Мухтар Ауэзов
КӨК ЖАЛ
Ушундай соргок, күрсүйүп чоң болуп туруп, каракчы карышкырдын кутулуп кеткенине таң калышты. Айылдын жигиттерин уятка калтырыш үчүн карышкырга канат бүтүп, качпай эле учуп кеткенсийт.
Күндүз адам өтө алгыс калың камыштын арасына же көлдүн баткактуу сазына барып жашынат. Түнкүсүн аны эч ким токтото албайт, адамдардын кыйкырыгы, иттердин үргөнү, мылтыктын тарсылдап атылганы ага кеп эмес. Чабандар эч пайдасыз үнү бүткүчө кыйкырып, бекер эле күңүрт көлөкөгө ок артынан ок коротуп жатты. Карышкыр эч зыянсыз, жаткан жерине түн тынчтыгын бузган жаңырык тынчыганда гана кайтат.
Ошол жайда Көксерек аябай семирди. Калың жүнү кирпинин найзасындай тикчийип, эки бөйрөгү тартыла бою да өстү, бирок ток болсо да бир саат тыныгууну билбейт.
Эми ал үйүрлүү жылкыга да тийчү болду. Бир жолу уурданып жакын барып, секирип барып бир тайды куйруктан тиштеп туруп чирене тартты эле, тай бир ордунда чиренип туруп калды. Тай бардык күчү менен чиренип тартынганда карышкыр коё берди, тай күү менен оңкосунан кетип аласалып жыгылганда, ач карышкыр баса калып тамактап таштады.
Күз да тез өтүп, жаан-чачын, күн-түн борошологон кардуу бороондун мезгили келди.
Аяздуу күндөрдүн биринде Көксерек ачык талаадагы адырда күтүүсүздөн топ карышкырлар менен карп-күрп беттешип калды.
Кар тозоңун куюндата чаңытып, топ карышкыр жүгүрүп келип тегеректеп калды. Көксерек топ баштаган көк жал карышкыр менен эшик төрдөй аралыктан бетме-бет чыкты, азуусу арсайып, оозунан буу чыгат.
Бирок топ карышкыр бул жолу өздөрүнө жем болчу жаныбарга эмес, ушул жерди мекендеген көк жалга жолукканын биринчи эле беттешкенде сезишти. Көксерек куйругун чатына кыпчыган калыбында жаалдана, бирин да жакын жуутпай, болоттой курч азуусу менен качырып келгенин кагып жиберет. Көксерек көк жалдан эки эсе жаш болгону менен бою жагынан да, салмагы жагынан да тең болчу. Ал эми тулку, сырткы көрүнүшү жагынан топ карышкырдын ичинде буга теңдеш бирөө да жок эле.
Канчык карышкырлар биринчи болуп Көксеректи жытташты. Жашыраак дөбөт карышкырлар сактана ага жакындады. Бир гана көк жалга ал өзүн жыттаткан жок, тиги да Көксеректи өзүнө жакын жуутпады. Топ карышкыр карга оонап-оонап, тоң кардан сугунупсугунуп алышты. Көксерек да ошентти. Арадан көп өтпөй Көксерек топ карышкырлардын алды жагында көк жал менен катарлаш бара жатты.
Таң эрте Көксерек топ карышкырды баштап жайыттагы жылкыга тийди. Бир бээни бөлүп алып, кууп отуруп күрткүгө камап жыгып алды да, кара дөбөттөй жара тартты. Тегеректеп турган карышкырлар туш-туштан жанталаша тиш салды. Көксерек үйрөнгөн адаты боюнча бээнин көөдөнүнө тумшугун тыгып жеп киргенде желкесине тийген азуунун соккусунан улам башын тартып алды. Жанында жаалдана азуусун арсайтып көк жал турат: так ушул жери көк жалга тийиштүү боло турганын ал билген эмес.
Булоологон жаңы этке алаксып, Көксерек көк жал менен укук талашкан жок. Экөө тең кайрадан этке кирди. Жашыраактары тайдын кардына башын тыгып жиберип, үзүп-жулка жеп жатты. Карышкырлар бирин бири жөөлөшө, ырылдаша үзүп-жулкуп жанталашат.
Жалгыз арткы саны калганда Көксерек менен көк жал калды. Башкалары бул экөөнө жол бошотуп чыга берип, бутуна башын жазданып, бээнин этин сөөгү менен кошо үзүп-жулкуп жеп жатканын көз айырбай карап турушту. Жеп бүтүп, көзүнө чейин кан болгон эки көк жал оор дем алып, бирин бири каардана тиктеп, экөө эки жакка басып кетти.
Анан топ карышкырдын ортосунда бири-биринен бөлүнүп, алыс жатты. Канчык карышкырлар көбүнчө Көксерекке жакындагысы келип, айланчыктайт. Көксерек сактана каардуу көк жалдан көзүн албайт.
Ошентип, экөө бирин бири аңдыша далай күн топ карышкырды баштап жүрдү. Экөө жупташа жортсо да, жүгүрсө да тең жүгүрөт, эгер бирөө биринен карыш эле озуп кетсе, ошол замат же буттан, же капталдан тиштеп токтотот.
Ай жарык болгону менен шамал жок, тынч, тишке илинер эч нерсе жок, баары ачка. Көксеректин каары кайнайт. Топ карышкыр экөөнөн алыс, артта эле. Ошол убакта эки көк жалга жакын эле жерден бир коён катуу секирип, жанталаша качып жөнөдү. Көк жал, Көксерек экөө тең жарыша коёнго жетип, жара тартып эки бөлүп кетишти. Экөө оозуна тийгенин бүкүлү бойдон ач көздөнө сугунуп жиберип, анан өчүккөн эмелер бирине-бири тап койду. Төрт бутунун алдында кар тозоңу сапырылып, азуусу тийген жерлерин карсылдата үзүп ыргытышты. Кагышкан курч азуулар талаа тынчтыгын бузду.