Жек Лондон
Мартин Иден
XLIII ГЛАВА
«Күндүн осолдугу» октябрда жарыкка чыкты. Мартин колундагы автордук алты даана китеп салынган почтолук бандеролду ачып жатканда көңүлү кападар эле. Ал ушул окуя эгерде мындан бир нече гана ай мурда болгондо, кандай жетине албай кубанмак эле, азыркы сабыры суз маанайы таптакыр кубанычка окшошпой турду. Кол астында анын китеби — алгачкы жарык көргөн китеби жатты, бирок дилинде кейиш менен жанды эзген кусалыктан башка эч нерсе жок эле. Эми мунун баарына кайдыгер, баарына көңүлкош болчу. Албетте, бул китебине бир топ акча алат, бирок ага азыр акчанын эмне кереги бар?..
Китептеринин бирин алды да, ашканада олтурган Марияга алып келип көрсөтүп:
— Бул китепти мен жаздым, — деп түшүндүрдү, ал Мариянын айран-таң кала түшкөнүн көрүп, — мен бул китепти мына ушул жерде жазгам, мында сиздин сорпоңуз да бир топ ролду ойногон. Ошондуктан ушул китепти алып, эстеликке сактап коюңуз. Муну көргөндө мени эстерсиз.
Мартиндин Марияга мактанайын деген деле ою жок болчу. Жөн гана аны сүйүндүрүп, Мариянын ишенимин актагысы келген. Кожейке китепти алды да ашканадагы үй-бүлөлүк библия менен катар коюп койду. Өзүнүн үйүндө батирде жашаган адам жазган бул китеп ага достуктун ыйык тумары сыяктуу эле. Эми Мария Мартиндин мурда кир жуугучканада карапайым жумушчу болуп иштегенин да кечирди. Ал китептин бир сабына да түшүнбөгөнү менен алардын эң сонун жазылганынан эч бир күмөн санаган жок. Бул кембагал, оор турмуштун запкысын тартып келаткан карапайым аял баа жеткис бир асыл сапатка эгедер эле, — анда ишеним бар эле.
Мартин автордук нуска сыяктуу эле, китепке келип түшкөн жакшы пикирлерге да таптакыр кайдыгер мамиледе болду. Китеп аябагандай ызы-чуу жаратканы анык болчу. Бул болсо анын алтын мүшөгүнө келип түшө турган киреше эле. Эми Лиззини жайгаштырып, бардык убадаларын аткарган соң эңсеген камыш ордого кете берсе болот.
Дарнлей жана Ко фирмасы этияттанып атып болгону миң беш жүз гана нуска кылып басып чыгарган эле, бирок алгачкы эле берилген жогору баадан кийин фирма анын китебин экинчи жолу үч миң, анын артынан эле үчүнчү жолу беш миң нуска менен басып чыгарды. Лондондук бир фирма анын китебинин англис тилинде басылып чыгышы боюнча сүйлөшүүлөрдү баштап, Франциядан, Германиядан жана Скандинавиядан болсо китептин котормосунун шарттары жөнүндө суроо талаптар келип жатты. Метерлинктин философия мектебине чабуул коюу да так болжогондой өз учурунда болгон экен. Айгышкан катуу тартышуулар башталды. Салиби менен Геккель «Күндүн осолдугун» коргоп чыгышты, анткени алар Мартиндин негизги көз караштарын туура деп табышты. Крукс менен Уоллес каршы чыгышты, сэр Оливер Лодж болсо, Мартиндин ымалага келтирген көз карашы менен өзүнүн космостук философиясын байланыштырган түйүндү издөөгө тырышты. Метерлинкти жактоочулар мистицизмдин туусу алдында топтолушту. Честертон дүйнөнү өзүнүн мода болгон теманы калыс түшүндүргөн чукугандай сөз тапкан очерктери менен күлгөнгө мажбурлады, бирок мунун баарын Бернард Шоунун күркүрөгөн үнү басып кетти. Бул улуу акылгөйлөрдөн башка да толубаткан кичирээк жылдыздар сахнага чыга келишти — айтор, болуп көрбөгөндөй ызы-чуу кулачын жайганын айтпай эле койсо да болот.
«Бул мурда болуп көрбөгөндөй окуя, — деп жазды Мартинге Дарнлей жана К° фирмасы, — философиялык сын китеп кадимки роман сыяктуу колдон колго талаша тарап жатат. Сиз жакшыраак теманы тандап ала албасаңыз да китептин чыгышы үчүн эң сонун ыңгайлуу шарттар бар. Ошондуктан биз бул учурду колдон келишинче пайдаланып каларыбызга бекем ишене берсеңиз болот. Кошмо Штаттарга сиздин китебиңиздин кырк миң даана нускасы тарап кетти, учурда биз дагы жыйырма миңден турган нусканы басып чыгарууга даярдап атабыз. Биз муктаждыкты араңдан зорго камсыздап жатабыз. Рекламанын өзүнө эле биз беш миң доллардан ашуун акча сарптадык. Бул китеп бардык рекорддорду басып түшөт.
Муну айтуу менен биз сиздин жаңы китебиңизге келишим долбоорун жөнөтүп жатканыбызга сыймыктанабыз. Байкасаңыз, сиздин калем акыңызды жыйырма пайызга чейин көбөйттүк, бул биз сыяктуу салмактуу фирма үчүн эң жогорку коюлган акы болуп саналат. Эгерде сиз ушул шарттарды туура деп тапсаңыз, анда келишимдин бланкасына өзүңүздүн китебиңиздин атын жазып коюуңузду суранабыз. Биз сиздин китебиңиздин мазмууну боюнча эч кандай шарт койбойбуз. Китебиңиз кайсы темага, кандай китеп болбосун, кабыл алганга даярбыз. Эгерде басууга даяр бирдемеңиз бар болсо, андан бетер сонун. Көпкө создуктуруунун кереги жок. «Темирди кызуусунда сок» дейт эмеспи.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.