Жек Лондон
Мартин Иден
Бирок ага карабай, Мартин Мариянын пикиринде абдан паска түшүп кетти. Анын мурда карапайым эле кир жуугучтун жумушчусу болгону ачыкка чыга келген соң аны курчап турган сырдуу романтика шамал урган түтүндөй тарап жок болду. Анын китептери, мартабалуу коноктору, вискиден бошогон бөтөлкөлөрү, кыскасы, заматта баары Мариянын көзүнчө сыйкырдуу таасирин жоготту. Демек, бул сырдуу Иден деген неме Мариянын өзү сыяктуу эле карапайым жумушчу тура, демек, экөө тең бир эле жумушчу табына таандык турбайбы. Мындан улам ал Марияга жакыныраак, түшүнүктүүрөөк боло түштү, бирок купуя сырдын керемети тарап кетти.
Өзүнүн жакындарынан Мартин алыстагандан алыстай берди. Мистер Хиггинботамдын асылганы оңунан чыкпай калган соң, келечектеги күйөө баласы Герман Шмидт өзүн көрсөттү. Бир жолу Мартиндин жолу болуп, бир нече ырлары менен аңгемелери журналга чыгып кетти да, турмуш абалы жарым –жартылай жакшыра түшкөнсүдү. Карыздарынан толук кутулуп, күрөгө койгон костюму менен велесептин кайра чыгарып алды. Велесепетин ары бери айландырып караса, кээ бир тетиктери жарабай калган экен. Оңдотуп алайын деди да велесепетин жакынсып, келечектеги жакын тууганы — Герман Шмидттин устаканасына берип жиберди.
Бирок Мартинди таң калдырып, биресе кубантып, велесепети кечинде эле кайра кайтып келди. Кыязы, Шмидт да ага достук мамилесин көрсөтүп, велесепетин кезексиз оңдомок тургай, бир да устакана жасабаган ишти кылып, аны үйүнө да жеткиртип берген окшобойбу. Бирок жакшылап караса, велесепетине дегеле эч ким кол тийгизбептир. Ошол замат устаканага телефон чалып, Герман Шмидттин «аны менен эч кандай иш кылганга каалоосу жок экенин» билди.
— Мырза Герман фон Шмидт, — деди Мартин токтоо, — мен сизге мурдуңуздан жакшылап туруп эки –үч ирет тартып коюш үчүн кирип кетет окшойм.
— Эгерде менин устаканама келе турган болсоңуз, — деген жооп болду, — анда мен полицияны чакырам! Мен сизге көрсөтөм! Катырыңыз жам болсун, мени менен мушташ чыгара албайсыз. Сиз эшек такалаган жалкоосуз, мен болсо иштеп аткан адаммын. Эгер карындашыңызга үйлөнгөн болсом, бул демек, сиз мени тоной берсеңиз болот дегендикке жатпайт. Эмне үчүн сиз иштеп, маңдай тер менен нан тапкыңыз келбейт?! Кана, жооп бериңизчи?
Мартин нукура ойчул катары ызасын ичине катты да жооп айткандын ордуна ышкырып коюп, телефондун туткасын илип салды. Бул окуя адегенде күлкүсүн келтиргендей болду, бирок бара-бара ага жалгыздыктын оор ташы аны кайрадан басып калгандай сезим келе түштү.
Аны түшүнгөн эч ким жок, анын эч кимге кереги да жок. Боор тарткан жалгыз Бриссенден болсо, ал да жер жуткандай кайда жоголгону дайынсыз.
Мартин сатып алгандарын көтөрүп, жашылча дүкөнүнөн чыкканда, иңир коюуланып калган эле. Көчөнүн бурчуна келип токтогон трамвайдан тааныш караан секирип түшкөндөй болду. Мартиндин кусадар жүрөгү сүйүнгөнүнөн жарылып кете жаздады. Ал Бриссендендин так өзү болчу. Электрдин жарыгынан Мартин анын пальтосунун чөнтөктөрү томпоюп турганын көрдү, бир чөнтөгүндө китеп, экинчисинде бөтөлкө бар эле.
XXXV ГЛАВА
Бриссенден эмне үчүн өзүнүн көпкө чейин жоголуп кеткенин айткан жок. Мартин деле андан такып сурабады. Грог куюлган ыстыкандан чыккан буунун арасынан ал өзүнүн кадырман досунун шапайып арыктаган ак куба жүзүнө канаттануу сезими менен кызыга карап отурду.
— Мен деле кол куушуруп бекер отурганым жок, — деди Бриссенден, Мартин ага өзүнүн акыркы жасаган иштерин айтып бергенден кийин.
Ал чөнтөгүнөн алып чыгып сунган кол жазманын аталышын окуп алып, таң калган Мартин Бриссенденди суроолуу карап калды.
— Ооба, ооба, — деди Бриссенден жылмая, — аталышы мыкты экенби ия? «Эфемерида»... мындан сонун айта албайсың, туурабы? Баса, бул сөз сизге таандык, эсиңиздеби: «дүйнөдөгү эң кубулма жана туруксуз, жылуулуктун таасиринен төрөлүп, жандуу материяга айланып жана термо-электрдин бөлүгүндөгү өзүнүн орду үчүн күрөшкөн нерсе адам пендеси», — деп өзүңүз айтпадыңыз беле. Ошол айтканыңыз мээме сиңип калыптыр. Тимеле тынчтык бербей жанымды кашайткан бул ойдон кутулуштун аргасын издеп жүрүп, акыры чоң поэма жазууга аргасыз болдум! Кана, сиз бул жөнүндө эмне дейсиз? Чын пикириңизди айтыңызчы?
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.