аңгеме
Мар Байджиев: Бир тоголок самын
Жанатан бери алаканымды жылуу тили менен жалап жаткан Кумайыкты эми гана байкадым.
– Чык! Кудай урган! – Колумду чепкенге аарчыдым.
– Э, Турусбек! Эмне уктабай жүрөсүң? Күндүз калкостун уругунан жегенсиң го күпүлдөтүп, кара баскыр, бас үйгө, – деди энем. Мен чочуп кеттим.
– Жок, – деп үйгө кирдим.
Таң атты! Эми күн чыгат, анан мен Зайракени көрөм, мен жөнүндө ойлоп жатты бекен?
Бирок, ал күнү Зайра үйүнөн чыккан жок.
Кийинки күнү энем экөөбүз короодо бир жумуш кылып жүрдүк эле, көчөдөн таягын артына алып Зайранын чоң энеси өтүп бара жатыптыр.
– Иш илгери болсун, келиним, байың келгенде биздикине бир келип кетсинчи, жанагы менин жаман кызым мурда күнү жаанда сууга барып, суук тийип калган окшойт, жөтөлүп, эти ысып калыптыр, – деди да кете берди.
– Макул, жеңе, айтайын эрте келсе. –Энем кайдыгер жооп берип тезек чампалай баштады.
Атамдын бир кесиби жөнүндө айтпай кетиптирмин. Айылдагы келиндер аны «тамырчы аке» деп тергешет. Чындыгында эле атама келип тамырын карматып, суу ич десе суу ичип, май ич десе май ичип жүргөндөрдү да көргөмүн. Зайранын чоң энеси атамды чакырып жатканынын себеби да ошол. Зайра ооруп жатат дегенди угарым менен энемди ары-бери алаксытып туруп Аалкан чоң энемдикин көздөй чуркадым.
Шарт эле кирип барып Зайракенин ал-жайын билейин дегем, бирок, дарбазасына жеткенде тартына түштүм. Алардын карала ити чолойгон куйругун эрбеңдетип мага шыйпаңдады (мени жакшы таанычу эле). Кантип кирсем? Мурда кире берчү элем, эми эмнегедир уялам… Ары-бери чебелендим, кире албадым, айлам кеткенде, короого кирип терезеден карадым. Зайра бир нерсени тигип, төшөктө жатыптыр, мени селт карады да, кубанычтуу жылмайды. «Кандай?» – деп башымды ийкедим. Ал: «Эч нерсе эмес, жакында айыгам», – дегенсип жылмаюусу менен жооп берди. Артымды карасам, Зайранын чоң энеси келе жатыптыр, жылт койдум. Үйгө келсем, энем дагу урушту, каадасынча мени өлүгүмдү да, тиригимди да кошо көргүсү келип калыптыр.
– Атаңдын жаңы куюшканы кайда, калаага барганатат!
Сарайдан куюшканды алып чыгып, атты токудум. Үйдө атам менен Мырзабек зөөкүр бабырашып отурушуптур. Экөө тең кызуу.
– Ой, абышка, базарга барсаңар мына бул көрпөнү сатып, бир ашмүшкө мамиле чай, бир тоголок самын ала кел, эртең кир жууйм! – деди энем. – Ичип алып жүрбө акчаны, мындан башка бир тыйындык эч нерсе жок!
– Мен кошо бара жаткан соң, кам санабай эле кой! – Мырзабек зөөкүр күркүрөп, атамды далыга чапкылады. Согуш жылдары чай, самын, ширеңке, туз, керосин деген нерселер өтө каат болучу. Чайдын ордуна көбүнчө зардепти күйгүзө кууруп жиберип ичер элек. Баарынан да самын тапмак кымбат. Бир тоголок самын отуз-кырк жумуртканын баасына келет. Атамдар энем берген кичинекей көрпөчөнү, дагы бир нерселерди куржунга салып, Пржевальскиге жол тартышты. Ал күнү мен Зайралардын терезесине төрт-беш жолу бардым окшойт. Түн киргенде «акыркы жолу» деп дагы бир бардым, бирок, Зайралар шамын өчүрүп жатып алышыптыр.
Эртеси кечке жуук атам менен Мырзабек келди, экөө тең өлгөндөй мас, тилдери булдурап сөзгө келбейт. Экөө эки мүшөк картошкадай болуп күп этип ээр-токумдарынан ооп жерге түшүштү.
– Жөн кой, өлсүн экөө тең ушул жерге жатып! – деп алкынды энем. Бирок, мен атамды да, Мырзабек абамды да сүйрөп үйгө алып кирип, өтүктөрүн чечип жаткызып койдум.
– Сени шашпа, масың тарар, эртең менен эсиңе келерсиң, ошондо көрсөтөм сага базарлаганды! – энем кагынып-силкинип эшикке чыгып кетти.
Эртең менен бакылдашып, энем менен атам урушуп жатканын угуп ойгондум.
– Жогол үйдөн! Төшөгүмөн айлан! Мындан көрө согушка кетип, ошол жактан өлсөңчү элдей болуп! Чык сасыбай! – деп энем эки көзү шишип, чачы үрпөйгөн атакемди жулкулдатып жаткан экен.
– Ой, мен сага эмне кылдым? – деп күңгүрөйт атам.
– Кокуй-ий, кокуй! Эмне кылдым дейт турбайбы! Эми кайда барам? Жогол үйдөн! Кана, кечээки көрпөнүн акчасы? Кана, чай?! Кана самын?! Ой, самын кана дейм, кулкунуңа келгир!