Жек Лондон
Мартин Иден
Жазган катыңызга караганда, сиз бизди өзүбүз буйрутма бербеген чыгармалар үчүн деле калем акы төлөйт деп ойлогон окшойсуз. Сиздин суранычты аткара албайбыз, анткени биз сизге буйрутма берген эмеспиз. Сиздин мындан кабарыңыз бар го деп ойлогонбуз. Мындай түшүнбөстүк болуп калганына абдан өкүнөбүз. Сизге дагы бир жолу ыракмат айтабыз, ошондой эле сизден дагы бирдемелерди алабыз го деген ниеттебиз».
Каттын аягына редактор «Толкун» эч кимге акысыз таратылбай турганын, бирок ага карабай, журнал Мартинди жазылуучулардын эмки жылкы тизмесине кошуп коюуну өзүнүн ардактуу иши деп эсептей турганын кошумчалап коюптур.
Шаабай сууткан мындай жолу болбостуктан соң Мартин дайыма ар бир кол жазманын биринчи бетинин өйдөңкү бурчуна: «Сиздердин демейдеги наркыңыздар боюнча төлөнсүн» деп жазып койчу болду.
«Шашпагыла, — деди ал өзүн өзү сооротуп, — бир кезде барып менин ставкам менен төлөйсүңөр!».
Бул кезде Мартин өзүн такшалтканга баш оту менен киришип кетип, «Көңүлдүү көчө», «Турмуш шарабы», «Кубаныч», «Деңиз ыры» жана башка алгачкы аңгемелерин кайта-кайта чиймелеп оңдоп, баарын баштан аяк таптаза кылып кайрадан көчүрүп чыкты. Эми ага мурдагыдай он тогуз сааттык жумушчу күнү да аздык кыла баштады. Баарынан да тамекинин кумары өттү, бирок тиин тишине коё өзүн араң кармап, окуганы менен жазганын токтотподу. Руфтун тамеки тартканды токтотот деп берген дарысын жазуу столунун тартмасынын эң түпкү бурчуна катып салды. Тамекинин азгырыгы айрыкча ачка болгон кезде бөтөнчө жанга батты, канчалык тырышса да болчудай эмес. Тамекини таштаганын өзү барып турган чоң эрдик десе, Руфь болсо туура кылып атасың деп гана койду. Кыз төөнөгүч алам деген акчасына Мартинге тамеки тартуудан койдура турган дары сатып берип, анысын бат эле унутуп да калган.
Мартин өзүнүн үстүртөн жазган аңгемелерин жек көрүп, күлгөнү менен тыйынга өтүмдүү болуп аткан так ошолор эле. Карыздарынан кутултуп, алтургай велесептке жаңы шина сатып алганга жараган да ошолор болду. Башкысы, бул аңгемелер анын күнүмдүк жанын бактырып, олуттуу нерселерди жазганга кадимкидей убактысы да калып жатты. Мындан башка бир кезде «Ак Чычкандан» кырк доллар алгандагысы Мартинди дагы эле шыктандырып жүрдү.
Ким билет, башка да мыкты журналдар белгисиз авторлорго ушундай эле төлөөр, же мындан да көбүрөөк берет чыгаар. Маселенин баары ошол мыкты журналдарга кантип жетиште турубатпайбы. Бирок ал журналдарың болбой эле Мартиндин мыкты деген чыгармаларын четке кага берди, ошол эле кезде ондогон супсак, кишини тажаткан бирдемелерди басканын койбоду.
«Жок дегенде бул абройлуу басмакерлердин ичинен бирөө, кичи пейилдикке дем берген бир эле сап жазып жиберсе кана! — деген ойго кетет Мартин. — Мүмкүн менин чыгармачылыгым өтө эле өзгөчөдүр, ал мүмкүн аларга ар кандай себептерден улам туура келбей жаткандыр, бирок кантип эле менин чыгармаларымда жооп берип койгонго каалоо ойгото турган эч нерсе болбосун!».
Ушинтип ойлойт да Мартин басмакерлердин унчукпаганынын себебин тапмакка өзүнүн «Укмуштуу окуясын», же ушуга теңдеш башка аңгемелерин кайра-кайра окуп чыгат.
Калифорниянын жылуу жазы башталаар менен Мартиндин жыргалдуу күндөрү аяктады. Баарынан кабатырга салганы адабият агенттигинин бир нече жума бою унчукпай койгону болду. Ошентип сар-санаага батып жүргөн күндөрдүн биринде ага он аңгемесин жараксыз деп кайтарышты. Аларга кошо агенттик материалга толуп кеткенин, андыктан бир нече ай кол жазма жибербей койсо болорун кабарлаган катты тиркеп коюшуптур. Мартин так ушул аңгемелерден тыйын табам деп ишенип, акыркы кездерде акчасынан аянбай да калган эле. Адабият агенттиги Мартинге ар бир аңгемесине дайыма 5 доллардан төлөп, бирин да четке каккан эмес болчу. Мартин тимеле эсебинде 50 доллар жаткансып, акчасын камырабай ысыраптаганы ушундан эле. Эми кайрадан жокчулуктун маалы келип желкеден ныгыра басып турду, аргасы куруган Мартин эски аңгемелерин кайрадан акча төлөбөгөн майда-барат журналдарга жөнөтө берди, салабаттуу журналдарга жөнөтүлгөн жаңы жазгандарынын деле жолу болбой, кайра кайтып келе берди. Окленддеги ломбардка кайрадан каттоого туура келди. Нью-йорктук жума сайын чыгуучу журналга басылып чыкан эки-үч тамашалуу ырларынан түшкөн тыйын менен бир азга жанын бакты. Эми ал ири журналдардын баарына кат жазып, эмне үчүн анын чыгармаларын баспай атканын билгиси келди. Бирин калтырбай баарына жазып жиберди. Анын катына ар кимден келген кол жазмалар демейде каралбасын, ал эми журналдарга басылып жаткан материалдардын көпчүлүгү болсо журналдардын буюртмасы боюнча аты чыккан, тажрыйбалуу авторлор тарабынан гана жазылары айтылган жооп келди.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.