Жек Лондон
Мартин Иден
— Кандай дейсиң? Эмне дедиң? — таң кала кайрадан сурады Мартин.
Мэриен суроосун кайталады.
— Эмне үчүн иштебейсиң дейсиңби? — Мартин каткырып күлдү, бирок кара күчкө чыккан күлкү эле, — менден ушинтип сура деп Германың айттыбы?
Мэриен жок дегендей башын чайкады.
— Калп айтпа, — деди Мартин такып, Мэриен уялгандай башын төмөн салып калды. — Эмесе өзүңдүн Германыңа айтып кой, башка бирөөнүн ишине кийлигишпесин. Эгерде мен анын колуктусу жөнүндө ыр жазсам, балким кийлигише алар, бирок андан аркысына мурдун тыкпасын. Түшүндүңбү? Сен менден жазуучу чыкпайт деп ойлойсуңбу? — деди ал сөзүн улантып, — сен мени жолунан адашты, үй-бүлөнү уят кылыбатат деп эсептейсиңби? Ия?
— Мен жөн эле, сени бир жерде иштесе жакшы болор эле дебатам, — деди бек сүйлөп Мэриен. Мартин анын чын дилинен айтып жатканын көрүп турду. — Герман да ошентип...
— Герман кара жерге кирсин! — деди Мартин тамашага чаптыра анын сөзүн бөлүп. — Андан көрө тоюңар качан болот, ошону айтчы. Баса, Германыңдан сурачы, менден ал тоюңарга арналган белекти алат бекен, ошону сурап койчу.
Мэриен кеткенден кийин Мартин бул окуя жөнүндө көпкө чейин ойлонуп, эки-үч жолу кейиштүү күлүп койду. Ооба, алардын бардыгы — карындашы, анын күйөөсү, алардын чөйрөсүндөгү адамдар жана Руфтун чөйрөсүндөгүлөр жалпы ченге бирдей ыңгайланышып, өз турмуштарын даяр жана тарпы чыккан үлгү боюнча курушат. Ошентип, бул шордуулар дайыма бири бирин карап, бири бирин туурап, бала чагынан мээсине куюлган болбогон бир келесоо эрежелерди бузбаш үчүн өзүлөрүнүн табийгый жеке мүнөздөрүнүн бөтөнчөлүктөрүнөн жана чыныгы турмуштан баш тартууга даяр. Алардын баары: Бернард Хиггинботам, мистер Бэтлер менен жетелешип, Герман Шмид болсо Чарлл Хэпгуд менен кучакташып алып, Мартиндин көз алдынан чубуруп өтүштү. Мартин аларга кунт коё карап, баарын китептен алган чен өлчөмдөр менен ченеп чыкты. Ал өзүнөн өзү терең жүрөктөр, улуу акылдар кайда деп майнапсыз суроо салып турду. Андай адамдар өзүнүн кичинекей бөлмөсүн ээлеп, бири бирине жол бербей топурашкан орой, келесоо чалыш караандардын арасынан көрүнбөйт. Ал бул топураган макулуктарга китептен окуган баягы Цирцея өзүнүн чочколоруна карагандай жек көрүүнү сезип турду.
Акыркы караан көздөн кайым болору менен күтүлбөгөн жерден кыры калдайган шляпачан, кош бүрмө курткачан калдалактаган жаш жигит — өзүнүн алыста калган карааны өзүнөн өзү чыга келди.
— Сен деле тууганым, булардан артык эмес болчусуң — деди Мартин ага мыскылдуу күлүп. — Сенде деле ушулардыкындай мораль бар болчу, сен деле булардан көп билчү эмессиң. Онтоюн деген ооруң жок эле, башың эч нерсеге ооручу эмес. Көз карашыңды даяр көйнөктү тандап кийгендей эле ала койчусуң. Сен башкаларга жаккан иштерди кылчусуң. Сен шайканын башчысы элең, анткени алар сени өзүлөрү шайлап алган эмес беле. Былчылдаша мушташып, шайканы башкарчусуң, башкалар болсо сени мыктысың деп мактап, далыңан таптап турушчу. Сен Тултук Беттин талпагын ташка жайдың, анткени ага багынып бергиң келген жок, ымалага келип моюн сунуп бербегениң — анткени сен малдай орой болчусуң, анан да эркек деген зөөкүр болушу керек, кан күсөп турушу керек, бирөөнү аёо дегенди билбеши керек, уруп, таш-талканын чыгарыш накта эрдик деп кулагыңа куюп турушчу. А эмне үчүн сен өзүңөн улуу досторундун кыздарын тартып алчу элең? Алар сага жаккандыктан эмес, жөн гана чөйрөң сенде кенедейиңен тартып эле айгыр менен жапайы буканын инстинктин ойготушкан, мына ошондуктан тартып алчусуң! Мына, андан бери канчалаган мезгил өтүп кетти. Эми мунун баары жөнүндө эмне оюң бар? Буга жооп иретинде анын көз алдындагы элестер бат-баттан өзгөрүлө баштады. Одуракай куртка менен кыры калдайган шляпа көздөн кайым болуп, алардын ордуна жөнөкөй сыпаа костюм пайда болду; чындык менен сулуулукту издеген жүзү баягыдагы айбандыкындай түнөрбөй, ички жарыгынан нурданып чыккансыды. Бул караан азыркы Мартинге бөтөнчө окшош эле; ал чырак бүлбүлдөп күйүп турган столдун жанында туруп алып, ачылган китепке эңкейип окуп турду. Мартин китептин атына көз жиберсе ал «Эстетиканын негиздери» экен. Кийинки көз ирмемде Мартин караанга сиңип, кошулуп кетти да, столго олтуруп, китеп окуганга кирип кетти.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.