повесть
Касымалы Баялинов: Ажар
II
Кыштын ызгаардуу түнү агарып, таң белгисин бере баштады. Чыгыштан жумуп-ачкан көз сыяктуу жылтылдап, Чолпон жылдыз көтөрүлдү. Берметтей тизилип, көктө жүргөн көп жылдыздар, «биз эми кетебиз, келерки күнгө чейин аман-эсен тургула» дегенсип, бир күлүп, бир жылмайып, дүйнө менен коштошту да, удургуп үркүп алып, батыш жакка таралды. Көп кечикпей, анын артынан алтын нурга боёлуп, акырын гана козголуп, күн да чыкты. Дүйнөгө тиричилик кирди. Журт оокатына кам урду. Бирок күн суук. Жер — тушардан кар. Тышка жан чыга албайт. Ажар, Козубектин балдары: Талып, Мурат төшөктө. Козубек эртең менен эле жаман керкисин белине кыстарып алып, отун издеп кеткен. Кайта элек. Батма, Айша болсо, колдорун жеңине катып, бүрүшүп, калчылдап, балдардын жанында олтурушат. Бардыгынын да кабактары салыңкы, үнсүз, сөзсүз, өлүм кайгысы бар. Бир жактан чыкылдап кыштын ызгаардуу суугу да ач курсакка бычактай тиет. Бир кезде эшикке каланган курумшу кийиз ачылып, кар аралаш суук жел төр жакка согулду. Аркасында көтөргөн азын-оолак отуну бар, бүткөн бою кар, сакал мурутуна муз тоңуп, Козубек кирди.
— Эртеден кара кечке чейин жүрүп, алып келген отунуң ушул элеби? — деп, Айша эрин жемелей баштады.
— Анан кантейин, керкимди турпандыктар тартып алды. Ушуну башка жерден колум менен жулгулап алдым, — деп Козубек ыйламсырап, төмөн карап, терең үшкүрдү.
Отунду Козубек шашкелик жердеги Кумарык дарыясынын жээгиндеги токойдон алып келүүчү. Бирок кийинки күндөрдө турпандыктар аны коруй баштап, качкындарды жолотпой койгон. Козубек анысына деле карабай, тозмочуларга көрүнбөй, таң алды менен барып, керкиси менен жаш чырпыктарды кыя-кыя чаап көтөрүп келип жүрө турган. Эми керкиден айрылып, кур кол калды. Керкисиз отун алынбайт да, табылбайт. Отунсуз жашоо кыйын. Үй суук, курсак ач. Сууктун ызгаары жаш балдарга кандай баткан болсо, чоңдорго да ошондой; чоңдор кандай кыйналса, жаш балдар да ошондой кыйналып жатат.
— Апа, үшүп кеттим — деп, бир кезде ыйламсырап Ажар энесин карады.
— Садагасы, үшүсөң кантейин — деп, Батма муздак колу менен Ажардын жуурканын кумтулаган болду. Алып келген Козубектин отунун эптеп жагышмакчы болушту эле, эшикке жабылган кийиздин тешиктеринен кирген борошо отту күйдүрбөй, үйдүн ичин түтүнгө толтурду. Түтүндүн илебине, адамдын демине, тамдын бооруна, жерге, эшикке тоңгон бубак эрип, үйдүн ичин көлдөтүп суу кылды. Ач жатып калышты. Эртеси Козубек дагы отун издеп, сай жакка кетти. Батма менен Айша да карап жатпай, тамак издешип, турпандыктарды кыдырышты. Кечке жүрүп, бирөө жарым чака жүгөрү, бирөө бир токоч, бир чыны жүгөрү ун таап кайтышты. Бирок Козубек кечикти. Үйдөгүлөр: «Козубек отун таап келер, от жагарбыз, жылынарбыз, ысык тамак жасап ичербиз» — деген ойдо эле.
Бир кезде колу-бутун суукка алдырып эшиктен кирген Козубекти алар билбей да калышты. Ал аябай үшүгөн, тили сүйлөөгө келбейт, колу тытылган, айрылган, канаган…
— Ээ, сага эмне болду?
— Отунуң барбы?
— Отуну курусун, — деди жалооруп Козубек, — жер-суунун баары кар, көзгө көрүнгөн, колго-илинген эч нерсе жок. Кардан кылтыйып баштары чыккан чекендилер кездешти, жулгуласам былк этпейт. Кайсы бир жерден чычырканак, алтыганалар көрүндү; бирок, түгөнүп калсын, жабдыксыз эч бир алына турган эмес. Куру кайттым. Батма, Айша, балдар болуп ишенгени Козубек эле. Козубектин «куру кайттым» деген сөзү ийне менен сайгандай жүрөктөрүнө такалды. Жүгөрү унду укканда шилекейи чубуруп, Козубек келгенде тамак жасатып ичмекчи болуп, үмүттөнүп төшөктө жаткан жаш балдар кыңкыстап ыйлай баштады. Айшанын кичи баласы Мурат ыйламсырап:
— Апа! — деди.
— Айланайын, эмне дейсиң?
— Курсагым ачты…
— Меники да тоңуп кетти, ичим ысып баратат. Айшанын эки баласы тең өңгүрөп ыйлап жиберишти. Ажар да араң турду эле, аларга кошулуп ал да ыйлады… Козубектин куру кайтканын көрүп, Батма эбак эле эшикке чыгып кеткен. Ал бир боо куурай көтөрүп кирип келди, үй ичине шаттык-кубаныч, жаңылык кирди.