Жек Лондон
Мартин Иден
Мартин күлкүнү келтирген бул аралашманы күтүлбөгөн жерден өзүнүн жакындарынын арасынан жолуктурду. Кичи карындашы Мэриен аябай иштерман механик болгондуктан, өз өнөрүн абдан үйрөнүп туруп, анан велесепет оңдогон устакана ачып, арзан велесепеттерди сатуу боюнча агент болуп алган, оокаты тың немис жигит менен таанышкан эле. Мэриен Мартинге келип, өзүнүн күйөөгө чыкканы жатканын билдирип, аны тамашалап колдон алып, алаканынын издери боюнча анын келечек тагдырын алдын ала айтып кирген эле.
Кийинкисинде ал Герман Шмидти өзү менен ээрчите келиптир. Мартин экөөн шумдук кооз создөр менен куттуктап, каалоо айтты, бирок анысы дөөпайыраак күйөө балага анчалык жага бербеди окшойт. Анын жактырбаганы Мартин экөөнө арнап жазган ырын окуп бергенден кийин ого бетер күчөдү. Бул карындашына арналган «Төлгөчү» деген сонун ыр болучу. Ырын үн чыгара окурун окуп берип, бирок коноктор чым деп койбой, мостойгон калыбынан жазбай отурганын көрүп Мартин таң кала түшүнбөй калды. Тескерисинче, карындашы кабатырлана болочоктогу күйөөсүнө тигиле карап калыптыр, тигинисинин одурайган жүзүнөн болсо өкүнгөндүк менен жактырбагандык ачык эле байкалып турат. Окуя кыязы ушуну менен бүттү окшойт, коноктор көп буйдалбай кетип калышты. Бул окуя жөнүндө Мартин ойлонгон деле жок, бирок жумушчу табынын кызы болсо да өзүнө арналып жазылган ырга аял эмне үчүн ыраазы болбогонун түшүнө албады.
Бир нече күн өткөндөн кийин Мэриен дагы келди. Бирок бул жолу жалгыз эле келиптир. Эшиктен кире электе эле өткөндөгү жоругу үчүн Мартинди жемеге алды.
— Эмне болуп кетти Мэриен? — Мартин таң кала түшүп сурады. — Түрүңө караганда, өзүңдүн жакындарың же жогеле дегенде бир тууган агаң үчүн уялып жаткандайсың да!
— Албетте, уялам, — деди ал.
Мартин карындашынын көздөрүнүн кычыгына жаш толо түшкөнүн көрүп, эмне дээрин билбей калды. Көрсө, ал абдан таарынып калган тура.
— Сенин Германың кантип эле агасы карындашына ыр жазганына кызгансын?
— Ал такыр кызганбайт, — Мэриен бышактап ыйлап жиберди, — ал муну уят, адепсиздик дейт.
Мартин ишенбей ышкырып койду, анан үкөктү ачып, «Төлгөчүнүн» бир нускасын алып чыкты.
— Түшүнбөйм, — деди ал, кагазды карындашына сунуп жатып, — ме окуп көр да кайсы жагы адепсиз экенин өзүң айтчы? Ушинтип айттың го?
— Ал айткандан кийин, демек ошондой бар болуш керек, — деди кагазды жактырбай четке кага Мэриен. — Ал сени ырын тытып салсын деп жатат. Мындай нерселер жазылган аялды алгысы келбей турганын айтты. Ар ким артыман күлгөнүн каалабайм дейт. Ал айтат, бул бети жоктук дейт, мындайга чыдай албайм дейт.
— Бул эмне деген кеңкелестик! — деп кйыкырып жиберейин деп барып кайра токтоп калды.
Маңдайында бышактап ыйлаган шордуу кыз отурду, бул да келечек күйөөсү сыяктуу эле эч нерсеге ишенбесин жана арзыбаган бул окуянын чоо-жайын түшүнгөн Мартин багынып берейин деди.
— Болуптур, — деди да, кол жазмасын майдалап тытып туруп, челекке ыргытып таштады.
Бирок ал буга кейиген жок, анткени «Төлгөчүнүн» бир нускасы нью-йорктук редакциялардын биринде жаткан эле. Мэриен менен күйөөсү да муну эч качан билишпейт, бул кичинекей ыр басылып чыгып калса деле, андан эч кандай кырсык болуп кетпестир.
Мэриен челекке эңкейди.
— Алып алсам болобу? — деди ал.
Мартин унчукпай башын ийкеди да, карындашынын кол жазманын майда тытыктарын чогултуп атканын карап турду, — бул Мэриенге милдетин ийгиликтүү аткаргандыгынын далили катары керек эле. Мэриен эмнеси менендир Лиззи Коноллини эстетип турду, бирок анда театрдын жанынан жолугушкан жаш жумушчу кыздагыдай шаңкылдаган шайырдык жок эле. Ошентсе да алар көп жагынан, кийингени, жүрүм-туруму жагынан бири бирине окшош болчу. Мартин күтүлбөгөн жерден бул кыздарды Морздордун конок үйүндө олтурганын элестетип, жылмайып күлүп жиберди. Бирок көңүлдү алаксыткан элестер заматта жоголуп, жалгыздык сезими кайрадан Мартинди кучагына тартып кетти. Карындашы да, Морздордун конок үйү да анын өмүр жолундагы жол боюна орнотулган аралыкты билдирген мамылардай болуп артта калгансып сезилди. Анын баары эми артта калган эле. Мартин китептерине сүйкүмдүү карап койду. Китептер эми анын жападан жалгыз ишенимдүү достору жолдоштору болуп калган.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.