Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Хиггинботам башын ийкеди.      

Эгерде сен каршы болбосоң, анда мындай кылалы. — Мартин бул сөздү айтып атып Гертруданы карап койду: — Негизги сумма өзүңдө кала берсин, бирок шарт ушул, отуз беш долларды чарбалык керектөөңөргө жумшап турасыңар. Бул акчага ашпозчу менен кир жуучу аялды жалдап алса болот. Ток этерин айтканда, Гертруда мындан ары оор жумушту жасабайт деп кепилдик берсең, жети миң доллар сеники. Макулсуңбу?

Мистер Хиггинботам ичи тарый түштү. Аял оор жумушту иштебесин деген талап эмне тамтык, мындай сунуш акараат кылгандай ага катуу тийди. Бул укмуш белек балга чайкап уу бергендей эле болду! Аялы иштебейт деген анын канын кайнатып жиберди.

Анда өзүң бил, — деди Мартин. — Анда отуз беш долларды айына мен төлөйм, бирок...

Ал чекке колун сунду эле, Бернард Хиггинботам аны дароо баса калып, кыйкырып жиберди:

— Мен макулмун! Макулмун!

Мартин трамвайга отуруп атып чарчоону анан жийиркенүүнү сезди. Ал бадырайта жазылып эшиктин үстүнө илинген түнүкөнү карап койду. «Чочко, деп күңк этти, — чочко экен да бул.

Журналдардын бирине анын «Төлгөчү кыз» деген ыры мыкты сүрөтчүлөрдүн сүрөттөрү менен кооздолуп, басылып чыкканда, аны көргөн күйөө баласы Герман Шмидт аны бир кезде уятсыз ыр дегенин дароо унутту. Элдин баарына бул ыр менин аялыма арналып жазылган деп жар сала мактанып кирди, бул имиштин гезит кабарчыларынын кулагына жетишине да дурус эле аракет кылды. Чын эле көп өтпөй, имишти угуп, дүүлүккөн бир гезиттин кабарчысы сүрөтчүсүн ээрчитип жетип келсе болобу! Андан көп узабай, гезиттин жекшембидеги санына Мэриендин абдан шөкөттөлүп кооздолгон сүрөтү менен Мартин Идендин жеке турмушундагы ар кандай кылдат жагдайлар жана анын үй-бүлөсү, бир туугандары жөнүндө жазылган чоң макала, анан журналдын өзгөчө уруксаты боюнча «Төлгөчү кыздын» толук тексти кайрадан басылып чыкты. Бул тегеректеги элди уу-дуу түшүрүп, үйдө отурган аялдардын баары улуу жазуучунун карындашы менен тааныш экендиктерине сыймыктанып жатышты, мындай бактыдан куру калгандар болсо бул катачылыгын тезирек оңдоп, Мериен менен таанышканга ашыгып атышты. Өзүнө ыраазы болгон Герман Шмидт болсо алаканын кызуу ушалап, алтургай, устаканасына жаңы станок да буйрутма берип ийди.

— Бул ар кандай рекламадан ашып түштү ия, туурабы? — дейт ал, — анан  да бепбекер!

Аны чай ичип кеткенге чакырсак болот эле, — деп Мэриен сунуш кылып калды. Мартин дароо конокко чакырылды, ал келип, чогуу отурушкан дүңүнөн эт саткан семиз соодагер жана анын өзүнөн да семиз аялы менен кичи пейил болууга аракет кылды, булар өз жолун таап келе жаткан Герман Шмидт өңдүү жаш жигиттерге пайдасы тие турган дымактуу адамдар эле. Бирок алар конокко атактуу жазуучу Мартин Иден келет деген сөздү укпаcа, колдон сүйрөсөң да келмек эмес. Тынч океандык велосипед компаниясынын башчысы да конокко ушундай эле жол менен чакырылган эле. Герман Шмидт анын астында бөйпөлөңдөп, чарк имерилип жүрдү, себеби анын колунан Окленддеги өкүл кызматын алмак. Бир сөз менен айтканда, Герман Шмидт Мартин Иден менен болгон туугандык байланышын өз маселерин чечип алганга абдан билгичтик менен пайдаланууга бел байлап турду, бирок ичинен мунун баары кандайча болуп кеткенине эзели мээси жетпей койду. Герман көп учурларда түнкүсүн аялын ойготуп албайын деп акырын туруп, чыракты күйгүзөт да Мартин Идендин чыгармаларын окуп кирет, окуган сайын мындайга анык келесоолор гана акча төлөйт деген бүтүмгө келчү.

Мартин жагдайды эң сонун түшүнүп турду, артка чалкалай түшүп, Герман Шмидттин мээ сөөгүн жакшылап карап, ичинде — мына сага түрү суук  немистин баласы деп көк желкеге дүңкүлдөтө муштап атты. Бирок Мартинге Германдын бир мүнөзү жага турган. Ал канчалык кембагал болгонуна жана тез байыгысы келгенине карабай, Мэриендин ишин жеңилдетмекке үй кызматкерин жалдап алган эле. Тамак ичилип бүткөндөн кийин Мартин велосипед компаниясынын башчысы менен сүйлөшкөн соң Оклендде бир мыкты велосипед дүкөнүн жакшылап жабдып алууга Герман Шмидтке акча жагынан жардам бермей болду. Кең пейилдиги кармап кеткени ушунчалык, алтургай, Германга гараж менен машине оңдогон устакана да карай жүр деди, анткени Герман эки ишкананы тең башкарып кетет.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.