Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Акырын столду тегеректеп отургандарга көз кырын салды. Бет маңдайында отургандар Артур менен Норман. Руфтун бир туугандары деди ичинен, ошол замат ичи ысып, аларга мээрими балкып кетти. Карачы, буларды, бири-бирине үйрүлө түшүп турушат экен! Ошол замат эми эле Руфь апасын кантип утурлап тоскону, экөө кантип ооз учунан өбүшкөнү, анан кыналыша өзүн көздөй баскандары кайрадан көз алдына келе түштү. Өзү чыккан карапайым дүйнөдө болсо  ата-эне менен балдарынын ортосунда мындай сыпайы сылык мамилелер адат эмес эле. Мунун баары ага ачылыш сыяктуу болуп жатты, жанатан бери байкагандарынын баары ак сөөктөр жетишкен бийик даражанын далили болду. Бул көрүнүш Мартин өзү ушул дүйнөдөн көрүп турган сонундардын сонуну эле. Карап туруп көңүлү балкып, жүрөгү көлкүлдөп эрип бараткансыды. Ушул тапта бүткүл табияты сүйүүнү, жакшы көрүүнү эңсеп кетти. Анткени сүйүү анын жашоосунун али орду толо элек, ажырагыс зарыл муктаждыгы эле. Бирок, ал мунсуз эле жашап келди го, жалгыздыктан жабыркаган жан-дүйнөсү барган сайын катаалдашып баратканын билген да, сезген да жок эле. Сүйүүгө муктаж экенин өзү эгерим аңдаган эмес, ага азыр да башы жетпей олтурат. Ал сүйүү кандай болорун эми бул жерге келгени сыртынан гана көрүп турду, мунун баары ага ушунчалык баасы жок асыл, кол жеткис бийик, укмуштуудай керемет болуп көрүндү.

Баарынан да азыр үйдүн кожоюну мистер Морздун жоктугуна кубанып жатты. Руфь, анын апасы жана бир тууганы Норман менен таанышканы деле жетишет. Артурду болсо анча-мынча билип калды да. Анан атасы менен да таанышуу ашыкча болуп кетмек. Өмүрүндө ал эч качан мындан кыйын ишти аткарган эмес.  Дүйнөдөгү эң оор деген жумуш мына бул окуя менен салыштыра келгенде ага азыр жөн эле баланын оюнундай сезилип турду. Мурда колу көнбөгөн момундай майда-барат ишти кылам дебатып кыйналганынан чекесинен мончоктогон тери чыпылдап, үстүндөгү жегдеси да сууланышып чыкты. Ал тамакты эми мурдагыдай баса калбай, кантип колдоноорун билбеген мына бул жаркыраган аспаптардын жардамы менен жеши керек, акырын башкаларга көз салып байкап, алардан үйрөнө да отурушу керек, ошол эле маалда сырттан тынымсыз агылып келибаткан жаңы таасирлерди өзүнө сиңирип, аларды аң-сезиминде иреттеп да отурууга тийиш; анан да жүрөгүнө чок салып, бүдөмүктөгөн кусалык ойготкон кызды элжирей тиктеп, ал жашаган жашоонун чөйрөсүнө аралашсам деген эңсөөсү зарыктырып, ага кантип жетсем деп тынымсыз ойлоп кыйнала да берди. Бет маңдайлаш олтурган Норманды же башкаларды улам көз кыйыгы менен тиктеп коёт, алардан бычак, айрылардын кайсынысын кандай учурда колдонуш керектигин кунт коё байкап олтурду; ошол эле учурда ал отургандардын жүздөрүн жакшылап эстеп калууга жана өзүнүн Руфь менен канчалык мамиледе экенин билүүгө ынтызарланып жатты. Мындан тышкары ал сүйлөшү, башкалардын ага айткандарын же эмне тууралуу кеп болуп атканын  угушу, зарыл учурда аларга жооп кайтарып, бирок мында бейбаш сүйлөп көнгөн тилинен балп эткен бирдеме кокус  чыгып кетпесинен сактанып отурушу керек эле. Дагы бир коркунуч — кара басып, үй кызматчысы да жаны тынбаган эпилдеген неме экен, дабыш алдырбай улам далысынан пайда боло калып, мойнун созо табышмак сезилген ар кандай тапшырмаларды берип, жооп бергенге аргасыз кылып атканы аны ого бетер жүдөттү. Баарынан да тамак ичип бүткөн соң манжалардын учун салып чайкай турган чөйчөкчөнү ойлоп сар-санаага батканычы. Ойлобоюн десе да болбойт, бул эмне болгон идиш болду экен, аны качан алып келишет деп ичинен бушаймандана берди. Буга чейин укканы гана болбосо, аларды дегеле көзү менен көргөн эмес, мына эми азыр алып келгени турушат, анткени ал тамактан кийин манжаларынын учун дайыма суу менен чайкап көнгөн мартабалуу ак сөөк жандар менен бир үстөлдө чогуу отурбайбы. Андай болгон соң аларга кошулуп, өзү да манжаларын чайкашы керек. Бирок баарынан да аны камтама кылганы, бул адамдар менен деги өзүн кандай кармаса экен? Мээсин чыңалтып, тынчын алыбаткан ой ушул болду. Бир туруп өзүнүн ким экенин билдирбей, амалданып койсомбу дейт, бирок ошол замат башка опуртал санаа оюна келе түшөт: анте да албайт, себеби жасалмалуулук ага жат эле, минте турган болсо, абийири ачылып, уят болуп калышы турган кеп.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.