Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

— Айтмакчы, өзүңүз деле сокур эргежээлдердин өлкөсүнө учуп келип калган жылдыздар чаңынын бир бөлүгүсүз да! — кыйкырып жиберди Бриссенден макаланы окуп бүтүп. — Журналдар бул макалаңызды да албетте четке какса керек?

Мартин кичинекей дептерчесине үңүлдү.

— Бул макаланы жыйырма жети журнал четке каккан.

Бриссенден каткырып жиберейин деди эле, ошол замат ыкшып жөтөлүп кирди.

Айтсаңыз, — деди ал акырында киркиреп. — Сиз ыр да жазат окшойсуз? Кана, көрсөтүңүзчү, окуп көрөйүн.

— Берем, бирок бул жерден окубай эле коюңузчу, —суранды Мартин, — сиз менен жөн эле сүйлөшүп отургум келет. Ырларымды берейин, үйгө барганда окуйсуз.

Бриссенден анын «Сүйүү жөнүндөгү сонеттери» менен «Пери жана акагын» алып кетти.  Эртеси эле кайра жетип келди да мындай деди:

Болсо дагы бериңизчи.

Ал Мартиндин чыныгы акын экенин айткан Бриссенден өзү да ыр жазат экен.

Мартин анын ырларын окуп көрүп, абдан суктанды бирок ушу кезге чейин эмнеге бир жолу да басууга бербегенине таң калып да калды.  

— Ошол журналдарды урдум, — деди Бриссенден Мартиндин ырларыңды кайсы бир журналдарга бербейсиңби деген сунушуна жооп кылып. — Сулуулукту сулуулук үчүн гана сүйүш керек, бул журналдар жөнүндө ойлонуп да кереги жок. Эх, Мартин Иден! Сиз кайра деңизге кайтсаңызчы. Бир кемеге матрос болуп кирип албайсызбы? Мен муну чын жүрөктөн айтыбатам. Сиз бул ыплас, бузуку шаардан эмне табасыз? Сиз өзүңүздү өзүңүз күн сайын өлтүрүп жатпайсызбы! Сиз дүйнөдөгү болгон сонундардын баарынын абийирин булгап, журналдардын табитине ыкташасыз. Өзүңүз муну бир жолу эмне деп айттыңыз эле? Ооба... «Адам — кубулма заттардын эң акыркысы» беле? Демек, өзүңүздү ошондой ойлосоңуз, анда сизге атак-даңктын эмне кереги бар?

Сиз үчүн атак-даңк уу эмеспи. Мактоонун май-талканынан жеп тургандай сиз абыдан эле акылдуусуз, өтө эле өзгөчөсүз. Мен сиздин чыгармаларыңыздын бир сабын да эч кандай журналдарга сатпайсыз го деп ишенем. Сулуулукка гана кызмат кылыш керек. Ошого гана кызмат кылыңыз, — топураган топ кара жерге кирсин! Ийгиликпи? Дагы кандай ийгилик керек сизге! Сиз ага өзүңүздүн Стивенсон жөнүндөгү сонеттериңизде эле жетпедиңизби, баса, ал ырларыңыз Гэнлинин «Элестер», «Сүйүү жөнүндөгү сонеттеринен» жана деңиз ырларынан алда канча мыкты чыккан! Же чыгармачылыктын кубанычы сиз үчүн эч нерсеге татыбайбы? Мен сизди ийгилик эмес, чыгармачылыктын өзү тартып турганын эң жакшы түшүнөм. Муну өзүңүз деле билесиз. Сиз сулуулук менен жаралангансыз. Бул бүтпөс жара, айыкпас оору, жүрөктү өрттөгөн дарт. Журналдар менен митаам оюн кылгандын сизге эмне кереги бар? Андан көрө максатыңыз бир гана сулуулук болбойбу. Эмне үчүн сиз андан тыйын жасаганга аракеттенесиз? Бирок аныңыздан деле майнап чыкпайт. Буга кабатыр болбой эле коюңуз. Сиз журналдарды миң жыл окусаңыз да Китстин жок дегенде бир сабына тең келчү э нерсе таба албайсыз. Атак-даңкты жана алтынды унутуңуз да, эртең эле деңизге чыгып кетиңиз.

— Мен даңк үчүн эмес, сүйүү үчүн эмгектенип жатам, — күлдү Мартин. — Сиз үчүн кыязы, сүйүү таптакыр жок нерсе окшойт. А мен үчүн болсо, сулуулук — сүйүүнүн кызматкери.

Бриссенден Мартинге таң кала суктануу жана аёо аралаш түр менен карап калды.

— О, сиз али канчалык жашсыз, Мартин! Эх, али кандай жашсыз! Сиз абдан бийик көкөлөп учасыз, бирок караңыз, — канаттарыңыз өтө эле назик. Непадам куйкалап албаңыз. Бирок сиз аларды эчак куйкалап алгансыз. Сиздин «Сүйүү жөнүндөгү сонеттериңиз» кайдагы бир этеги узун ургаачыны даңктайт экен... Маскарачылык!

Алар махабатты даңазалайт, — каршы чыккан Мартин кайра күлүп жиберди.

— Акылдан адашкандардын философиясы! — деди өзүнүкүн бербеген Бриссенден. — Мен буга нашадан өлө тартып алып, таттуу кыялдарга баткан кезде толук ишендим. Абайлаңыз! Бул буржуазиялык шаарлар сиздин түбүңүзгө жетиши ыктымал. Экөөбүз таанышкан жанагы соодагерлердин түнөгүн мисалга алалы. Кудай урсун, андай жер тимеле акыр-чикир төккөн чуңкурдан да жаман. Мындай чөйрөдө адамдын соо калышы мүмкүн эмес. Ал жерде каалабасаң да тумчугуп кетесиң. Мындай жийиркеничтүү жерден бир да аял же эркек өйдө боло албайт. Мунун баары өзүн укмуш идеяларды алып жүрөбүз деген эки буттуу ашказандар, ооба, басып жүргөн гана кап курсактар...

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.