Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

 

ХL ГЛАВА

«Кечиккендин» үстүндөгү иш такыр жылбай калды. Мартиндин редакциядан кайтып келген кол жазмалары үстөлдүн астында баягыдай эле үйүлүп жатты. Бирок дагы эле саякаттап жүргөн бир гана кол жазма бар эле, ал Бриссендендин «Эфемеридасы» болчу. Мартиндин велесепти менен кара костюму кайрадан күрөөгө кетти, ал эми тергич машинкенин ижара акысын төлөө мөөнөтү демейдегидей дагы узартылды. Бирок бул Мартинди кенедей да кабатырга салган жок. Ал өзүнүн тагдырдын башка салганына кайыл болуп, багынбаска чарасы калган жок, ошондой болсо да эптеп кылдыраган турмушу өз агымы менен жай агыла берди.

Бир нече жумадан кийин Мартин эчак күткөн окуя болду. Ал Руфь менен көчөдөн кезигишип калды. Ал өзү жалгыз эмес, иниси Норман менен чогуу экен, экөө тең Мартинди көрмөксөн боло, өтүп кете беришмек болду эле, кыжыры кайнай түшкөн Мартин түз эле басып келип, бир сөз айтмакчы болгондо Норман анын жолун тороп, жакындатпаганга аракет кылды.  

— Эгерде сиз чатак салып, эжеме тийише турган болсоңуз, азыр эле полицияны чакырып салып берем, эжем сиз менен сүйлөшкүсү келбейт, сиздин жабышып атканыңыз эжеме акаарат келтирет.

Мейли, — деди Мартин, — чакыр полицияны. Анда жогеле дегенде силердин да фамилияңар гезитке чыгат! Андан көрө, сыйың менен мындай тур. Мен Руфь менен сүйлөшмөкчүмүн.

Мен иниңиз айткан азыркы сөздү сиздин оозуңуздан уккум келет, — деди ал Руфка тике бурулуп. Руфтун өңү-түсү кубарып, калтырай түштү да, токтоло калып, Мартинге суроолуу карап калды.

— Каттагы сизге берген суроомо жооп бериңиз, — деди Мартин.

Норман тынчсыздана түшүп, кандайдыр бир аракет жасамакчы болду эле, бирок Мартиндин жутуп салчудай жекире карап кайра жоошутуп койду.

Руфь башын чайкады.

— Сиз өз эркиңиз менен жасадыңызбы бул ишти? — деп Мартин кайталап сурады.

— Ооба, деди ал жай гана, бирок ишеничтүү, — өз эрким менен эле жасадым. Сиз мени шерменде кылдыңыз, элдин жүзүн карай албай калдым. Тааныштарымдын баары мени кеп кылып жатышат. Менин сизге айтарым ушул. Сиз мени бактысыз кылдыңыз, эми сизди көрөйүн деген көзүм жок.

Баягы эле ушактар! Гезиттин калпы! Мындай нерселер чыныгы сүйүүдөн күчтүү боло албайт! Демек сиз мени эч качан сүйгөн эмессиз!

Руфтун кубарган өңү жүзү күтүлбөгөн жерден кыпкызыл болуп чыкты.

— Баары бүтүп, боёсу кангандан кийинби? — деди Руфь, — Мартин, эмне деп атканыңызды өзүңүз билесизби! Сиз мени ким деп ойлоп атасыз?

— Сиз менен сүйлөшкүсү келбей жатканын түшүндүңүзбү эми?!— деп Норман кыйкырып жиберди да эжесин колтуктан алып жөнөдү.

Мартин алардын артынан карап туруп, эрксизден чөнтөгүнө колун салды да, жок тамекиси менен орочу кагазын издеп, турган жеринде кала берди.

Түндүк Оклендге чейин бир топ эле, бирок Мартин бул жолду кантип басып өткөнүн билбей калды. Ойлору менен болуп атып, кантип жеткени эсинде жок, келери менен кулап түшкөн, бир маалда тура калса эле, керебетинде отурган экен. Тушүнөн чочугандай эки жагын абдырай карады. Үстөлдүн үстүндө жаткан «Кечиккенге» көзү түштү да, үстөлдү өзүнө жакын жылдырып алып, жазууга киришти. Мартин дайыма баштаган ишин аягына чейин жеткиргенге умтулчу. Азыр болсо бет алдында али бүтпөгөн чыгарма жаткан эле. Ал башка жумушка алаксып кетип, чыгармасын кийинкиге калтырып койгон эле. Ал ишин бүтүргөндөн кийин эми кайра «Кечиккенге» кайтып, аны аягына чыгарыш керек болуп турду. Муну го бүтүрөт, андан ары эмне менен алектенерин Мартин билбейт. Ал бир гана нерсени — өзүнүн жашоосунда кандайдыр бир бурулуш болгонун түшүнүп турду. Ал азыр бир абзац менен жазып атканын бүтүрөт да, аны бир сыйра окуп чыгып, чекит коет, ошону менен бүттү. Эч кандай келечек аны эми кызыктырбай турду. Муну убагы келгенде көрө жатаар. Айтор, жашоосу аңылдап, баары жоктун баарына кайдыгер болду да калды!

Мартин беш күн бою тынбай «Кечиккендин» үстүндө иштеп, эч жакка чыккан да, эч кимди көргөн да жок, тамак ичүү дегенди да дээрлик унутту. Алтынчы күн дегенде эртең менен почточу ага «Парфеон» басмаканасынан ээсинен кат жеткирип келди. Конвертти ачып катты окуп караса, «Эфемериданын» кабыл алынганы кабарланган экен.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.