ТӨЛӨГӨН КАСЫМБЕКОВ
КЕЛКЕЛ (ТАРЫХЫЙ РОМАН)
Империянын бул жердеги акимдеринин атайын макулдугу болмоюн мындай түркүн кымбат баалуу асыл буюм соодалоого тыюу салынган, бул аймак чек ара, а жашырын алып өтсө аткезчилик2 болот, андай империя закүнү боюнча жазага тартылат. «Кайда-ан? Бу бир сандырактаган неме! Ошол бермет деген эмне экенин өзү билет бекен?!» деп, ишенген жок поручик Коршунов.
— Не? Бермет? Не? — деп, бүшүркөдү ал күлө. Кара кыргыз эки көзү аны сайын алайып, демиге, бермет эмне экенин төрө түшүнбөй койсо өзү ушул жерде бөөдө күйүп кете тургандай туталанып кетти:
— Бермет... Те Индстандын көк деңизинин түбүнөн гана алынат. Же, төрөм, ал көк деңизден учуп чыккан ак куунун жумурунан гана табылат, бир табылса!.. — деп, шашыла акактап, демигип шыбырады. — Жөн учурда эч тута албайсыңар, төрөм! Убагы келди — бүгүн өзү көч баштады Курманжан, эртең улуулата балдарынын көчү көчөт, Камчыбегинин көчү бүрсүгүнү өтөт. Мына ошол Камчыбектин көчүндө, төрөм, жүк үстүндө кызыл килем жабылган дөбөдөй кара нар көч ортосунда келет, мына ошол дөбөдөй кара нарга эки кичинекей темир сандык теңделген, жүз азамат эрдин кунуна турган асыл дүйнө ак бермет мына ошол эки кичинекей темир сандыктын ичинде, төрөм...
Поручик Коршунов кунт коюп угуп, тигиле тиктеп, ушул тери тондуу кара кыргыздын бермет деген асыл мүлк кайдан табыларын билгенине астейдил тан калды. Дагы башын чайкап конду. «Ак куунун жумурунан» дегени кызык баарынан! Мындайды асти уккан эмес. Ушул азыр тиги күбөгө ычкыр кашатынан бир бермет алып көрсөтө тургандай туюлуп, те көңүлүнүн түпкүрүнөн лабязи акырын өрттөнүп турду.
— Ну, сен өзүң кимсиң? — деп, кызыгып сурады.
Тиги тымпыя эрдин кымтып, көзүн жумуп, безелене башын чайкады. «Мунусу өлтүрсөң да айтпаймын» дегени эмеспи, такыбады поручик Коршунов. «Да-а, ким айтып келгенин билип калышса «кара кыргыз каныкесинин» балдары муну оңдурмакпы?!» деди ою. Эми түн жамынган кара кыргыз башын нечен ирет ийкегилей кайырлашканын түшүндүрүп, ошол кымырыла өңкөйгөн бойдон, таманы шырп дебей, тыпшыйган мурдунан жели да чыкпай жыла басып, көлөкө сыяктуу акырып көздөп далдаланып кетти.
Эмне кылуу керек? Бул кабар уңгулуу сыяктуу. Ыя, ушунча баркы, ушунча «кара кыргыз каныкеси» атанган сөөлөтү боло туруп, кантип эле ушундай бир кымбат баалуу өлү дүйнө күтпөй калсын?! Бул аныкталса, империя тартибине коошпой турган иш, энесинин кадыр баркына каралбай балдары тийиштүү айыпка жыгылып калат. Поручик Коршунов ойлонуп калды. Ишенбей, маани бербей калтырса бу жымырылган кара кыргыз дагы кайда барып айтарын ким билсин?! А ишенип алып тополоң чыгарса, издеген бермет колго түшүп калса го жөнү башка, колго түшпөй калса, кудай уруп, «кара кыргыз каныкеси» менен мамиле кирдеп, ал үчүн жогору жакка жооп берип отурмай. Эмне кылуу ылайык?
Чек ара бакылоочу сегиз атчан аскер айтылган күнү Камчыбектин көчүн утурлап, мерчем жерге чыкты.
Поручик Коршунов отряддын ортосунда туш тарапка дүрбү салып, ар жерге токтоп, кармашып калуу деген эч оюнда жок, кармашып калса көчтө курал барбы, камырабай аңгеме салып келет.
— Мына, бүгүн биз бул элдин илгертен барктуу, тектүү бектеринин көчүн кармайбыз. Илгертен Кашкар, андан нары Кытай, Тибет, андан нары. Индстан менен алака кылышып, соодалашып, керектүү оокат, асыл дүйнө алышбериш жургүзүп келишкен. Дагы эле ошондой экен деп жүрүшөт. Эч андай болбой калган! Ушул күндө баягысындай кылган соодасы, алакасы Россия империясынын талабына төп келбейт, аткезчилик болуп бааланат, кармалат. Тигн эле Алтайдан Кара-Корумга дейре бул улуу тоо кыркалай аары Кашкар багыты Кытай энчине берилип, быягы бүт Түркстан Россиянын энчине бөлүнүп, те алда качан 1858-жылы эле «орус кытай чеги» болуп, картага сызылып коюлган. Бул шартнама Кашкарда да эмес, Кокондо да эмес, тиги Бейжин менен Санк-Петербург сарайларында жазылып, чоң салтанаттарда кол коюлган. А бул элдин караламаны түгүл беги караманча кабарсыз, нары жагына бир өтүп, бери жагына бир өтүп, баштагысындай жайлап күздөп жатышат. Мына, көчүн токтотуп, сандыгын аңтарабыз, бүгүн билишет...
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.