повесть
Касымалы Баялинов: Ажар
Ажардын сулуу, сүйкүмдүү, ак жуумал өңүн көрүп, Сабитакун мурунтан эле кызыгып жүрө турган. Анын бардык ою иши кылып Ажарды колуна алууда. Сабитакун ал тилегине жетти. Ажарды алды. Ажарга баалап, Козубекке бир эшек, үч зээр акча, бир пуд жүгөрү ун берди. Андан калганын доолаган акысы үчүн чегерди, Козубек Какшаалга көчүп кетти. Эң обол Ажар чочуркап, ичкен-жегени аш болбой, анын үстүнө ата-энесин сагынып жүдөп кетти. Бирок кийинчерээк, Сабитакундун үй ичи менен таанышып, үйүр алышып, оңолуп, өңүнө кирди, каткан чери тарап, капасы, муңу жазылайын, унутулайын деди. Бир жыл өттү. Ажар толду. 15 ке чыкты. Ажар десе Ажар дегендей эки бети алмадай болуп, кара көзү балбылдап, көргөн жанды эриксиз өзүнө тарта турган болду.
Сабитакундун тамыры турпандык Чыр деген бир бай дунган бар эле. Сабитакунга ал коңшу туручу. Ажарды ал эки-үч курдай көрүп, бир күнү Сабитакунга келди. Ажардын түбү-жайы менен жакшылап таанышты.
— Бир олжоң экен, досум. Ажарды мага бер. Бул үчүн эмне алам десең да, мына мен даярмын, — деди Чыр.
— Досум, сенден мен эмне алмак элем? Колумдан чыккан чыгымдарымды төлөсөң гана болгону, — деди Сабитакун.
Чыгымга келгенде, Сабитакун эшегин ат кылып, унун күмүш акча кылып көрсөттү. Андан Чыр качканы жок. Шагыраган накта алтымыш зээр акчаны ага санап берди, Ажарды алды. Ажарды алгандагы анын ою — карыганда Ажарга үйлөнүү. Ошентип, аны кучактамакчы, сүймөкчү, өмүр кызыгын көрмөкчү. Чырдын мындай суук кабарын уккандан кийин Ажар ошол жердик эки-үч катын менен энесинин мүрзөсүнө барып, капкайдагы бук болгон ичтеги арманын, муң-зарын айтып ыйлаганын аңгеменин баш жагында айткан болучубуз.
III
Той болду. Журт тарады. Түн кирди. Ажарга күчтөп нике кыйылды. Катындар анын ыйына, жашына карабастан, нике кыйылган бөлмө үйдөн боздотуп, сүйрөп алып келишип, күйөө-кызга дайындалган экинчи бөлмө үйгө киргизишти, күчтөп кийимин чечишип, төшөккө жаткызышты. Ажар жуурканды чүмкөнүп, шолоктоп ыйлады.
— Жасаган ай! Мени мынча кор кылып эмне жараттың? Чының менен эле мени ушуга туш кыласыңбы? — деди Ажар. Көз жашы мөлт-мөлт этип, жаздыгына тамчылай түштү…
Күлүк ой, узун санаа, түпсүз кыял Ажарды курчап алды. Ажар алда кайда кетти. Жазгы өсүмдүктөй гүлүн ачкан мурунку жаш өмүрү, атыр жыттуу Ала-Тоосу, бал татыган тунук булак, өзөн суусу, ээн-эркин жашаган эли-журту Ажардын көз алдына келип элестеди.
Артыкча көзүнүн агы менен тең айланып, атка минсе алдынан, үйдө олтурса жанынан чыгарбаган ардактуу атасы — Айткулу, курсагын ачырбай, ийнин тоздурбай сылап баккан энеси — Батма, Ажардын оюнан чыкпайт. Кыз балага эне жакын го, атасынан да энесин эстегенде, анын көз жашы тыйылбайт. 12 ай көтөрүп, омурткасы сыздап, ак сүтүн берип, азап көрүп баккан байкуш Батма да Ажарды көптүн балдарындай кылып баккан жок эле. Ажар биртике үйдө жок боло калса, «жалгызым, кайда кетти?» деп, жаны калучу эмес. Ошентип баккан бирөөнүн кирдүү кол тийгис жалгызы бүгүнкү күндө жетим болуп, малга сатылып, колдон-колго өтүп, жандын кору болуп, жат кишинин колунда, туткунда жатат. Ай, райымсыз жетимдик ай! Жетимдик кимди ыйлатпаган, кимди кууратпаган!
Эшик кычырай калса, «ошо го» деген кыял Ажарда. Бирок «ошону» менен Ажар кантип бир төшөктө жатмак, кантип бирге өмүр сүрмөк? Ал өмүрдүн келечекте турмушта кандай пайдасы, кандай зыяны болмок? Бул маселе Ажарга чечилбеген караңгы маселе. Ошондо да Ажар эрдүү-катындуу адамдардын өткөргөн турмуштары жөнүндө төмөнкүнү билет: ал кезде Ажардын ондогу кези. Айлындагы бизге тааныш Алымкул байдын эки катыны болгон. Токолу — Айганыш. Айганыштын турмушу эң жаман, мындайча айтканда, итке эле берсин дээрлик. Отун алган, суу куйган, кир жууган, козу байлап, кой сааган — Айганыш. Бул гана эмес, башынан байбиченин таягы да кетүүчү эмес.
Муну ойлогондо Ажардын жүрөгү ийне менен сайгандай тыз дей түшөт. Анткени — бүгүнкү боло турган күйөөсүнүн да бир эмес, эки катыны бар. Ажар үчүнчүсү. Ажар, ошондуктан, өзүн Айганышка теңеди, Айганыш болду. Айганыш сыяктуу жаш өмүрү турмуш тепкисинде жүрүп өтөрүнө көзү жетти. Ажардын дагы бир билгени Буурабай 15 жашар кызы Саараканды күнү үстүнө — Кожомкул байга бермекчи болот. Кыз көнбөй акыры кедей Сатаркул менен шаарга качып кирип кетет. Кайтып кийинки жылы күйөөсү менен Сааракан атасыныкына төркүлөп келгенде, Ажар аны көргөн. Ошондогу экөөнүн бири-бирин сыйлашканы, бирге олтурса, жанаша чыккан гүлдөй болуп, окшошуп жарашканы Ажарды таң калтырган. Бирок ал кезде Айганыш менен Саараканды салыштырып сынай турган, эки турмуштук бирөөнү өзүнө шайлай турган Ажарда кудурет жок эле. Ажар ал кезде экинчи дүйнөдө болучу.