Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Биз сизден колуңуз коюлган келишимди аларыбыз менен эле, сизге беш миң доллар өлчөмүндө аванс жиберебиз. Сиз көрүп тургандай, сизге болгон терең ишеничибизди билдирүү үчүн биз эч кандай чыгымдарды аябайбыз. Баса, сиздин бардык чыгармаларыңызды белгилүү бир мөөнөттүн ичинде, айталык, он жылга толук басып чыгаруу укугу жөнүндө сиз менен макулдашсак болот эле. Муну кийинчерээк сүйлөшөлү!».

Мартин катты ары койду да эсептеп кирди, он беш центти алты миңге көбөйтсө тогуз миң доллар чыкты. Ал келишимге колун коюп туруп, анын баш жагына «Шаттыктын түтүнү» деген жаңы китебинин аталышын жазды да, бир кезде гезитке жарачу фельетондорду жазуунун жолун тапканга чейин жазып койгон жыйырма чакты чакан аңгемелерин кошуп салып жиберди.  Арадан эч канча өтпөй, америкалык почтонун болгон тездиги менен беш миң доллардык чек колуна келип тийди.

— Мария, сизден суранам, саат экилерде мени менен шаарга барып келсеңиз, — деди Мартин, чекти алгандан кийин, — же экөөбүз туптуура экиде Бродвей менен Он төртүнчү көчөнүн бурчунан жолугушалы, болобу?

Мария так белгиленген убакта келди; ичинен абдан кызыгып турса да, ою эки жуп батиңкеден ары өткөн жок. Ошондонбу, Мартин аны  бут кийим саткан дүкөндөн кыя өтүп, кандайдыр бир мекемеге ээрчитип келгенде супсуну сууй да түштү.

Бирок андан кийинки болгон окуяны Мария эзели унутпастыр. Кычырап кийинген сыпайы сылык жылмайган мырзалар Мартин менен, анан өз ара бирдемелерди сүйлөшүп жатышты. Машинке тарсылдап иштеп кирди. Анан кандайдыр бир маанилүү баракка колдорун коюшту. Ал жерде Мария турган үйдүн ээси да бар болуп чыкты, ал да жанагы кагазга колун койду.

Алар эшикке чыкканда, үйдүн кожоюну Марияга бурулуп мындай деди:

— Эми Мария, ушул айдан тарта сиз мага жети жарым доллардан акы төлөбөйсүз.

Далдыраган Мария байкуш айран-таң кала эмне дээрин билбей калды.

— Ооба, кийинки айларда да төлөбөйсүз, — деди кожоюн сөзүн улантты.

Мария жакшылык кылып аткан деп ага чексиз ыракматын айтып кирди. Бирок үйгө кайтып келип кошуналары менен, адегенде эле португалдык дүкөнчү менен сүйлөшкөндөн кийин өзү көп жылдардан бери жашап турган бул кичинекей үй мындан ары өзүнүн менчигине өткөнүн ошондо билип атпайбы.

Менден эч нерсе албай калдыңыз го?  — деп калды португалдык дүкөнчү трамвайды көздөй кетип бараткан Мартинден.

Мартин эми тамакты өзү жасабай калганын айтканда, дүкөнчү аны сыйлап коеюн деди окшойт, бир шише виносун ачып жиберди. Сыйлаганда да дүкөндөгү эң мыкты деген виносун алып чыкты.

— Мария, — деди Мартин ошо күнү кечинде, — мен сиздикинен кетип атам. Сиз деле жакында бул жерден кетесиз. Үйдү батирге берип коюп, акчасын айына алып турсаңыз болот. Билишимче, сиздин Сан-Леандродобу же Гэйуордстобу сүт чарбасы менен алектенген иниңиз бар беле? Кардарларга алган кирдин баарын жуубай кайтарыңыз, түшүндүңүзбү, жуубай туруп! Анан Сан-Леонадрого же Гейуордско, кыскасы, иниңизге барыңыз. Ага айтсаңыз, мага жолуксун, аны менен сүйлөшө турган сөзүм бар. Мен Окленддеги «Метропол» мейманканасында жашамак болдум. Балким анын сатып алсам деп жүргөн ылайыктуу сүт фирмасы бардыр.

Ошентип Мария өзүнчө үйдүн да, ферманын да кожоюну болуп чыга келди: колунда оор иштерди аткарган эки кызматчысы бар, балдары эми тоюнуп, кийинип, мектепке барып  атса да банктын эсебиндеги акчасы көбөйө берди. Жомоктогу канзаадага жолугуу ар кимдин эле бактысына буюра бербейт эмеспи.  Бирок кара жумуштан башы чыкпаган, эч кандай канзаадалар жөнүндө да кыялданбанган караңгы Мария, мындай канзааданы күтүлбөгөн жерден кир жуугучкананын мурдагы жумушчусунан жолуктурду.

Ал ортодо элдин баары Мартин Иден деген ким болду экен дешип кызыга башташты. Ал өзүнүн өмүр баяны жөнүндө басмаканаларга маалымат бергенден баш тартса да ач кенедей жабышкан гезиттерден кутулуп кетүү оңой эмес болуп чыкты. Мартин Окленддин тургуну болчу, ошондуктан шимшилеген кабарчылар аны бала кезден бери тааныган бир нече адамдарды таап алышты. Ошентип гезиттерде анын ким болгону, ким болбой калганы, эмне менен алектенгени, эмне менен алектенбегени туурасында кенен баяндаган макалалар гезит беттерине жайнап кетти. Мартин Иден бир кезде барып сүрөткө түшкөн эпчил фотограф таап чыгып, көбөйтүп чыгарган сүрөттөрү сатыкка да чыгып кетти. Мартин адегенде мындай ызы-чууга каршы күрөшмөйүн деп аракет кылды, анткени анда журналдар менен буржуазиялык коомго карата жактырбоо сезими дагы эле күчтүү болучу. Бирок акыры баарына кол шилтеп койду, ошентсе жаны калабы деги. Аны атайын алыстан издеп келишкен кабарчыларга маек бергенден баш тартып койгондон да тартынчу.  Анүстүнө окуп жазганды токтоткондон кийин убакыт деген таптакыр эле токтоп калгандай, жылжып калган бош сааттарды эмне менен алектенип өткөрүп, кантип кеч киргизерин да билбейт. Ошондуктан өзүнө бир арзыбаган эрмек тапты, журналисттер менен аңгемелешип, өзүнүн адабий жана философиялык көз караштарын баяндап жатты, анан бай буржуйлардыкына конокко чакырганын да кабыл алууну туура көрдү. Күтүлбөгөн жерден башынан келип басып калган мындай бейкуттук, мемиреген тынчылык жашоосун толугу менен бийлеп алганына өзү да таң. Эч нерсе менен иши жок болуп калды. Ал жамандык жасагандардын баарына кайрымдуулугун көрсөтүп, болгон айыбын кечирди, алтургай, баягыда өзүн элге уят кылып макала жазган жаш кабарчыны да кечирди, кечирмек тургай, ага Мартин Иден туурасында сүрөтүн кошо басып, бүтүндөй бир тилке жазганга да уруксат берди.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.