ТӨЛӨГӨН КАСЫМБЕКОВ

КЕЛКЕЛ (ТАРЫХЫЙ РОМАН)

ТӨЛӨГӨН   КАСЫМБЕКОВ

Бир ай чамасы болуп кетти. Өзү келип, кылмыш ишти мойнуна өзү алган Камчыбек түгүл окуяга эч катнашы болбогон инилери менен Маамытбек да камактан бошотулган жок. Күнүгө бир маал катыран суракка алып келишет, бир маал бир кезде Камчыбек өзү аскерге турак болсун деп салдырган бийик кыш коргон ичинде колдорун артына алдырган бойдон нары-бери бастырып сейилдетет.

Бир күнү Камчыбекти бөлүп, Акбалбанды өзүн жалгыз бир абакка камап коюшту.

«Бошотушканы калышкан го Камчыны» деп, ниетинде ушундай болуп кетишин астейдил тилек кылып болжоду Акбалбан.

Бир күнү суракка айдап барышты. Тилмеч өзү жалгыз күтүп турган экен. Иреңи жымыңдап, көзүнүн төбөсү менен карап тиктеп, жука эрини кулак түбүнө жеткенче чоюша жылмайып, утурлай каршы алды. Кокустанбы, биле туруп кылган иштенби, иши кылып, оор мүшкүл түштү го башка. Акбалбан ойлонгонду койгон, айдаса айдоого, өлтүрүлсө өлүмгө кайыл. Бул дүйнөдө бүтөрөр иши калбаган сыяктуу, бул дүйнөгө ашык баш сыяктуу бир кетерман сезим башкарып, андан улам көңүлү бир жаңсыл, андан улам кыялы кызуу кишидей шатыра-шатман. Ал алыстан эле жадырап:

— Ассалому алейку-ум,— деп, үн созо салам айтты.

«Йе бу не чакчаят?! Мойнуна сыйыртмак түшүп турса, ыя?!» деп, тиги эртеңки тагдырынын эмне болорун ойлобогон кем акылга боору ачыгансып, башын чайкап койду тилмеч.

Үнүн акырын, жымыйганынан жазбай, жумшактап:

— Кана, не деген адамсың, Акбалбан? — деп, сурак салды тилмеч.

Эмне деп жооп айтарын биле албай, кайра тилмечтин өзүн тиктеп калды Акбалбан. «Не деген адаммын?! Сурактын баарында өзүң ортодо болбодуң беле, билесиң го?!» дегенди туйду тилмеч.

— Нең болгон колуңда?

Бул суроо да түшүнүксүз болуп калды Акбалбанга. «У, маңыроо!» деди ичинен тилмеч, анан акырын:

— Жыйган алтын барбы? — деп, эми ачык айтышка мажбур болуп, көзү кыбыңдап, үнү арбагандай күңкүлдөп, артынан эрди бек кымтыла жооп күтүп мелтейди.

Акбалбан чалкалай керилип, көптөн бери жерден жылбай отуруп уюган далысынын курушун жаза керилип алып, башын чайкады. Ал «жок» дегени эле болучу, а тилмеч андай түшүнгүсү келбей, «айтпаймын дегени» деп, шек санады.

— Неге жок? Ыя, Акбалбан! Көп жортуулда болгонсуң...

Ушул жерде Акбалбан башын ийкеди:

— Э-э, буйруган ишти көргөнбүз, дос! — деп, эрдемсий бир түркүн мактаныч кыла башын ийкеди. — Ордо таламайга эки кошулдум.

— И-и... — деп жиберди тилмеч жадырай.

— Бирак, кереги ташка тийсин ошол алтын дегениңдин, кызыталак, андан да кымбатын алып көргөнбүз! Э-э...

Тилмечтин эки көзү чөөнүкүндөй чекчейип кетти:

— Жакут...

Тула бою чулу Акбалбан лүкүлдөп күлүп, анан:

— Ал эмне? — деп сурап койду. Тилмечтин шагы сына түштү. Андан нары Акбалбан көзүн сүзүп, качанкы бир өткөн окуясын көз алдына келтирип, улутунуп алып, башын чайкады:

— Кудаяр-хандын бир катыны тийип ошондо...

Бу өмүрүнун бир кызык мерчеми болгон Акбалбан «муну сүрөп кетет» деп ойлогон, көкүрөгүн кере өйдө карап, тилмечтин сүрөбөй эле жука эрини чоюша тартыла, бир жагы «у, катындан көзү каткан айбан» деген мыскыл, жана да итиркейи аралаш келип, тиктеп турганын көрдү.

— Бирак,— деди оозу бошондой,— ал алтындан кымбат асыл дүйнө колума кутайган жок, он беш гана жашта экен, «анам» деп ыйлай бергенинен Шарихандагы авладине жеткирип берип койдум...

«Йе-е, бул адам жабайы ушул мени алаксытып кеткиси келип турат. Карачы, катынга чаргытканын карачы?!.» деп, ниет карайып, кабагын үйрүй ойлонуп кетти тилмеч. А Акбалбан күңкүлдөп, бирде башын чайкап, бирде ийкеп, астейдил өзү айткан окуяга өзү эргип, толкуп кетти:

— Э, түндүгүң түшкөн ордого же бир тектүү, же бир иреңдүү кыз жыйналган эмеспи. Өтө көрктүү, кыргыз менен өзүбектин ортосунан чыккан аргын жан эле, чиркин. Ордого зордук кылып алышкан, быякта наристе көңүлү табышкан кишиси калган окшойт нары да, бир күлө, бир муңкана ырдагыдан болсо байкуштун жанына киши чыдап тура алчу эмес...

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.