Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Кол жазманы окуп кирген Мартин адегенде кызарып кетти, анан толкунданганынан өңү кубара түштү. Бул чеберчиликтин кылда учуна чыккан, мыкты көркөм чыгарма болчу. Анда мазмуундан көрө форманын салтанаты үстөм эле, ой менен сөз тимеле ширелиши адамдын жакасын карматкыдай ушунчалык бийик көркөм деңгээлде болгондуктан, суктанганынан Мартиндин көздөрүнөн жаш чыгып кетти, жүрөгү түрсүлдөй согуп кирди. Бул алты же жети жүз ырдан турган көлөмдүү поэма болчу. Таң каларлык, фантастикалык, сестенткен поэма эле. Мындайды жазуу дегеле мүмкүн эмес, ойго да келбес иш  эле, бирок поэма жаралып, ак кагазга кара сыя менен бадырайта жазылып турбайбы. Поэмада адам пендесинин чексиз издөөлөрү, анын аягы менен этеги көрүнбөгөн мейкиндикти басып өткөнгө, алыс-алыстагы күндөрдүн айланасына жетүүгө тынымсыз умтулуулары чагылдырылган эле. Бул ичер суусу түгөнүп, бир буту менен көргө кирип баратканына карабай, өлармандана жашап, жүрөгү алсыз болсо да согуп турган адамдын акылдан адашкан, жандалбас курган сайраны болучу. Поэманын салтанаттуу ыргагынан планеталардын дүңгүрөгөнү, учуп келатып бирине бири урунуп, күркүрөп кагышкан үндөрү, жалын чулгагандай булуттардын жарыгына чагылышкан ың-жыңсыз капкара мейкиндиктердин арасындагы жылдыз жааттарынын карсылдаша салгылашкан дабыштары угулуп, мунун арасынан кыйрап бараткан ааламдардын айбаттуу дүңгүрөгүндөгү өксүгү бүтпөс датын айтып жалбарган пенденин алсыз үнү угулгансыйт.

— Мындай укмуш нерсе али жазыла элек болчу, — деп күбүрөдү Мартин эс учун жыйгандан кийин тилге келип. — Бул бир укмуш! Укмуш! Мен эсимди жоготуп койдум! Мен өчтүм! Мындай түбөлүктүү жана улуу маселе эми менин эсимден өмүрү чыкпас. Кол жетпегенген жетиш үчүн умтулган адамдын өксүгөн үнү кулагыман кеткис болду! Шордуу пенденин үнү кудум эле жолборстор менен пилдердин күркүрөгүнүн арасындагы чиркейдин зыңылдагы. Бирок мында эзели тойбогон каалоо угулгансыйт. Айтып атканымдарым балким, келжиректир, бирок бул нерсе мени чексиз бийлеп алды... Сиз... Эмне деп айтарымды да билбей калдым, сиз накта гениалдуу экенсиз. Муну кантип жараттыңыз? Деги кантип колуңуздан келди бул?

Мартин өзүнүн жетине албаган мактоосун бир аз эсине келип алыш үчүн гана токтото калды.

— Мен эми эч качан жазбайм. Мен баракты булгаган бир байкуш экем. Сиз мага чыныгы чеберчилик кандай болорун көрсөттүңүз. Сиз — генийсиз! Жок, генийден да жогорусуз! Бул акылдан адаштырган чындык. Бул көңүлдүн тээ түпкүрүндө гана боло турган чындыктын маңызы. Сиз догматиксиз, муну өзүңүз түшүнөсүзбү? Алтургай, сизди илим да четке кагалбайт. Бул космостун темиринен сомдолуп, кооздук менен улуулуктун сурнайынын кубаттуу ыргагы менен жуурулушканын алдын ала көрө билген адамдын акыйкаты. Башка эч нерсе айталбайм! Сиз мени багынтып, жок кылдыңыз! Жо, ошондой болсо да мен бир нерсени айткым келет: сиз мага бул поэманы бир жерге чыгарганга уруксат этпейсизби?

Бриссенден каткырып калды.

— Бүткүл христиандык дүйнөдө мындай нерсени басканга дааган жок дегенде бир журнал болобу? Сиз муну өзүңүз жакшы билесиз го!

— Жок, билбейм! Мен бүткүл дүйнөдө буга жабыша калбаган бир да журнал болбосун билем. Анткени мындай чыгармалар жүз жылда бир жаралат. Бул поэма бүгүнкү күндүн поэмасы эмес. Бул кылымдардын поэмасы.

— Мен сизди сөзүңүздөн кармаганга даярмын!

— Кер какшыктын эмне кереги бар! — каршы болду Мартин. — Редакторлор деле акмак эмес. Мен муну билем. Мелдешесизби, сиздин «Эфемеридаңызды» биринчи жолу болбосо да, экинчисинде сөзсүз кабыл алышат! 

— Сиздин сунушуңуздан пайдаланууга тоскоол болгон дагы бир жагдай бар, — деди Бриссенден, анан унчукпай калып, минтип кошумчалады: — Дегеле жазгандарымдын ичинен бул менин эң чоң чыгармам. Мен муну эң жакшы билемин. Бу менин коштошуу ырым. Бул поэмам үчүн мен чексиз сыймыктанам. Кан-жанымдай бүткөн чыгарма. Поэмам мага вискиден да артык. Ар бир адам идеалдарга умтулуп, куру кыялдарга ишенген жаштык кезден бери ишке ашырсам деп кыялданган эң эле мыкты чыгармам ушул. Ошол эңсеген кыялыма мен көр оозуна жакын калган кезде жеттим... Анан кантип аны чочколордун кордоосуна салып берем? Мен сиз менен мелдешпейм! Бул меники! Мен муну жаратып, сиз менен гана бөлүшүп отурам.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.