ТӨЛӨГӨН КАСЫМБЕКОВ
КЕЛКЕЛ (ТАРЫХЫЙ РОМАН)
— Э-э, бул эмне?! —деп эрдемсиди баягы муруту салаңдаган карт бакылоочу.
— Катуу жазалап коюу керек турбайбы?! Эки улуу империянын ыйык чек арасын бузган кимиси гана болбосун?! Ыя, улуу урматтуу падыша атабыз чек сызып, өз колун коюп отурса, а бу жапайылар нарыбери тепсей беришеби?!
— «Өз жерибиз» дешет ко?! — деп кычатып койду поручик.
—Э-э,— деп күүлдөдү бакыйган карт бакылоочу,— кандайча «өзүнүкү» болот экен?! Биз кан төгүп отуруп, богдыхан менен бөлүшүп алган жерибиз бу!
Поручик Коршунов кайра ат үстүнөн дүрбү салып, те бирине-бири кабаттала кыналышкан, биринен-бири шыңкыя көк тиреген, ак мөңгү көк муз кылда чоку кыйрын сыдыра тиктеп, көптү көрүп, бирок түбөлүк бир түйшөлбөй, бир оонабай, бир онтобой, түбөлүк өзгөрбөй ың-жыңсыз жаткан улуу тоо сөөлөтүнө шыпшынып, тең, өзгөчө баа коюп, ой чаргытып турду.
Көч алды көрүндү бир убакта. Өз көчүн Асел айым өзү баштаган экен. Элирген тору кашка айгыр минген. Көч үстүндө да ак шайы үлпүнчөгүн албай, өзүнчө бир ширин кыялга берилген, андан нары үргүлөп да кетип, кайра сурмалуу кара көзүн кылгырта араң ачып, араң ойгонуп, талыкшый ныксырап келет. Көч шааниси коңгуроо шыңгырайт, көч арасында тайлагы адашып келаткан каймал боздойт, жай гаалгый көч бейпил.
Поручик Коршунов отрядын экиге бөлдү. Көч кашка жол тең жарган кичинекей сары түзөңгө келген ченде бир тобу алдынан, бир тобу артынан бакылоочу отряд курчап чыкты.
— Токто-о! — деп кыйкырды поручик Коршунов камчылуу колун көтөрүп.
—Текшерүү! Текшерүү кылабыз!.. Ак шайы үлпүнчөктүү айым көңүл бурбай, карап да койбой ат үстүндө оолжуп, токтолбой өтө берди.
Поручик Коршунов жалаң жүз, кишиге ымаласы бат келген илбериңки адам болучу, бул айылга көп келип жүргөн, Камчыбектин өзүн да жакшы таанычу, анын жаш зайыбы бар экенин уккан, ошол экенин болжоп, айымдын жолун тостурбады. Жүктүү унаалар шыкалып келип, ири алды токтоло калды. Поручик Коршунов чакчарыла ат бастырып:
— Текшерүү! Текшерүү! — деп, жанына не себеп экенин сурамакка ат желдирип жеткен жигит башы кадимки Акбалбанды андан нары ээрчите кыдырып келди да, чын эле үстүнө кызыл килем жабылган дөбөдөй олчойгон кара нарды камчысы менен көрсөтө берди.
— Ну-ка, ушул төөнүн жүгүн карап көрөлүчү, ну-ка!
— «Издегениңиз эмне, кадырлуу төрөм, өзүбүз айталы?..» деп, Акбалбан арага түшө калгыча, төрө ага бирдеме жооп айткыча аны сайын шеги күчөп кеткен бакылоочулар чөгөрүп отурушпай шарт-шарт кылычтап, арканын кесип, эки темир сандык томолонуп түштү жерге. Экөө тең кулптануу экен, бакылоочулар кармалашып, мылтыктын кундагы менен ургулап көрүшүп, ача алышпай туруп калышты. Поручик Коршунов Акбалбанды карай чаңырып жиберди:
— А-ну-ка! Тап ачкычын! Акбалбан жакында эле Камчыбек менен ууга чыгып ойноп кеткен бу төрөнүн эмне минтип каарланып, кыялы терс айланып калганына аңтаң калып:
— Кичи айымда... —деп, акырын күбүрөдү. «Ушуну айтуу керек беле?» деген кооптуу күдүк ой басты өзүн. Эми көңүлү жайланып, адамдын иреңиндей, көңүлүндөй миң бир кубулган асыл дүйнө ак бермет эми өзү чууруп колуна түшөрүнө ишенип, көз көрүнөө толкундап, өзүнчө кыртылдап күлүп, өзүнөн да айрыкча өрөпкүп карт бакылоочусуна буйрук кылды:
— Тез! Тез, көч алдына кеткен ак үлпүнчөктүү катынды көрдүң го, чап, ачкыч ошондо экен, алып кел. Тез! —деди поручик.
Жеткенинче кошо барган көччү жигит аркылуу шашылыш сурап, темир сандыктын ачкычтары чачынын учунда экенин билери замат жоо кыйрагып жаткандай оолугуп кеткен солдат Асел айымдын кош өрүм колоң чачын үлбүрөй чубалган чачкабын кошо тутамдай кармап, курч кылыч менен чарт кесип алды да, салаңдаткан бойдон кайра артына адыраңдата чаап келди.
Ыргып түшүп атынан, башчысына да карабай солдат зайыптын кош өрүм кара чачын булактата учундагы көп ачкычтын улам бирин сандыктарга салып кирди.
Баары үймөлөктөп, баарынын көзү көгала чыттын гүлүндөй чакчайды. Кесилген чачты көрүп, Акбалбандын жүрөгү болк этти. Майып кылган белем, кокуй! Көч алдын көздөй чапты.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.