Жек Лондон
Мартин Иден
Мартин баятан бери кубаңдаган көлөкөдөй артынан кетпей жадаткан малайдын сунган тамагын колу менен жаңсап артка кайтарып жатып, кыска жана даана мындай деди:
— Пау.
Үстөлдө олтургандар таңгала дымый түшүштү, бул акыры ушинтмек дегендей мылжыйган текебер малай болсо бырс күлө жаздап өзүн араң басты, айтаарын айтып алып, чочуп кеткен Мартин өзү да селдейе түшүп катып калгансыды. Бирок тез эле эсине келди да:
— Бул канак деген элдин сөзү, — деп жиберди, — мааниси «болду», «жетишет» дегенди билдирет. Кокусунан оозуман чыгып кетти. Ошол замат ал өзүнүн колдоруна кызыга карап калган Руфтун көз карашын байкай коюп, анын үнсүз узаткан суроосуна жооп кайтаргандай, кебин улантты:
— Мен азыр эле Тынч океандык почта линиясын тейлеген кемелердин биринен түштүм эле. Кеме кечигип келгенинен портто жүк жүктөп калдык. Кара терге малына, берилип иштеп атканбыз. Колумдун терисин ошол жерде сыйрытып алдым эле.
— Жок, мен аны караган жокмун, — деди Руфь шашкалактап, — сиздин колдоруңуз мүчөңүзгө салыштырмалуу кичирээк көрүнөт экен.
Бирөөлөр анын дагы бир кемчилигин көрсөткөндөй Мартин кызара түштү.
— Ооба, туура айтасыз, -деди ал кейигенсип, — менин муштумум алсыздай көрүнөт, бирок каруу булчуңдарым качырдыкынан да күчтүү, соккусу да оңбогондой. Бирок кимдир бирөөнү тумшукка урганда эле ушинтип колумду канжалатып алмайым бар.
Мартин бул сөздү айтарын айтып алып, кайра өзүнө нараазы боло түштү. Өзүнүн сүйлөгөнүн көзөмөлдөбөй, кайдагы бир болбогон кепти ашыкча былжырап ийгени үчүн өзүнө жийиркенип да кетти..
— Мурда тааныбасаңар деле Артурга убагында жардамга келгениңер абдан азаматтык болуптур, — деди Руфь Мартиндин саал сүрдөнө түшкөнүн сезе койду, бирок мунун себебине түшүнгөн жок.
Анын сылык адебин түшүнүп баалаган Мартин кыздын алкышына эргип, токтоналбай кетип, чоркок тилин дагы эркин агытып коё берди:
— Түккө турбаган ишчелик кеп. Менин ордумда башка болсо да ошентмек. Урунаарга тоо таппаган бир ууч каңгып жүргөн сандалбаптар да. Артур аларга тийишкен деле жок. Жалгыз кишиге жапырт жабылганда мен карап турмак белем, өзүлөрүн тике качырдым, сазайын жакшылап эле колдоруна бердим окшойт. Ырас, колумдун сыртын бир аз сыйрып алдым, эки-үчөөнүн тиши күбүлдү окшойт тигилердин. Өзүлөрү келип катылгандар ушуну көрмөк. Эми мен мындайды көргөндө барбы...
Ушул замат ал өзүнүн Руфь менен бир абадан дем алууга да татыксыз бечара экенин дагы эстей келе калып, оозун ачып баратып унчукпай калды. Ошол маалда Артур да жөн турбай, паромдо болгон окуяны жыйырманчы жолу кайталап бежиреп айтып кирди, — аракка тоюп алган кайсы бир безери мастар ага кол салган экен, анан кайдан жайдан Мартин Иден келе калып арачалап куткарып алыптыр. Ал антип айтып атканда окуянын каарманы болсо каштарын үрпөйтө унчукпай, аша чаап кеткенине дагы эле наарзылана, өзүн бул чөйрөдө кантип алып жүрсөм экен деген баягы түпөйүл ойго кайрадан батып кетти. Эмне сүйлөп, эмне кылса да анысы орду менен болбой атпайбы. Бир тукумдан болбогон соң буларчылап асемдеп сүйлөй алмакпы. Түшүнүктүү да. Же аларды эле туурай берсечи? Бирок бул оюну ордунан чыкпай тургандай сезилди, анткени анткорлук анын табиятына жат нерсе эле. Алдайын же жасалма кылайын деген өмүрүндө болгон эмес. Эмнеси болсо да ал өзүнүн турган турпаты кандай болсо, ошондой кала берүүнү туура көрдү. Азырынча алардын тили менен сүйлөй албай жатат, бирок бара-бара сөзсүз буга жетишет, ичинен ишенип турат. Эми эмне, таптакыр унчукпай отура бермек беле! Өзүнүн көнгөн эле кара жалпак тили менен эле, бирок алардын эсин чыгарбагыдай, жатык, түшүнүктүү кылып, жумшарта сүйлөгөнгө аракет кылат. Кечке дымын чыгарбай, эч нерсе түшүнбөсө да уккандарын түшүнгөндөй түр көрсөтө тымпыйып олтура берсе, тигилер чынында эле бул бирдемени түшүнүп атат экен деп ойлоп калышын такыр каалабай турду.
Ошондуктан университеттеги иштердин жайын сүйлөшүп жатышкан ага-ининин «триг» деген сөздү бир нече ирет кайталашканын угуп калган Мартин жанагы оюна баш ийип:
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.