Жек Лондон
Мартин Иден
— Бул макаланы бир мас жазган же мунун артында кандайдыр бир кылмыштуу ой турат, — деди ал түштөн кийин келип, чарчаганынан жалгыз отургучка жаңы эле отурган Бриссенденге.
— Сизге баары бир эмеспи? — деди Бриссенден. — Сиз чын эле гезит окуган буржуазиялык доңуздардын пикирине маани бересизби?
Мартин бир аз ойлонуп калды.
— Албетте, менин алар менен эч кандай ишим жок дечи. Бирок менин коркконум, бул Руфтун үй-бүлөсү менен болгон мамилемди бузуп жибербегей эле. Анын атасы мени мурда эле социалистсиң деп жүрчү, ал эми бул макала сөрөй ага далил болот да. Мен анын эмне ойлоруна түкүрүп да койбойм дечи, бирок мунун жагымсыз кесепети тийиши мүмкүн. Андан көрө сизге бүгүн жазгандарымды окуп бергим келет... Баягы эле «Кечиккен». Жарымысына жакыны бүтүп калды.
Мартин жаңы эле окуй баштаган кезде Мария эшикти ачып, үйдүн ичине жакшы кийинген бир жигитти киргизип жиберди, ал токтоло калып, бөлмөнүн ичин айландыра карап келип, кересин меш менен ашкана үкөгүнө тигилип карап калды да анан Мартинге бурулду.
— Отуруңуз! — деди Бриссенден.
Мартин конокко орун бергендей ордунан жыла берди да келген немени суроолуу көздөрү менен карап калды.
— Мен сиздин кечеки сүйлөгөн сөзүңүздү уктум эле мистер Иден, — деп баштады сөзүн жаш жигит. — Ошондуктан сизден маек алсамбы деп келдим эле.
Бриссенден каткырып калды.
— Сиз тилектеш социалистсизби? — кабарчы Бриссенденге жалт карап алды да кейпи тирүү өлүк өңдөнгөн бул немени кандай кылып сүрөттөсө натыйжа кандай укмуш болорун да оюнан сыдырып койду.
— Көрсө жанагы макаланы жазган ушул турбайбы, — деп жиберди Мартин, — ушул балакайбы?!
— Эмне үчүн мунун акесин таанытпай турасыз? — деп калды Бриссенден. — Мен азыр таза өпкө берем дегенге миң долларды ойлонбой туруп карматат элем.
Жаш журналист төбөсүнөн өзү жөнүндө жүрүп жаткан бул сүйлөшүүгө айран-таң кала түштү. Ал социалисттик митинг жөнүндөгү мыкты макаласы үчүн жаңы эле редактордун мактоосуна татып, учурдагы тартипке каршы уюшулган душмандарынын анабашы Мартин Иден менен маек курууга тапшырма алган эле.
— Биз сизди сүрөткө тартып алсак каршы болбойсузбу, мистер Иден? — сурады ал — мен өзүм менен кошо сүрөтчүнү да ээрчите келдим эле, бирок ал бөлмө ичинен тартуу ыңгайсыз деп атат. Сыртка жарыкка чыгып берсеңиз. Анан отуруп алып кеңири аңгемелешсек.
— Сүрөтчү? — Бриссенден ойлуу сурады. — Сизге эмне болду Мартин? Өпкөсүн үзбөйсүзбү эми мунун!
— Мен картайып баратат окшойм, — деди Мартин. — Ошентким келип турат, бирок алым келбейби дейм, анүстүнө бул ошончолук эле зарылбы?
— Бул жигиттин байкуш энеси үчүн зарыл, — каршы болду Бриссенден.
— Туура айтасыз, мунуңуз жүйөлүү, — деди Мартин, — бирок менин чын эле алым келбегенсип турат. Бирөөнүн желин чыгарыш үчүн белгилүү күч жумшаш керек да. Деги кереги барбы?
— Эч кандай кереги жок, — деп жиберди шаңдуу жалжактаган кабарчы аны коштой сүйлөп, бирок кача турган эшигин да уурдана карап койду.
— Же мунун жазганында ныпым чындык болсочу, — сөзүн улантты Мартин Бриссенденге бурула.
— Билесизби, ал макала жалпы жонунан жазылган... — кайсактай түштү жаш кабарчы. — Бирок, бул сиз үчүн табылгыс реклама эмеспи. Буга өзүңүз да макул болорсуз.
— Билдиңизби, Мартин, бул сизге табылгыс реклама болот экен! — салтанаттуу жарыя кылды Бриссенден.
— Ооба, туура!.. Мен буга макул болушум керек.
— Билсем болор бекен, мистер Иден, сиз кайсыл жерде туулгансыз? — деп сурады жүзүнөн абдан кунт койгондой түр көрсөткөн кабарчы.
— Байкасаңыз, ал эч нерсе жазбай эле, — деди Бриссенден кыстара сүйлөп, — баарын эсине тутуп калат окшойт.
— Мага ушул эле жетишет, — деди дымактуу жаш кабарчы, өзүнүн сүрдөп турганын билдирбеске тырышып. — Тажрыйбалуу кабарчы эч качан жазып олтурбайт.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.