бирге тоңуп, сырайып өлүп жаткан кишилер да көп. Үчүнчү күнү күн ачылды. Туман тарады, шамал басылды. Аман калган эл эптеп, жөөлөп-жалаңдап отуруп, белди ашты. Батма да аман-эсен Ажары менен бирге ашты. Туу белге чыга бергенде Батма өлүп жаткан бир жүктүү жылкыны, анын жанынан эки адамдын өлүгүн көрдү. Бул — кемпири менен Көбөгөн абышканын өлүгү болучу. Журт Турпанга түштү. Тарап, шаар-шаарга кете баштады, Батма, Козубек болуп, Турпанда калышты. Экөөнүн тең колдорунда малдан түгү жок. Батманын жалгыз көк өгүзү ашууда калган. Козубектин бирин эки кой-эчкиси да жолдо жоголду. Эми кантишмек? Турпандык Сабитакундун ат кепесин жумуш кылып бермекчи болуп, Козубек батирге алды. Ал — терезесиз, эшиксиз, үстүндө жарык түшө турган киши баткандай гана тешиги бар, асты жер. Ал ымдашып, аттын чыласы жыттанат. Айла жок! Эшигине кийиз калап, жерине курумшу, чөп төшөп, Батма болуп киришти. Күн өттү, ай өттү, кыш түштү, турмуш кыйындады. Жагууга отун, кийүүгө кийим, жешке тамак керек болду. Бирок аларды кайдан, кимден алмакчы? Тегерегиндегилер да «өлбө жаным, өлбө!» деп, өздөрүнө окшоп, ач олтурган качкындар. Турпандыктардан алуу үчүн бир нерсе сатмак керек. Сатмайынча алардан алуу кыйын иш.