Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

— Менин кургак учугум бар эмеспи, — деди Бриссенден жакында эле Аризонада болгонун айтып бүткөн соң. — Аякта эки жылча туруп калдым, климаттык дарылануу курсун алдым эле.

Эми биздин климатка кайтып келгенден корккон жоксузбу?

— Корком?

Ал Мартиндин сөзүн жөн гана кайталап койду, бирок Бриссенден бул жарыкта эч нерседен коркпой турганын Мартин ошол замат түшүндү. Анын көздөрү сүзүлүп, таноолору дердейе калды, жүзү бүркүттүкүндөй сыймыктуу, чечкиндүү боло түштү. Бул адамга өтө суктангандыктан Мартиндин жүрөгү толкуп кетти.

«Укмуш киши», — деп ойлоду да, анан мындай деди:

Тагдыр каарын төксө да,

Алсырап башты ийбеймин.

— Сиз Гэнлини жакшы көрөсүзбү? — сурады көздөрүнөн мээрим менен назиктик жана түшкөн Бриссенденден. — Албетте, аны сүйбөй коё аласызбы? Эх, Гэнли! Улуу рух! Ал азыркы журналдардагы эптеп уйкаштырган акын сөрөйлөрдөн, акталангандардын арасындагы гладиатордой бийик көрүнөт.

А сиз журналдарды анчалык жактыра бербейсизби?акырын суроо узатты Мартин.

— А сиз жактырасызбы? — барк этти Бриссенден, кыжыры келгени ушунчалык эле, аны көрүп Мартин өзү чочуп кетти.

— Мен... мен жазып жүрөм, тагыраак айтканда, журналдарга жазууга аракеттенип жүрөм, — деди күң-мыңк эткен Мартин.

— Бул эми жоктон көрө жогору, албетте, — деди жумшай түшкөн Бриссенден, — сиз жазууга аракеттенет экенсиз, бирок эч натыйжа чыкпайт окшойт. Мен сиздин ийгиликке жетишпей жаткандыгыңызды урматтайм жана баалайм. Сиздин эмне жазарыңызды мен элестетип турам. Бул үчүн мага сиздин чыгармаларыңызды окуштун да кереги жок. Сиздин жазгандарыңызда бир гана кемчилик бар, алдыңыздагы бардык эшиктерди аяырбай турган мына ошол. Жазгандарыңызда тереңдик бар, мунун болсо журналдарга кереги жок. Аларга ар кандай акыр-чикир керек, алар муну арийне, башкалардан кокосунан  алып турушат, бирок сизден эмес.

Мен кол ишинен качпайм, — деди Мартин.

— Тескерисинче, — Бриссенден бир саамга токтой калды да Мартиндин кембагал жүдөө кейпин: эскирген галстугун, көйнөгүнүн майланышкан жеңин, тырышып –бырышкан манжетин өөдөсүнө карап чыкты да анан жаактары шылынган бетине тигилип калды. — Кол иши өзү сизден качып атпайбы, качканда да жаа бою качып атат, андыктан бул тармакта эч нерсеге жетише албайсыз. Уксаңыз достум, эгерде мен сизге азыр тамак алып берейин десем таарынып калбайсызбы?

Мартин эрксизден кызара түшүп, Бриссенден болсо, салтанаттуу каткырып калды.

— Ток киши мындай сунушка таарынбайт, — деди ал.

— Сиз азезил экенсиз! — туталана түшкөн Мартин зирк этип алды.

— Бирок мен сизге али эч нерсе сунуш кыла элекмин го!

Ошентип эле көрүңүзчү!

Ошондойбу? Анда сизди мени менен кечки тамакка ортоктош болгонго чакырам.

Бриссенден муну айтаары менен азыр эле ресторанга барчудай ордунан козголду.

Мартин муштумун түйүп, жини келе түштү.

Көңүл бургула! Аларды тирүүлөй жутуш керек! Аларды түрүүлөй жутуш керек! — деп Бриссенден атактуу жылаан жегичти жарыялаган театрдын ээсин туурап, кыйкырып жиберди.

— Мен сизди чын эле тирүүлөй жеп салмакмын, — деди Мартин оорудан шайы кеткен Бриссенденди жекире тиктеп.

— Бирок мен ага татыктуу эмесмин.

— Сиз эмес, жегендин өзү түккө турбайт, — деген Мартин боору эзиле чын пейилинен күлүп калды. — Мойнума алам, Бриссенден, мени сиз алдап кеттиңиз. Мен ачка калсам калгандармын, мунун уяла турган эмнеси бар, кадыресе иш. Мына көрдүңүзбү, мен майда-барат шарттуулукту жек көрөм, болбогон нерселерге ишенбейм. Бирок сиз баарын өз аты менен жөнөкөй, түшүнүктүү тил менен айткандан кийин мен ошол замат алардын кулу болуп калдым.

Ооба, сиз таарынып калдыңыз, — кубаттап койду Бриссенден.

— Ооба, таарына түштүм. Ар кимде бар ар кыял. Мен көп нерселерге үйрөнсөм да кээде өзүмдү кармай албай да кетем. Ар кимдин мүнөзү ар башка да.

— Сиз азыр ошол башка мүнөзүңүздү кичине өзүңүзгө баш ийдирдиңизби? — Албетте.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.