Касым КАИМОВ
Күтүлбөгөн жолугушуу
Сыпайкерчиликтүү мейман аксакалдын көзүнчө сабизди кечке кыртылдатып отурбастан, ар кайсы даамдан ооз тийип, жакшы күтүлгөнүнө жана чоң кожоюндун пейлине эле тоюп, ыраазылыгын билдирүү үчүн алдыңкы буттарын бооруна алып, кош аяктап тура калып, анан ызаат кылгандай башын ийип, кош айтышты.
— Жакшы барыңыз! – Аксакал да жылуу коштошту. – Кам санабаңыз! Баары жайында болот…
Быякта килем төшөлгөн жол турса, Тыйын чычкан форточкадан кирип, форточкадан чыкканына ачууланбады. Эгерде бу макулук кабыл алуунун эрежеси боюнча эң мурун секретарга же жардамчысына кайрылса, эмгиче каалаган жерине жетмек эмес. Ага чейин шаардын жаңы жашоочуларынан далайы ач калып, мүмкүн жумуштун жыргалчылыгын көрбөй мезгилсиз мертинишет беле!
Түшкү дем алыш бүтүп, иш башталды. Аксакал учурдагы маселелер менен алагды болуп кеткен экен, чыйпылдаган дабыш чыкканын кулагы чалып, терезе жакка карады.
Ойноктогон Тыйын чычканды көрдү. Ал эмне үчүндүр форточкадан секирип түшпөстөн, терезенин ары жагында куйругун чамгарактатып, ары-бери ойноктоп, анан адатынча кош аяктап тура калып таазим кылды да, жанындагы барпайган арча жыгачына секирди. Секирбей эле учуп кеткенсиди. Куйругун булактатып, заматта көздөн кайым болду.
Аксакал анын ишаратынан улам, суроолору канааттандырылганын, мына ошону үчүн ыраазылык билдиргенин түшүндү. Саатын карады. Оокатты бир табактан ичкенден бир эки гана саат өткөн экен. «Ушунча кыска убак ичинде баары жайына келе калганы ыраспы?» – деген ою менен өзүнүн орунбасарына телефон чалды:
— Алло! Сиз, шаардагы тыйын чычкандардын абалын тезирээк билип, мени менен кабарлашыңызчы!
Ал учурдагы маселелерге кайрадан киришти… Бир аздан кийин орунбасары келди. Анын тапшырма алганына жарым саат гана болгон.
Орунбасар иштин жагдайын баяндай баштады:
— Акыркы күндөрдө тыйын чычкандар кароосуз калышкан! Шаардагы коомдун адамдары жана мектеп балдарынын күчү менен алар эки сааттын ичинде оокат менен толук камсыз кылынды!
— Жакшы! – Аксакал бу кабарды азыр гана уккансыбай сүйлөдү. – Аны билемин. Мени кыжырланткан нерсе: коомдун мүчөлөрү буга чейин эмне үчүн өз бетинче кам көрүшкөн эмес?
Суроо албетте кыйын. Ишке салкын караганы үчүн коомдук тийиштүү кызматчылар орунбасардын жемесин угушкан эле.
— Аны ал дейли. – Аксакал маселенин экинчи жагына кызыкты. – Тыйын чычкандардын адам чыдагыс абалы жөнүндө бизге арыз түшпөптүрбү?
Орунбасар ал маселени заматта тактады. Көрсө, шаардын бир адамы ушул маселе боюнча аксакалдын кабыл алуусун сурап, секретарга кайрылган экен. Секретарь аны кабыл алууну сурангандардын тизмесине киргизүү үчүн жардамчыга кайрылса, ал командировкада экен. Жардамчы командировкадан келип, аны тизмеге киргизишиптир. Бирок тизме боюнча, Аксакалга кирүү үчүн ага кезек бир айдан кийин жетмек экен.
Ушуну укканда аксакал ачууланды:
— Тизмеге жазылган кишилерди эмне үчүн этияттап карабайсыңар?! Иши зарыл кишилерди эмне үчүн кезексиз киргизбейсиңер? Бул эмне деген бюрократтык?
Орунбасар күнөлүү эмес. Баарын кылган жардамчы. Клиенттин жалынганына карабастан, «Тыйын чычкан эмес, мамлекеттик чоң иштерге чолосу тийбей жатат», – деп коюптур. Аксакалды аяп, майда-чүйдө маселелерди башкаларга оодара салуу же созуучу адатын карматыптыр.
— А, сиз өзүңүз эмне үчүн кийлигишкениңиз жок? – деди аксакал орунбасарына.
Орунбасар айыбын мойнуна алгандай нымтырап отуруп берди. Акырында эскертүү укту:
— Мындан ары этият болуңуз!
Эгерде жаңылышса, жемеге каларын, акырында азыркыдай эскертүү угарына орунбасар аябай дагдарылган. Анткени ал өз бетинче эч нерсе иштечү эмес. Көрсөтмөнү так жана убагында аткара турган.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.