Мухтар Ауэзов
КӨК ЖАЛ
Бөлтүрүк айылга келгенден эки күндөн кийин көзүн ачты. Боз үйдө ага даярдап койгон эч нерсе жок, сырттан иттердин үргөнү угулуп, мурдуна кандайдыр буруксуган жыт келет. Түнкүсүн болсо Курмаш бөлтүрүгүн койнуна алып жатат. Ушул бөлтүрүгү үчүн жанындай жакшы көргөн чоң энесинен бөлүнүп, өзүнчө башка жата турган болду.
Көгүш түстөгү тиши курч, өзү араңжан бул жырткычты жалгыз чоң энеси гана өчү бардай жактырбайт.
– Карасаң, жерден боорун көтөрө электе кулагын тикчийтет. Бул али жетиле элек, жетилгенде азуулуунун өнөрүн көрүп ал, – дейт чоң энеси.
Бул сөзгө бала териге түшөт.
Жай ортологондо бөлтүрүк чоңоюп, күчтөнүп, айылдагы өзү теңдүү күчүктөрдөн эч айырмаланбай калды. Болгону жүнү үрпөйүңкү келип, бөрүбасардын эле өзүнө окшош. Ошентсе да айылда жашоо ал үчүн жеңил болгон жок. Курмаштын чоң энеси сыяктуу эле айылдагы бардык иттер аны менен келише алган жок.
Үйдөн кичине эле алыстаса болду, арсылдаган кабаган иттер качан болсо тосуп чыгып, туш-туштан талап кирет. Курмаш ага болушуп, иттерди уруп ажыратканда короочу иттер ага нааразы болгондой аргасыз четке чыга беришет. Ал эми бөлтүрүккө болсо айыл ичи түрмө сыяктуу кысылып, демигип кетет. Ал ээн талааны, жыты аңкыган көп түрдүү жапайы чөптөрдү, кең мейкиндикти эңсейт.
Бир күнү чоң үйдүн килейген кара дөбөтү Курмаш жокто бөлтүрүктү кууп жетип, көтөрө чаап көпкө чейин уйпалап тургузбай талады. Анысы аз келгенсип айылдын башка иттери да жетип келип, туш келди бутунан, капталынан тарткылап, жөн эле жүндөй тыткылашты. Туш-туштан жүгүрүп келген балдар, чоң кишилер араң ажыратышты. Уйпаланган, кордук көргөн байкуш бөлтүрүк, үй четине барып тескери карап турган калыбында азуу тиштерин арсайтып, бир нерсеге катуу ызырынгандай болду.
– Тигини, дудук... Кекирейген байкуш! – деди кишилер таңдана.
– Бу күчүк азыр колунан келсе жерди тиши менен көсөп калбыр кылгысы бар.
Аялдар аны кубаттап кетти:
Ууру! Ошондуктан унчукпайт.
Бул да чындык эле. Бөлтүрүктүн соргоктугу Курмашты да таң калтырып, тынчсыздандыра турган. Курмаш дайым аны жакшы көрүп, тамакты айылдагы башка иттерге караганда көбүрөөк куя турган. А бөлтүрүк болсо эч качан тоё тамак жебегендей, өзүн ачкадай сезчү.
Аны айылдагы иттердин күн ысыкта да эшикте жүгүрүп жүргөнү көбүрөөк таң калтырар эле. Бөлтүрүктүн эки бөйрөгү, төш жагы чымырынан келип, кежигеси кадимкидей өсө түштү. Ал дайым ачка калгансып үй ичин жыттагылап, жылма кара тумшугун жерден алчу эмес.
Киши карап турганда ал тамакка тийбейт, дайым тескери бурулуп кетет. Киши мындай басары менен алдындагы тамакты заматта жалмап бүтүп, эч нерсе ичпеген немедей ит аягын каранып туруп калчу.
Бир нерсени сугалактык менен жалмап, жутканы кимди да болсо таң калтырар эле. Бирде бышкан этти ашканадан чала бекиткен жеринен таап жесе, бир туруп казандагы эжигейге башын салат, же жаңы союлган малдын терисин керегеге илген жеринен тыткылап кирет.
Ушулардын баарын ага арнап коюп койгондой сезет. Көп убакта уурулугунун үстүнөн кармалып калар эле. Андайда аны тоголото чаап, эч ким аёочу эмес. Ал үбөлүктүн башына «каңк» этип тийгени да, абаны жара ышкырып келип тийген камчыны да «татып», баарын өз башынан өткөрдү. Мындайда ал тез буйтап качат да, анан үнсүз гана тиштерин арсайтып айбат кылган болот. Катуу таяк жесе да, бир да жолу каңшылаган учуру болгон эмес.
Айылда бөлтүрүк жөнүндө көп эле сөздөр айтылат, ал түнкүсүн иттерге байкатпай короодогу койлорго кирип, козулардын куйругун жыттагылап, койлорду үркүтө берет имиш. Кимдир бирөө анын жашынып талаага качып баратканын да көрүптүр.
Курмаш айылдагы мындай сөздөрдү укса да, укмаксан болду. Бөлтүрүктү Курмаш канча жолу тарбиялап үйрөтүүгө аракеттенсе да, ал уурулук менен ээси өзү берген оокаттын айырмасын ажырата түшүнбөй койду.
Көксерек Курмаштан коркчу эмес, анын көзүнчө тартынбай берген тамагын ичүүчү. Качан Курмаш бөлтүрүккө эт сунганда ал албай, четинен тиштеп үзүп ала турган. Курмаш бир да жолу бөлтүрүгүн башка иттерге окшотуп уруп көрө элек. Бала бөлтүрүктүн эч кимге жагынбаганын, кашкөйлүгүн, күн санап өсүп, желке жүнү карайып сүрдүү көрүнө баштаганын өз ичинен жактырар эле, өзүнүн бул сүйгүнчүгүн Көксерек деп атоочу.