Касым КАИМОВ
Күтүлбөгөн жолугушуу
Түш чен. Аксакалдын тыныгуу убагы. Ал тыныкпай эле оокаттанып отурган. Жумуш күнү ортосундагы бир саат убакытты өзөк жалгоого жана аны менен бир учурда дем алууга пайдалануу көнүмүшкө айланганы үчүн гана тыныгуу убагы деген жалпы түшүнүктөн чыга албай жүрөбүз. Бул туура эмес, оокаттануу жана тыныгуу эки башка нерсе. Оокаттануунун өзү жумуш. Ыгын билбеген киши тамактануу учурунда эле чарчайт. Көп жесе кеселге чалдыгат, аз жесе ачка калат. Ал эми шашып-бушуп тамактанып, ошо бойдон карбаластап жумушка кирген киши жинигүүгө мүмкүн.
Аксакал кызматчы, жөн гана кызматчы эмес, мекеме башчысы. Жумушу мол, андан да жоопкерчилиги күчтүү. Ишинин жеңилдигине же оордугуна, жоопкерчилиги көп же аздыгына карабастан, кызматчылар үчүн оокаттануу менен дем алууну айкын чектөө зарыл. Жакшы жери, аксакалдын кызмат абалын сыйлашып жана убактысын майда-чүйдө нерселерге коротпоо үчүн түшкү оокатты өздөрү кабинетине жеткирип беришет.
Сөздүн кыскасы, аксакал түштөнүп отурат. Столдо салат, биринчи, экинчи жана үчүнчү. Кең бөлмөнүн ичи салкын. Ачык форточкадан таза аба кирип турат. Дал ушул учурда кимдир бирөө жанына келгендей болду. Отурду. Эгерде ал тейлөөчү кызматкер болсо, табактарды ооштуруп, ал бошобосо жолтоо болбоо үчүн капкачан кетмек. Түштөнчү убагында башка бирөө минтип, бейадептик кылып, качырып кирчү эмес эле. Эмнеси болсо да, аксакал вилканы тарелкага жөлөп коюп, колун ак салфетка менен сүртүп, бейубак келген клиентке кабыл алуу шааниси боюнча сылыктык менен бурулду.
Жанаша столдо көзүн жалжылдатып күтүп отурган Тыйын чычкан экен. Кадимки эле тыйын чычкандын өзү.
Мына, кызык! Аксакал ушу куттуу мекемеге башчы болуп келгени далай кишилерди кабыл алды, далай кызык жолугушууларды башынан өткөрдү. Бирок анын баары эреже катары эң мурун секретарь же жардамчысы аркылуу качан жана кайсы убакта кабыл алынары жөнүндө алдын ала макулдашчу эле. А бу сыпайкерчиликти билбеген макулук эрежени бузганы аз келгенсип, түштөнүп отурганда уурданып киргенин карасаң!
Демейде оюнкараак жана шайдоот неме азыр ордунан козголбой, көздөрүн жылтыратып, жасакерсинип отурушунан улам аксакал анын даты бар экендигин жана адепсиздик кылып уурданып киргени үчүн уялганын сезди.
Албетте, бу бечара бекеринен келген жок. Анын кишилерге гана эмес, айбанаттарга да тиешеси бар экенин билсе керек. Аксакал жаратылышты жана айбанаттарды коргоо боюнча коомдун башчысы эле. Тыйын чычкан аны кантип билди? Жөн эле ачык форточкага туш келип, ысык тамактын жытын алганы үчүн гана окусунан келип жүрбөсүн?
Аксакал бул жөнүндө да ойлоду. Тыйын чычкан окусунан келген клиентке окшободу. Азыр ушу чоң имараттын жүздөгөн терезелеринин форточкалары ачык, кеп эле мекеме башчылары оокаттанып отурушкан. Атүгүл, жертөлөдөгү ашкананын терезелеринин баары ачык эле. Эгерде бу бечара эч нерсени түшүнбөгөн макулук болсо, ошолордун баарына кайрылбастан, эмне үчүн аксакалдын кабинетине түптүз кирет? Ооба, аны бекеринен келген жок деп эсептейли. Андай болсо, келгендеги максаты эмне? Албетте, квартира же болбосо кызмат сурап жүргөнү жок, кандайдыр даты болуш керек.
Аксакал шаарга жаңыдан гана жайланышкан тыйын чычкандар жөнүндө ойлоно баштады. Шаар бак-дарактуу, атайын парктар бар. Анда жаңы жашоочулар үчүн атайын жасалган үй-жайлары, тамактануучу орундары бар. Демек, алар орун жагынан камсыз. Оокат жагы кандай болду экен? – деген ойго келгенде, баятан бери мейман каадасын бузбай отурган Тыйын чычкандын быйпыйган таноолору былкылдап, оозунан балапандын чыйылдаганындай үн угулду.
— Түшүнүктүү! – деди аксакал өзүнчө. – Бечеранын курсагы ач турбайбы! – Анын максатын кечигип түшүнгөнү жана ага адегенде эле меймандостук көрсөтпөгөнү үчүн өзүнүн улуулугуна карабастан, мекеме башчысы андан кечирим сурап, тарелкадагы күрүчтү, капуста менен сабиз аралашкан салатты меймандын астына жылдырды.
Дасторконго чакыруу ишаратын гана күтүп турган сыпайы мейман аксакалдын жакшы кабыл алышына, өз табагына чакырышына жана аны менен насиптеш болушуна миң мертебе ыраазы болуп, оокатты ыраазылык менен жей баштады. Ушул учурда аксакалдын оюна бир нерсе кылт этти – Тыйын чычкан өз курсагынын айынан гана келбеген болуу керек, шаардын жаңыдан келген жашоочуларын азык менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган экен! Ал столунун капталындагы кнопканы басты. Заматта секретарь кыз жетип келип, тийиштүү буйрукту укту; анын өз бөлмөсүнө барып, аксакалдын жардамчысына телефон чалды. Шаардагы жаратылышты коргоо коомунун кишилери чейрек сааттын ичинде кыймылга келтирилди…
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.