САЛИЖАН ЖИГИТОВ
Кыргызга орусча айтпасаң ишенбейт
* * *
«Президент өзү эки-үч мектеп ачып койсо, анан ага таланттуу балдарды чогултуп, ага да сак болуш керек, таланттуу деп аким өзүнүн мөөрөп турган торпогун деле жиберип ийиши мүмкүн, же тирүү туруп жетим деп баласын өлүп калган инисине жаздыра коюп жиберип ийиши мүмкүн».
* * *
«…Кыргыз тили сабагынын саатын көбөйтүп коюптур, аны кыскартып эле турмушка жардам бере турган сабактарды көбөйтүш керек. ВУЗдарда 5-6 жыл окутуп эмне кылабыз, илгери мугалимдерди 2 жыл окутуп эле чыгарып ийчү, мисалы, айыл чарба институтунда 5 жыл эски китептерди сайрай берүүнүн кажети не? Же философияны окутпай койсо, өлөбү?».
* * *
«Дүйнөдө коомго түз эмес, кыйыр пайдасы бар билимдүү кишилер көп. Мисалы, жазуучулар рухий турмушубузду түзөт. Бирок кыргыздын Айтматовдой дүйнөнү дүңгүрөтүп турган 100 жазуучусу же мынабу Мурат Бегалиевдей 100 композитору болсо дагы экономиканы оңдоп жибербейт».
* * *
«Орусча окуп, кыргызча жакшы билбей калгандар 30-40 миңдин тегерегинде болушу мүмкүн деп ойлойм. Бирок алар кыргызча билет, сүйлөйт, түшүнөт, болгону кыргыз китебин окубайт, кыргыз маданиятынан алыс. Эми ушулар көп көрүнүп атпайбы. Туура айтасың, мен да байкап жүрөм, «кара орустар», «киргиздер» деп сөгөт гезиттерде, жыйындарда. Бакырчаак патриоттор аларды тим эле орустан да шүмшүк кылып салды».
* * *
«Колунан иш келбеген киши улутчул болот, колунан келбей калганын сөзсүз бирөөдөн көрөт, орустар менен нан талашып жегенге жарабагандардын баары эле улутчул».
* * *
«Мен ойлойм, өзүбүздүн тагдырыбызды, мамлекеттин тагдырын ошол орус тилдүү, ишкер кыргыздарга тапшырсак… Айылдан келип, бакыргандан башканы билбей, кыска мурдунун ары жагын көрбөй, элдин таламын талашам, элге күйөм деп бирдемелерди айтып алып, анысы кыргыз элине зыяндан башка эчтеме алып келбеген балдарга, интеллигенцияга караганда алар элдин түпкү мүдөөсүн жакшы айтат, жакшы ишке ашырат. Кыргыз тилин да бузуп аткан алар эмес, ошол эле кыргызча гезиттер, радио, телевидение…».
* * *
«Ушул шаарда туулуп-өскөн балдарды өгөйлөгөнгө, жек көргөнгө, тилдегенге эмне акыбыз бар? Мисалы, Россия, анак-мынак менен иш жүргүзүп жаткан ошолор. Бизнеске аралашып, кандайдыр бир ийгиликке жеткен да ошолор. Айылдын балдары бизнес деген ушул экен деп кечке көчөдөн, базардан бирдеме сатып, кечинде тапканын ичип, мас болуп, мушташып жүрбөйбү».
* * *
«Аскар Акаевди жактаган кишилер айтып жатышпайбы азыр “Баары бир тарых өз ордуна коет, буга жакшы эле баа берет” деп. Билбейм, Кеминден өзүнүн туугандарынан эле чыгып, тарых жазып калып жакшы дебесе».
* * *
«Элге эмне деп айтыш керек? Ой кыргыз эли, сен кичинекей элсиң, үч миллион элсиң. Европанын бир шаарында үч миллион эл бар. Экинчиден, артта калган, кедей элсиң. Өзүңдү өзүң багалбаган элсиң. Дүйнө багып атат бизди. Ушуну билиш керек. Бирок биздин деле башыбыз бар. Эки колубуз бар. Эки бутубуз бар. Өзүбүздү өзүбүз бакканга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бирок жалкоолугубуздан, билимибиздин жогунан, бейпарлыгыбыздан бүт кор болуп жашап атабыз. Жалкоо элдер, начар элдер, бош элдер кор болуп туруп, анан … ».
* * *
«…Менин бир артыкчылыгым ушул: ар дайым үчүнчү сунушту айтам, аным эч качан суу кечпейт. Сунушум өтпөй турганын билсем дагы кыргыздын бир уулу катары өз оюмду айтып коюшум керек…».
* * *
«Котормо жасап колго алгыс, кутурдуң го сен жалгыз. О, кудай урган бездарность! »
(Мактанчаак котормочунун китебине жазып берген кол тамгасы)
* * *
«Биздин өкмөт, интеллигенция жалгандын тилинен чындыктын тилине өтүп сүйлөмөйүнчө эчтеме болбойт».
* * *
«Юбилейлерде мактоолордон тажайсың. Мен өмүр бою эле макталып келатам. Мактоодон жутаган жерим жок. Экинчиден, эми юбилей өткөрүп бирдеме кылайын десем элдин баарын убара кыласың да. Биздин ата-бабаларыбыз сексен-токсонго унчукпай эле чыга берген. Жолдоштор бар 60ка чыктык, жазып бересиңби деп калышат. Убара болуп, сөгүнүп атып жазып берем кээде. Өзүм той-топурга, шаан-шөкөткө каршымын түбүнөн эле».
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.