повесть

Касымалы Баялинов: Ажар

повесть

 

Ажарга мурункусундай жашынууга ылайыктуу жер табылбады. Издөөгө алы да келбеди. Бүткөн бою салмактанып, буту шилтөөгө жарабай калды. Илгери басайын десе, мүдүрүлүп буту кумга бата түштү. Жыгылып кетти…

 

Күн көтөрүлүп, ысый баштады. Ажар араң сүйрөлүп барып бир алтыгананын түбүнө жыгылды, жатты… Күндүн ысык шооласы алтыгананын арасынан Ажардын үстүнө түшүп, боргулдантып тердетип, бүткөн боюн ысытып, капалап жиберди. Таңдайы кургады. Суусады. Бир ичим муздак суу көзүнөн учту.

 

— Алда ай, суу болсо э. Бир чыны муздак суу ичип өлсөм, арманым болбос эле… — деди Ажар. Бирок мындай чөлдө суу кайдан болсун, суу жок. Сууга эми бир күн — түн катса, ошондо араң жете турган.

 

Күн чакчайып чак түш болду. Ысыгы мурункусунан да күчөп, мээ кайнатып турат. Ажардын кубаты кетти, өзөгү карарды. Ысып, тердеп, тили оозуна батпай калды. Чиркин, жан деген кыйын го, кантсин! Шордуу үстүндөгү чапанын чечип, алтыганага жаап, бетине калканчык кылды. «Өлөт деген ушул экен» деп, буркурап ыйлап, олтура кетти. Көп токтоп тура албады, чырым этип уйкуга кетти…

 

V

Майдын кечки салкын жели сокту. Кошоктошуп көктө жүргөн ак булуттар каалгып учат. Жел аларды көрүнбөгөн сүйкүмдүү колу менен түртүп учуруп, Тянь-Шандын көк тирешкен аскаларына айдап барып токтотот. Кээде булуттардын үзүлгөн бөлүндүсү, күндүн үлпүлдөп батып бара жаткан көзүн каптап, Какшаалдын элсиз, мейкин талаасындагы нерселердин баарын да кара күүгүм, ала көлөкө тарттырат.

 

Талаа тынч… Булуттардын көлөкөсү Ажар жаткан алтыгананын үстүнө түшүп, улакча ойноду. Коңур жел да Ажарды кытыгылады, эркелетти, ойготту.

 

Ажар кыбырап ордунан туруп, жолуна түштү. Каш карарып, ымырт жабылды. Түн кирди. Бирок сулуу ай муңайып, алтын бууга боёлуп, чыгыш жактан көтөрүлдү. Аппак нур шооласы менен түндүн мээримсиз караңгылыгын алда кайда кубалап, кең талааны кубантты. Талаа да ыйлап сооронгон жаш баладай, жылмайып, койнун ачып, кучагын жайып, Ажарга жол берди.

 

Ажар бир аз жол жүрүп келе бергенде, арт жагынан көп нерсенин созултуп улуганы, үргөнү угулду. Ал Ажарга жакындай баштады. Ажардын жүрөгү опкоолжуп, дүпүлдөп алып учуп, оюна ар түрдүү коркуу сезимдери келди.

 

Бир мезгилде Ажардын айланасына карышкырлар толуп кетти. Баары да ач, кабыргалары саналып, кынжыйып, эң эле арык, тилдерин салышып, кыңшылашып, Ажарды камап алышты. Ажар коркту. Ыйлап жиберди… Жан деген кыйын го, жанын корголоп, жерден тырмалап таш алып, туш-тушуна ыргытты. Качты. Жүгүрдү… Колу-буту ташка тийди. Айрылды. Кызыл-ала болду. Шордуу ага карабай жаш денесинин алып учкан кызуулугуна берилип, жүгүрүп олтурду. Бирок илешкен жоо калуучубу? Ажарды бура бастырбады, кутказбады. Тийип качып, алды-артын тороп, бир алтыганага камады.

 

Ажар жан талашып, жанын сыйпалап, жанынан жарты боо ширеңке тапты. Оттон карышкыр качат деген бала кезиндеги энесинен уккан сөз оюна түштү. Ширеңкенин бирөөнү тартып жиберди. Тегеректеп алгандар жалындуу отту көрүп, азыраак алыстады. Ширеңке өчтү… Карышкырлар кайта качырышты. Айтор, эстен танган Ажар, карышкырлар жакындап кирип келген сайын, ширеңке тартып жатып, көбүн жерге чачып, ширеңкесинин аягына чыгып болду. Жалгыз гана бир тал ширеңкеси калды.

 

— Шамдай жанган жаш жаным, ушул ширеңке өчкөндө, сен да кошо өчөт экенсиң, мына эми өчөм, карышкырга жем болом…— деди Ажар.

 

Ажар бирөө айткандай, жанындагы алтыганага өрт койду. Алты ай жазы менен жаан көрбөй күнгө куурап, араң турган алтыгана, ширеңке жанданганда эле дүркүрөп асманга чыкты. Оттун жалындуу кызгылт ак шооласы учуп алып ыраак кетти. Айланасындагы нерселерди койнуна алып, апайкын кылып, бадырайып, Ажарга көрсөттү.

 

Карышкырлар жоголуп калышты, кеткендей, качкандай болушту. Ажардын биртике акыл-эси кирейин деди. Анын медери, жөлөгү жалгыз ал — от. Андан чыккысы, кеткиси келбейт. Бардык үмүтү, тилеги, күн көрүү, өмүр сүрүү — ошол отто. Ошого байланышкан. От өчсө, от менен бирге Ажар да өчмөк.

08.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.