аңгеме
Мар Байджиев: Бир тоголок самын
– Э, кичине бала, ким менен бакылдашып жатасың? – деди ички үйдөн Зайранын чоң энеси.
– О, жанакы самындын теңин алдап кеткен дарыкердин уулу келиптир.
Мен кирерге тешик таппай ары-бери кайсалап турдум да, жылт эшикке чыгып кеттим. Артыман: «Жашабагыр, тигини карасаң, азыркы балдар ушундай», – деген шылдыңдар угулду.
Мырзабек атама эмне деп шыбыраганын, атам самындын айласын кандайча тапканын, анан ал самын кандайча энемдин колуна түшүп, кайра Зайралардыкына жеткиргенин мен эми толук түшүндүм.
Эртеси да Зайра эсине келбептир. Жанакындай шылдыңдан коркуп, эми Зайранын терезесине барганды да койдум. Кийинки күнү согуштан Зайранын атасы курман болгондугу жөнүндө кагаз келди.
Байкуш кемпирдин жалгыз небереси тигинтип өлүм алдында жатса; «Жалгыз уулуңан айрылдың» деп кантип угузабыз, – дешип кара кагазды убактылуу жашырып коюшту.
Зайракемдин абалы күндөн-күнгө начарлай берди. Мен болсом жөжөсү сууга түшүп кеткен күрпүчө айлам кетип ары-бери чебелендим. Жарк эткен шамым күндөн-күнгө үлбүрөп өчүп бара жатат! Таңды таң атканча көз ирмебей, ойлорумдун бардыгы Зайрада, экөөбүздүн жаанда шөлбүрөп кыядан келе жатканыбыз, анан үңкүрдөгү татынакай болуп мөлтүрөп мени карап жылмайышы көз алдыман кетпеди.
Бир күнү таңга жуук терезени бирөө какты.
– Бу ким? – дедим тура калып.
– Турусбек, атаң үйдөбү?
– Ооба.
– Чакыр, батыраак. Зайранын шайманы бошоп калды.
Бирөө мени оор нерсе менен төбөгө чапкансып, көзүм ымыр-чымыр, башым кеңгирей түштү.
– Бол бат, атаңды чакыр! – деген үн өтө ыраак жерден угулгансыды. Мен калтырап атамдар жаткан бөлмөгө кирдим. «Аталап» бакырсам да, үшкүрүп-бышкырып ойгонбой койду.
– Кечинде ичип келген, ойгонот дейсиңби? Өзүм барайын, – деп, энем туруп кетти.
Энем таң атканда келип:
– Байкуш кыз, эки-үч жолу ары барып, бери келди. Чарчап калса убалы атаңа калат, – деп ыйламсырады.
Мен түшүнбөй энеме жалдырадым.
– Бая күнү сууга барганда кичине тумоолоп калса керек. Атаңды дем сал деп чакырса, тамырын кармап көрүп: «жакшылап киринтип туруп, жаш сорпо бергиле», – дептир. – Энем бир нерседен шек алгандай мени карап алды да, ички үйгө кирип кетти.
Ал күнү ат жиберип Түптөн Алексей Степанович Кривоносов деген докторду чакырып келишти (айылдагылар аны Кривонос деп коюшчу) ал жылдары далай адамдын жанын алып калган. Айрыкча айылда кара тумоонун эпидемиясы тарап кеткенде, өзү эси ооп жыгылып калмайынча күн дебей, түн дебей айылды кыдырып укол куюп, ооруларга дары берип, төшөнчүлөрдү дезинфекциялап иштөөчү эле. Кривонос Зайраны көрүптүр да: «Айла жок, кайрат кылыңыз, байбиче», – дептир. «Дарты эмне экен?» – десе: «Мурун анча-мынча суук тийсе керек, анан кабылдап кетип эки кабыргасынан тең сезгениптир, мени мурунтан чакырганда айла болор эле», – деп жооп бериптир.
Ошол түнү Зайра таңга жетпей калды…
***
Мына болгон иш… Адамдын өмүрүндө бир гана сүйүү болушу мүмкүн… Зайраке… Ал дайыма көз алдыма келет, күлүмсүрөйт. Кийинки жылдары анын өңү, түсү туман баскансып унутулуп баратат. Жылдар… жылдар, бирок, жылмайганы. Эки кичинекей алтын балыктай жылтылдаган сүйкөсү дайыма дапдаана көз алдымда.
Турусбек чөнтөгүнөн сигарета алып тартты да, унчукпай калды.
– Эмне үчүн сен күнөөнүн бардыгын атаңа коесуң? Оорусу катуу болсо ким болбосун айыкпайт да, – деди жанатан бери унчукпай көзүнүн жашын көлдөтүп олтурган Рапия.
– Албетте! Албетте атам кылды кылгылыкты! Анын боштугу, анын мажрөөлүгү. Ал энемден корккондугунан жанакындай жок дарымдоону таап, сабатсыз караңгы кемпирдин самынын алдап алып отурбайбы. А Зайра болсо эмне? Жетиле элек кыз. Энесинин тилинен чыкпайт да. Сууга түшүрбөсө кабылдап кетпес эле. Чындап текшерсе, соттоочу иш, бул! Эх! Караңгылык, сабатсыздык.
Таң атып калыптыр. Биз Биринчи Май көчөсүнө жеткенде асфальтка суу бүрккөн машина күпүйүп чыга келди.