Жек Лондон
Мартин Иден
Жекшембинин кечи эле, социалисттердин анчалык чоң эмес, окленддик клубуна көпчүлүгү жумушчулар болгон эл жык-жыйма толуптур. Айтып аткандары таптакыр туура келбесе да сүйлөп жаткан жөөттүн тилинен чаң чыккан чечендиги менен акылдуулугу Мартинге өтө жакты. Анын салбыраган кууш ийиндери, кынжыйган көкүрөгү анын үркөрдөй аз улуттун уулу экенин айгинелеп турду, аны карап туруп Мартин көз алдына каратаман, эзилген санда жок кулдардын аларды башкарып турган жана мындан ары да башкара берер бул дүйнөнүн бир ууч байларына каршы эзелтен бери жүргүзүп келаткан согушун элестетип кетти. Мартин илмийген бул алсыз адамдан улуу символду көрүп турду. Бул биологиянын өзгөрбөс мыйзамы боюнча жашоо-турмуштун тайгак жолунда кырылып аткан чабал, абалга ыңгайлаша албаган бактысыз карыптардын массасынын бир көрүнүшү эле. Булардын эртедир кечтир күнү бүтмөк. Булардын айлакор философиясына жана кумурскадай жанталаша биригүүгө умтулганына карабай, жаратылыш аларды күчтүү жана алп адамдардын эсесине четке кагып салган эле. Табыйгат өзүнүн жараткандарынын эң мыктыларын тандап келет, аны туураган адамдар да жылкылардын асыл тукумун жана сейрек учуроочу өсүмдүктөрдү өстүрө башташкан. Албетте, он сегиз миң ааламды жараткан кудай мындан жакшыраак ыкма ойлоп чыгара алмак, бирок бул дүйнөдө жашаган адам пендесине эми небактан бери калыптанып калган эрежелер менен гана келишүүгө туура келет. Арийне, өлүп жок болор алдынан булар да социалисттер сыяктуу ары бери туйлап, жандалбас урушат, же чогулуп алышып, жер бетиндеги жашоону канткенде жеңилдетсек, ааламды канткенде алдап кетсек экен деген маселени талкуулап, баш оорутушат.
Мартин дал ушинтип ойлоду жана бул оюн Бриссенден аны чыгып, тигилерге чок ыргытып кой дегенден кийин айтып чыкты. Трибунага чыкканы адегенде эреже катары жыйындын төрагасына кайрылды. Алды менен өтө жай, саал гана мукактана, жөөт сүйлөгөнүнөн улам башына келе калган түркүн ойлорду тартипке келтирүүгө аракеттене сүйлөп баштады. Мындай митингдерде ар бир адамга беш гана мүнөт убакыт берилчү. Мартин сөз кызыгына жаңы эле кирген эле, анын социалисттердин докторинасына жасаган чабуулу жаңыдан от алып бараткан болчу, бирок ал угармандарды козутуп койгондуктан, алар бир добуштан жыйналыштын башчысынан Мартиндин убактысын дагы узартууну талап кылышты. Алар Мартиндин татыктуу каршылаш экенин байкашып, ар бир айтканын чурк этпей угуп отурушту. Мартин абдан шыктана сүйлөдү, кепти ары-бери чалгытпай, кулдук моралга тике чабуул жасады да кул деп аны азыр угуп отургандарды түшүнөөрүн айтып салды. Ал Спенсер менен Мальтустун айткандарын келтирип, дүйнөлүк өнүгүүнүн биологиялык мыйзамын даңктап жатты.
— Ошентип, — деди ал сөзүн кыскарта жыйынтыктап, — эгерде мамлекет жалаң гана кулдардан турчу болсо, анда ал жашай албайт! Өнүгүүнүн негизги мыйзамы бул жерде да иштейт! Жашоо үчүн күрөштө азыр эле мен көрсөтүп өткөндөй, күчтүүлөр жана алардын тукуму жеңип чыгат, ал эми алсыздар менен алардын тукуму жок болууга өкүм кылынган. Бул процесстин натыйжасында күчтүүлөрдүн күчү ар бир жаңы муун алмашкан сайын арта берет. Мына, эволюция деген ушул! Бирок силер кулдар, өзүңөрдү кул деп сезиш, мен түшүнөм, жагымсыз, силер эволюциянын улуу мыйзамына баш ийбеген коом жөнүндө кыялданасыңар. Силер чабалдар менен эби жоктордун өлбөсүн каалайсыңар. Силер алсыздар деле күчтүүлөр сыяктуу эле канча эмнени кааласа, ошончо жей беришин каалайсыңар. Силер, чабалдар да күчтүүлөр сыяктуу эле никеге кошулуп, урук-тукумдуу болсо дейсинер. Эми мунун баарынын натыйжасы кандай болот? Адамзаттын күчү жана анын жашоого жөндөмдүүлүгү муундан муун өткөн сайын өспөйт. Тескерисинче ылдыйлайт. Мына силердин кулдук философияңардын Немезидасы (байыркы гректерде өч алуунун аял кудайы –Б.Ш.). Силердин жалаң кулдар үчүн жашаган кулдук коомуңар акырындык менен начарлап, урап отуруп, акырында орду түбү менен жоголот. Билип койгула, мен сентименталдуу моралдан улам эмес, биологиялык мыйзамдардын негизинде айтып жатам. Кулдардын мамлекети жашай албайт.
— Ал эми анда Кошмо Штаттарчы? — кимдир бирөө залдан кыйкырып калды.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.