Жек Лондон
Мартин Иден
Канчалык ооматы келишпей атса да Мартиндин көңүлүн жубатып, колдогон баягы «Ак Чычкандан» алган кырк доллар жөнүндөгү эскерүү болду, бирок тыйын тапсам деген үмүттө көп убактысын майда-бараттарды жазганга арнады. Ошентип жүрүп күтүлбөгөн жерден агрономиялык жана соода журналдарынан «токочтук орун» таап алды, диний журналдарга жакындашып көрсөмбү деди эле, байкаса, ал жакта ачкадан өлчүдөй.
Мартин кара кастүмүн кайра дүкөнгө алып келип тапшырып, аргасы куруп турган кыйын учурда кудай жалгап, чыгармалары — республикалык партия жарыялаган сынактан жолу болуп калса болобу. Ырасы, бул бир эмес, үч сынак эле, Мартин үчөөндө тең жеңүүчү болуп табылды. Ушундай айла-амалдар менен аракет кылууга туура келгенине өзү да кейиштүү күлгөн болду. Анын поэмасы он доллардан турган биринчи сыйлыкка, үгүт ырлары беш доллардан турган экинчи сыйлыкка жана эң акырында республикалык партиянын милдеттери жөнүндөгү көлөмдүү макаласы кайра эле жыйырма беш доллардан турган биринчи сыйлыкка татыктуу болду. Бул окуя аны кубанычка батырды, бирок сүйүнгөнү акчаны алышка келгенде суу сепкендей болду. Кыязы, комитетте бир ыйкы-тыйкылык чыкса керек, мүчөлөрүнүн арасында бир сенатор, бир банкирдин болгонуна карабай, комитетте сокур тыйын да жок болуп чыкты. Ошентип, мындагы териштирмейлер бүткөнчө Мартин карап турбай, демократтык партия тарабынан жарыяланган конкурска да катышып, «Демократтык партиянын милдеттери тууралуу» деген көлөмдүү очерки үчүн биринчи сыйлык — жыйырма беш доллар акчаны сынактын жыйынтыгы чыгаары менен нак колуна санатып алды. Ал эми республикалык партия тарабынан жарияланган биринчи сынактан алчу кырк доллардын ошол бойдон караанын да көргөн жок.
Эми Руфь менен кездешүү үчүн бир амал ойлоп таппаса болбой калды. Анткени Түндүк Оклендден Морздордун үйүнө чейин барып келүү көп убакытты талап кылчу, ошондуктан Мартин өзүнүн кара кастүмүн күрөөгө таштап, бир велесепет сатып алмак болду. Убакытты да үнөмдөп, велесепет менен барып келип туруу саламаттыгына да пайдалуу болмок да. Анын жука кендирден тигилген кыска шымы, эски свитери велеспетчинин формасынан кем калышпай калды. Ушинтип Мартин эми күн сайын Руфь менен түштөн кийинки сейилге чыкчу болду. Руфтун үйүндө жолугушуу экөөнө анчалык ыңгайлуу эмес эле, анткени миссис Морз баягы эски планы боюнча үйүнө топуратып ак сөөктөрдү чакырганын токтоткон жок. Конок үйүнөн кечээ жакында эле кездешкен тандама чөйрөнүн Мартин мен да ушулардай болсом деп суктануу менен ылдыйдан өйдө караган өкүлдөрү эми итиркейин келтирчү болгон. Бул чөйрө эми ага эчак эле тандалма болбой калган. ыжырын гана кайнатты. Эми ага бул тандалган чөйрө болбой калды. Турмуштан тарткан запкысы, тыным албаган оор жумуш жана ишинин оңунан чыкпаганы Мартинди ачуулуу, кенедей нерсеге туталангыч кылып койгон эле, андыктан мындай адамдар менен сүйлөшкөндө жини шакардай кайнап кетчү. Мунусун бой көтөргөндүк деп айтканга болбос. Мартин адамдарды өзүнө салыштырып эмес, өзү китептерин жата калып окуган улуу ойчулдар менен салыштырып сынаар эле. Руфтун үйүндө ал профессор Колдуэллден башка чыныгы акылы зирек бир да адамды көргөн жок. Баса, ал да Морздордукунан оолактап качып калган эле. Ал жактагы калгандардын баары жарыбаган догматтар, ою пас пенделер эле. Алардын дөдөйлүгү Мартиндин жакасын карматчу. Эмнеликтен бул адамдар мынчалык дөөпөрөс деп ойлой берчү. Булардын алган билими кайда кеткен? Алар деле Мартин окуган китептерди окушкан эмеспи. Анан кантип алар эч нерсе ала алышкан эмес?
Мартин чыныгы даанышман, терең ойчулдардын бар экенин билчү. Мунун ачык-айкын далили ага Морздордун чөйрөсүнөн алда канча өйдө болууга жардам берген өзүнүн окуган китептери эле. Мартин ал «чөйрө» деп аталган жерде да Морздордун үйүндө топураган адамдардын баарын кошкондо да алардан алда канча акылдуу жана кызыктуу адамдарды жолуктурса болорун билчү. Ал ак сөөктөр мейманканада отуруп алып саясий, философиялык темалар боюнча кырды бычак боло талашып тартышкандары жазылган англиялык романдарды окуган эле. Сөзсүз эле америкалык же англистик эмес ири шаарларда искусство менен илимий чөйрөнүн өкүлдөрү кезигишип турчу жайлар болорун билчү. Мурда келесоо экен, жумушчу табына таандык эмес, жакшы кийинген ар бир адам күчтүү акылга, анан кооздукту кылдат сезе билген туюмга эгедер деп ойлочу. Крахмалданган жака ага маданияттуулуктун белгиси катары сезилчү, анан да университеттик билим менен чыныгы илим бирдей эмес экенин да билбептир.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.