САЛИЖАН ЖИГИТОВ
Кыргызга орусча айтпасаң ишенбейт
* * *
«Кибиреген калктын мыкты кишиси болгончо, килейген калктын орточо кишиси болгон артык».
* * *
«…Биз патриотизм десе эле бардыгын кыргыздаштыруу деп түшүнүп алдык окшойт. Өкмөт да ойлоду: «Ушу чиновниктерди кыргыздаштырып койсок эле алар кыргызга кызмат кылат, кыргызга күйөт». Эми көрүп атпайбызбы, коюп алган акимдеринин баары болбосо да, көпчүлүгү кыргызга күйө турган түрү жок. Менимче, министр, аким ж.б. дегендерди койсок дагы алысты көрө билген, элди, мамлекетти ойлогон патриот кыргызды койбосок, бийлик үзөнгүсүнө буту илинип, андан түшкүсү келбей, өкүртө пара жеп, жебесе эч нерсе жылдырбай, элдин эсебинен той уюштуруп, элдин эсебинен чет мамлекеттерди кыдырып, бирин-бири кожодой колдоп, өздөрүнчө өзгөчө бир катмар болуп алган кыргыздын атка минерлери заманды да, турмушту да оңдоп жыргатпайт».
* * *
«…Айтор, ар бир айылда баатыр көп экен. Акыл токтотуп карап, ойлоно келсек, эмне баатырдык кылыптыр? Ич ара согушуптур, б.а. кыргызды кыргыз кырыптыр. Балбай баатыр сарбагыштар менен согушкан, Шабдан баатыр азыр патриоттор өздөрү жаман көрүп аткан орустарды ээрчитип келген. Курманжан деле ошолор сыяктуу. Эгер реалдуу карай келсек, революцияга чейинки кыргыз баатырлары совет доорундагы биздин баатырлардан ашкан «баатырлык» кылып жибербептир. Мисалы, Чүй өрөөнүн бүт бириктирип бийлеп турган баатыр болду беле? Болгон эмес. Ага караганда Апас Жумагулович бириктирип бийлеп турбайбы. Же болбосо Курманжан датка бүт Түштүктү бийледиби? Жок, өзүнүн эле Гүлчөсүнөн узаган эмес. Ага караганда Санавар Бахапова Ошту – Кыргызстандын жарымын бийлеп турду го. Жумгалбек Аманбаев Ысык-көл менен Нарынды кошуп башкарды, ага Боронбай да, Ормон да, башка бирөө да жеткен эмес. Ал эми Ю. Абдырахманов, И.Раззаков, Т. Усубалиев сыяктууларды айтпай эле коеюн. Алар мамлекет башкарган кишилер».
* * *
«Кыргыз патриоттору кыргыз тили деп бакыргандан башка кымындай иш кылалек. Мына, «Кыргыз тил» коомунун кыргызга же кыргыз тилине пайдасы бар дейсиңерби? Чогулуштарын көрүп, Тойбаев менен Бобуловду талашын окуп атабыз го. Талашы ушу: кыргыз тилин өстүрөбүз деген шылтоо менен өкмөттөн, акимдерден, аяк-буяктан жулуп келген акчанын 15 процентин жулуп келген киши алсын деп Тойбаев айтат экен, Бобулов нысаптуулук кылып жок, 7 эле процентин дейт экен. Мисалы, Бобулов президенттен 1 миллион сом апкелсе, ошонун 70 000 ин өз чөнтөгүнө салат имиш. Ошентип жок жерден пайда таап турса кыргыз эмес, кыргызча бир ооз билбеген дунганды коюп койсо деле бакыра бербейби: «кыргыз тили эле кыргыз тили» деп».
* * *
«Эгер билим алуу чын эле «ийне менен кудук казгандай» татаал болсо, күндүр-түндүр талыкпаган мээнет талап кылса, кыргыздын көбү окуудан жаа бою качмак».
* * *
«Өзүм окуткан балдарымды байкасам, жакшы окугандарынын баары эле мугалим, эптеп-септеп бүткөндөрү деректир экен. Деректирлер айылда эмне кылат? Жоро уюштурат, бүтүрүү экзамени жакындагандан баштап, бир-эки ай балдардын эсебинен ичип-жейт. Балдарыбыз ошентип бүтүп атпайбы мектепти».
* * *
«Республикада жашагандардын санына жараша проценттесек, кыргыздын жогорку билимдүүлөрү орустан да, дунгандан да, немистен да көп. Ошол жогорку окуу жайын бүткөндөр же болбосо илимдин кандидаты, доктор болуп алгандар жашоого келгенде дунгандын алтынчы классты бүткөн баласына уттуруп коюп жатпайбы. Жашаганга жардам бербеген билимдин кимге кереги бар? Кудайгабы? Аны менен эсептешпей, үстөккө – босток ВУЗ ачабыз. Ошко, Жалал-Абадга… Баарын эле университет кылып тындык. Цивилизациялуу өлкөлөрдө билимди ишке айлантам деп окуйт. Кыргызда болсо эңкейип эмгек кылгандан кутулам, эл башкарам деп окуйт. 2,5 миллион элдин 1 миллионун билимдүү кылып, эл башкартып койсок, кимиси иштейт?».
* * *
«Интеллигенттерибиз той беребиз деп жардам сурайт, бизнесмен дегендерибиз баланчанын тоюна түкүнчө акча коштум деп көөдөнүн көтөрөт, бирок ушул элге билим жеткирели деген эч ким жок. Билимге өздөрү муктаж эмес».
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.