аңгеме
Мар Байджиев: Бир тоголок самын
– Коркпо, мындайдын далайын көрөсүң, – деп күлүп койдум мен. Ошондо Зайра бул чагылганды, бүркөлгөн асманды гана эмес, жаркыраган күндү, жымыңдаган жылдыздарды, учу-кыйрына көз жетпеген алтын талааларды, ийри-муйру болуп жалтырап алдыбызда жаткан Жыргалаңды, тээ тэтиги ыраакта, билинер-билинбес көгөрүп асман менен кошулушкан Ысык– Көлдү акыркы жолу көрүп турганын билсем, балким башка сөз айтар белем.
Дагы чагылган жарк этип, дагы күн күркүрөдү. Ботонун жашындай чоң-чоң тамчы тарс-тарс этип жерди чаңдатты, биз кол кармашып кыядан чыгып кетүүгө шаштык. Өлгөн жыландай ийрилген жол кыймылга келип, биз канчалык ылдамдасак, ал ошончолук узаргансыйт. Асканын жанына келгенде кара нөшөр калбырдан төккөндөй шатыратып жиберди. Чакалардагы сууга чопулдап жаан кошулуп ташыды. Чоң үңкүр бар болучу, үй салгандар илгертен бери кум алышчу.
– Жүрү, үңкүргө! – мен Зайранын колунан тарттым. Ал жерге жеткенче экөөбүз тең шөлбүрөп суу болуп кеттик. Үңкүргө кирер замат үстүмдөгү чылгый суу болгон көйнөгүмдү чечтим да, сыгып кайра кийдим.
– Сен да ушинтип албайсыңбы, суук тиет, – дедим Зайрага.
Бирок, ал мени карап кандайдыр түшүнүксүз жылмайып жер карады.
– Суук тиет! Күн суук! – деп дагы айттым.
– Эч нерсе эмес… – ал дагы түшүнүксүз жылмайды. Зайранын саал тармалданган, көмүрдөй кара чачтары маңдайына, жаактарына жабышып, ээгинин учунан сымаптай мөлт-мөлт этип жаан тамчылайт, майда жашыл гүлдүү, жупжука көйнөгү денесине кыналып, кыздын татынакай, келишимдүү мүчөсүн дааналап турат. Чуркап келгендиктен ал энтигип катуу дем алат. Көкүрөгү болсо… Ооба, эми баарын түшүндүм! Суу көйнөгү жабышкан көкүрөгүн көргөндө бир чети таңыркап суктандым, бир чети уялдым, ал тургай жүрөгүмдү кандайдыр бир кубанычтуу кыял жылыткансыды. Эмнеге кубандым экен ошондо. Балким Зайра чоңоюп, бойго жете баштаганына сүйүндүмбү, билбейм. Кыз муну байкап калган окшойт, эки колун бооруна алды да, ары бурулуп кетти.
– Үйгө кетеличи, – деди Зайра.
Мен көйнөгүмдү кайра чече коюп үстүнө жаптым, бирок, ным болгон көйнөк кантип жылытсын.
– Жаан катуу! Суубуз булганат, – деди.
– Сууну төгүп салалы!
– Кереги жокпу? Анан эмне үчүн бардың Жыргалаңга? – Мен аны тигиле карадым. Зайра уурусун карматып койгонсуп, үңкүрдүн бооруна жабышкан кичинекей ташты чукулап калды.
Мен дагы сурайын дедим, бирок, биздикинде да бүгүн эки чоң казан, күмүш самоор, эки чара толтура суу бар экени эсиме түшүп, эмне айтарымды билбей далдайып тура бердим.
– Зайраке, үшүдүңбү?
– Жок!
Зайра үңкүрдүн үстүнөн шорголоп жаанга алаканын тосуп, анын тарсылдап колуна тийип чачырап жатканын карап турат.
– Зайра!..
– Турусбек!..
Менин бетиме анын суу болгон чачтары тийди. Унчукпайбыз… Эки колум эки канат болуп жер бетине алтын нур чачкан күндү көздөй таптакыр башка дүйнөдө, жомокто учуп бараткансыдым.
– Кетели. Батыраак, кетели, – деген үн гана мени асмандан айдап жерге түшүрдү. Зайраке чакадагы сууларды төгүп жиберип, кыя менен өйдө чуркады, мен артынан жөнөдүм, жаан дагы эле басылбайт. Кырга чыкканда эки-үч атчан караан көрүндү. Бул бизди издеп келе жаткан адамдар экен.
– О, монтоңдогон шайтандар, үйдөгүлөр издеп чакчелекей түшүп жатышпайбы! – деди алардын бири.
Чакаларыбызды аларга берип коюп, кол кармашып үйдү көздөй чуркадык. Буттарыбыз тизеге дейре баткак. Үстүбүз шөлбүрөп суу, жаан бетибизден он талаа болуп шорголойт, эриндерибиз көгөрүп кетиптир, бирок, мен мунун бирин да сезген жокмун. Жүрөгүмдүн жалыны бүткүл ааламды жылыткандай. Зайра да мени карап коюп майрамдуу күндөй жылмаят. Ал өз үйүнө чуркап кетти.
Апам мени жемеледи, кулагыман чоюп, шилиге да бир-эки жолу берип калды окшойт. Бирок, аны туйган жокмун, анткени, ойлорум, сезимдерим, кыялдарым – бардыгы башка жерде, жанакы үңкүрдө, Зайранын жылмайышында, анын жылдыздуу маңдайында эле. Жок, мен ал күндү эч качан унутпайм. Андай күн эч кимдин турмушунда болбойт. Ошол күнү менин көкүрөгүмдө көптөн бери уктап жаткан өтө чоң бир нерсе ойгонуп, кыймылга келип туйлап, өзүмдү элиртип, сезимге, кыялга мас кылгансыды. Ал түнү уктамак кайда! Таңды таң аткыча канаттуу ойлор алып учуп уктатпады. Таңга жуук атамдын чий баркыт чепкенин жамынып эшикке чыктым. Ай жапжарык, асман чайыттай ачык. Миллиондогон жылдыздар күндүзгү жаанга таптаза болуп жуулганысып жаркырашат. Бирок, бир жылдыз бардыгынан мээримдүү болуп, ааламга башкача нур чачкансыйт – ал Чолпон. Менин Чолпонум… Менин Зайрам… Зайракем. Аба кандайдыр башкача жеңил жана тунук, талаа жактан жердин,эгиндин жыты аңкыйт… Кандай сонун! Турмуш да ушундай укмуштуу, ыракаттуу… Тигине менин жылдызым, менин бактым. Колумду сунсам эле Чолпонума жетем, ал жапжакын.