Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Ошентип алпурушуп атып акыры «Кечиккен» да жазылып бүткөн күн да келип жетти. Тергич машинкелерди саткан дүкөндүн агенти да так ошо күнү Мартинге келип, ал жазып бүткөнчө керебетинде күтүп олтура берди. Мартин машинкени чыкылдатып, «бүттү» деген сөздү жазды, бул чын эле анын ишинин аягы эле. Агент унчукпай машинкени акырын колтуктап көтөрүп кеткенин карап туруп ичинен өх деди Мартин. Анан керебетине кулады. Анткени ачкачылык шайын оодарып салган эле. Ойлосо тамак ичпегенине отуз алты саат болгон экен, тамак деген оюна да келбептир. Керебетте сулк жатты, аң-сезими туман баскандай бүдөмүк абалда эле. Уйку-соонун ортосунда жатып, Бриссенден өзүнө көп жолу окуп берген кайсы бир акындын ыр саптарын булдуруктап атты. Анын күңгүрөнгөнүн эшиктин сыртынан тыңшаган Мария кабатырга батты. Ал Мартин булдуруктап аткан сөздөрдүн маанисине деле жеткен жок, аны коркутканы  Мартиндин өзү менен өзү сүйлөшүп атканы болду.

Жогол лира!

Ырдап бүттүм ырымды!

Ырым чыгат кайгы менен

Күчөттүрүп муңумду.

Кетти алыска ырларым,

Жогол лира!

Ырдап бүттүм ырымды!

Жалгыз туруп кээде ыргай жанында,

Кээде сонун, жашыл токой багында.

Жалындаган, жаштык кайрат чагымда...

Азыр мына, ырдаар менин алым жок,

Кайгы мени кадамдатпай муунтат.

Көрдү көздөй унчукпастан баратам!

Жогол лира!

Ырдап бүттүм ырымды!..

Мария андан ары чыдап тура алган жок, мешке чуркап жетип, бир табак сорпого эт менен жашылчадан майдалап туурады да Мартинге чапты. Мартин чыканактап таянып, Мариянын сорпосун ичип кирди. Өзүнүн жөөлүбөй эле соп-соо экенин айтып да жатты. Мария кеткен соң Мартин керебетине отурду да бир топко чейин эч бир максатсыз бир чекитти теше тиктеген бойдон отура берди. Күтүлбөгөн жерден көзүнө эртең мененки почточу алын келген журналдын саны уруна түштү! Бул «Парфеон» деп ойлоду ал, августтук саны болсо керек, мында «Эфемерида» басылмак эмес беле. Түй ата, Бриссенден тирүү болгондо эмне!

Ал журналды барактап көрүп, күтүлбөгөн жерден башка чапкандай катып калды. «Эфемерида» кооз тамгалар менен терилип, беттин талаалары Бердслинин стилиндеги сүрөттөр менен көркөмдөлүптүр, бир жагына Бриссендендин, бир жагына британ элчиси сэр Жон Вэльюнун сүрөтүн коюшуптур. Редакциянын кириш сөзүндө сэр Жон Вэльюнун жакында эле Америкада акын жок деп айтканы келтирилиптир. «Парфеон» журналы болсо иретинде «Эфемериданы» жарыялап: «Мына, алыңыз урматтуу сэр Жон Вэлью!» деп ага жооп берип тургандай.  Американын улуу сынчысы катары Картрайт Брюстун да сүрөтү басылыптыр, анын «Эфемерида» жөнүндө айткан: «Бизде «Эфемеридадай» чыгарма ушул күнгө чейин болгон эмес» деген сөздөрү келтирилиптир. Баш сөз:

«Биз али «Эфемериданын» болгон көркөмдүгүн баалап биле элекпиз, балким, аны эч качан баалай албастырбыз, Бирок поэманы окуган сайын мистер Бриссендендин сөз байлыгынын ченемсиз чексиздигине айран-таң калып, өзүбүзгө-өзүбүз мистер Бриссенден мынчалык укмуш сөз байлыгын кайдан алган, аларды кантип чеберчилик менен кынап, жуурулуштурганга жетишти экен деген соболду далай берербиз» деп аяктаптыр. Андан кийин поэма жарыяланыптыр.

«Өлгөнүң жакшы болгон турбайбы, байкуш Брис!» -деп ойлоду журнал колунан жерге түшкөн Мартин.

Мунун баары адамдын жүрөгүн айланткыдай жеткен бетпактык болгону менен бирок Мартин муну чындап сезе албады. Ачууланганга да шайы келген жок. Башы маң болуп гана отуруп калды. Денесинде чуркап турган каны токтоп калгансып, кыжыры кайнагысы да, буркан-шаркан түшкүсү да келбеди. Бирок мунун эмнеси бар? Мунун баары Бриссенден өлөөрчө менен жек көргөн буржуазия коомунун адаттарына төп келишип турбайбы.

— Байкуш Брис! — дагы бир жолу күңкүлдөдү Мартин, — Ал муну мага өмүрү кечирмек эмес!

Ал араңдан зорго ордунан козголуп, машинкенин кагаздары салынган ящикти бери жылдырды. Аны аңтарып атып, досунун калтырып кеткен он бир ырын тапты. Баарын шашпай майдалап тытып туруп, челекке ыргытты да, супсууну сууган бойдон кайра керебетине келип отуруп, мейкиндикке көз чаптыра тиктеп калды.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.