ТӨЛӨГӨН КАСЫМБЕКОВ
КЕЛКЕЛ (ТАРЫХЫЙ РОМАН)
Тигил үйдө эне, тигил үйдө бала түн терметип, ой терметип чыгышкан, ар биринин оюнда өзүнчө келген тыянагы бар болучу, Камчыбек көпкө унчукпай, бир убакта өзүнчө улутунуп алды да:
— Эми, эне, эмне демекчи элем?! — деп, айтар оюна энесин көндүрмөк көөнү менен. — Ырас, болор иш болуптур, кудай алдында, өз абийирибиз алдында эми тана албайбыз, эне.
Кармап да бере албайм айымды. «Баягы Алымбек менен Курманжандын баласы өзү эрдемсип эр өлтурүп алып, койнунда жаткан бечара катынын кармап берген» деп, укумдан-тукумга сөз калат. Не мүшкүл болсо да мейли, өзүм көтөрдүм, эне, өзүм мойнума алам, эне...
Курманжан бир ууч болуп бүрүшүп, бала кайгысы оңойбу, мүңкүрөп, көпкө унчукпай отуруп калды. Камчыбек дагы тунжурады.
Бир убакта Курманжан канагаттакгансып башын ийкегиледи:
— Эми буга тике кара, өкүнбө, балам! Жүргөн бирөө болсоң «жан алмай», «жан бермей» болуп чырылдаша берсең чырылдаша бермексиң. Сени бек дейт, сага ушул адилеттин ак жолунан башка жол жарашпайт, балам. Туура кыласың!..
Түнү бою ой терметип, эне да, бала да келген тыянагы бир чыкты. Курманжан уулунун бул бүтүмгө айттырбай өзү билип, өзү келгенине, ушуга акылы, кайраты жеткенине астейдил көңүлү жибиди. Уулунун эртеңки тагдыры кыйын. Муну эне жүрөгү сезип, бирок эне кайгысын купуя эне ыраазылыгы, эне мактанычы жеңип, өзүнө ушул төтөк, ушул кайрат болду.
Камчыбек ошол эле күнү кайтып, токтолбой Повало-Шыйковский төрөнүн алдына келди.
«Кылмышка аралашкан болсо, анда мени алдады, ошондон нары Кашкарга өтүп кетет» деп ойлонуп калган эле, Камчыбекти көрүп, кадыресе кубана жүз көрүшүп:
— Ну?..— деп, Камчыбектин салыңкы кабагын абайлап, өзгөчө бир кабар болорун сезип, аны күтуп, муруту түктөйуп карай берди Повало-Шыйковский төрө.
— Төрө, Маамытбектерди бошотуң...
«Йе, не деп келжиреп отурат бу?! Коркуткусу барбы?!» деп, кабагы түктөйө:
— Эмне үчүн бошотот экенбиз, билсек болобу, бек? — деп, кытыр сүйлөдү губернатор.
— Мына, мен өзүм келдим, мени камап ал, төрө! Жети атамдан бери эч ким тоспогон көчүмдү токтотуп, бокчомду аңтарып, анысы аз келгенсип, катынымдын чачын кыркып, кордук кылганы үчүн бакылоочуларыңызды мен өлтүргөм.
Повало-Шыйковский төрө элтейип тиктеп калды.
— Ушундай, төрө... — деп, Камчыбек башын ийкей өйдө карай берди.
Не уйку көрбөгөн, не башына түшкөн мүшкүлдү көп ойлонуп ноюган, эки көзү кыпкызыл, эрегиш, тажаал кастык көрүндү Повало-Шыйковский төрөгө. Бу датка айымдын балдарынын ичинен орус акимдерине айрыкча ынак, ар дайым ийкемдүү, ар дайым кепке үйүр, нары да сыпаа, иреңи башка болучу, кылмыш кылган кишидей кейпи көрүчгөн элес.
— Түшүнүп коюңуз, кымбаттуум,—деп, Повало-Шыйковский төрө башын чайкады,— орус закүнүндө бирөөнү бирөөгө алмаштырбайт, ар ким кылган күнөөсү үчүн өзү гана керт башы менен жооп берет. Сиз агаңыз Мамытбектин ордуна кетмек болуп жатасыз. Эмне кереги бар?!
Күнөө кылган өзү тарта берсин...
— Чыны ушул, төрө... — деп, көшөрдү Камчыбек.
Ошол күнү Камчыбек камакка алынды. Үч күндөн кийин түрмөчү колу кишенделген Акбалбанды Камчыбектин үстүнө айдап келип киргизди.
— Ой, сиз эмне келдиңиз?! — деп чоочуду Камчыбек. — Мен айткан жок элем го?! Сизге эмне кеп?! Сиз, бар болгону, шилтеген жакка тийген камчы. Ыя, сизде эмне кеп, жарыктык?!
Жаңжалдын башында болгон, кылмыш баары ошонун колу менен иштелген Акбалбан ойлонуп отуруп, өзүн күнөөкөр сезип, «кой, жаш эле, Камчы ак кетпесин, не болсо да башка түшкөнүн өзүм көрөйүн, буйгада калбай бул дүйнөдө эл алдында, тигил дүйнөдө кудай алдында жүзүмдү жарык алып кетейин» деп, губернатор төрөгө өзү келген болучу. Губернатор төрө көк мончоктой эки көзү чакчайып, катуу жини келип, сөөмөйүн кезеп, ага дароо кишен салдырып: «Сен?! Ушул колуң менен а?! Жообун тартасың, сен жырткыч кул! А, бектер бошотулабы жокпу, сен күйүкпөй эле кой ага!» деп, оңураңдап сөгүп, айдоочунун алдына салып берди. Акбалбан унчукпай бурчка келип көчүк басты. Те илгери мунун агасы Абдылла бек менен жүргөн убагында да булардан көңүл калдык деп укпаган. Оогандан Абдылла бектин жүрөгүн алып келгенден кийин ушул Камчыбектин аплына кошулган, Камчыбек аны «сен» дебей, жигит желең катары эмес, жашы улуу ага катары мамиле кылган. Көптү көргөн, кылган жакшы ишине кубанбаган, кетирген катасына өкүнбөгөн эр көкүрөк Акбалбан ушул азыр Камчыбектин туталана кейигенин таназарына алган жок, кайта жеткилең билбей сүйлөй берген боз бала сыятуу аны кага токтотуп коёр дили каткан абалында болучу. Ал өзү эл алдында да, кудай алдында да актык иш деп айткан кебине акимдин караманча көңүл салбай койгонуна катуу мустарап.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.