Жек Лондон
Мартин Иден
Бир күнү Мартинди көчөдөн жолуктуруп калган мектептин кадырлуу, кең пейил директору көпкө сүйлөшүп, анын мектептеги тентектиктерин эстеди, ар ким менен согушуп, жөн жүрбөгөн тентектиги үчүн Мартинди мектептен кууп чыканда анын кабинетинде кандай ызы-чуу болгонун эсине салды.
— Сиздин «Коңгуроонун үнү» деген аңгемеңизди окудум, — деди ал, — аны биринчи жолу басылып чыкканда эле окугам. Мыкты жазылган! Эдгар Понун чыгармаларынан эч бир кем калышпайт! Ошо окуганда да мыкты экенин айткам!
«Ошондой деңизчи? Ошогезде сиз мени менен эки жолу көчөдөн жолугуп, тааныган жок элеңиз го, — деп Мартин айтып жибере жаздады. — Эки жолу тең мен ачкадан өзүмдүн жалгыз кастүмүмдү ломбардка коюу үчүн чуркап бара жаткан элем! Анда сиз мени тааныган эмессиз! Бардык чыгармаларым так ошол кезде эле жазылган. Эмне үчүн сиз мени азыр гана таанып олтурасыз?», — деп жиберейин деп араң турду.
— Жакында эле аялыма, эгерде сиз биздикине конокко келип кеткен болсоңуз кандай сонун болмок деп айттым эле, — деп сөзүн улантты директор — аялым ошол замат эле сизди чайга чакыра кел деп абдан суранып калды. Ооба, абдан суранды.
— Чайга? — Мартин күтүлбөгөн жерден кескин сурады.
— Ооба... Ооба... чайга, — деди өзүн жоготкон тиги шашкалактай түшүп, — барып эле өзүңүздүн эски мугалимиңиз менен... бир олтуруп... Эх сиз, тентек десе! — Ал акырын тамашага чаптыра Мартиндин далысынан таптап койду.
Мартин кетип баратып, анан токтой түштү да абышканын артынан карап койду.
— Эмне болубатканын шайтан билеби! — деди ал күбүрөп. — Мен аны абдан катуу чочутуп ийдим окшойт!
XLV ГЛАВА
Бир күнү Мартинге Крейз келиптир, — жанагы «чыныгы адамдардын» бири Крейзчи. Мартин анын келгенине чын дилинен кубанып, бир ишкананын ойго келбеген шумдуктуу долбоорун финансист катарында эмес, кызыккан жазуучу катары кунт коюу менен укту. Крейз долбоорун айтып бара жатып эле күтүлбөгөн жерден «Күндүн осолдугу» жөнүндө сөз козгоп, анын баштан аяк болбогон былжырак экенин айтып салбаспы.
— Мен бул жерге философия жүргүзөйүн деп келген жокмун, — деди ал өз сөзүн өзү бөлүп. — Мен бир гана нерсени билгим келип турат — сиз менин ишканама миң доллар салым кошо аласызбы, же жокпу?
— Жок, андай кылгыдай анчалык деле келесоо эмесмин, — деди Мартин, -бирок мен башкача жардам кылам. Сиз мага өмүрүмдө унутулгус эң кызыктуу кечени өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бердиңиз. Мага эч кандай акчага сатып ала алгыс нерсени бердиңиз. Эми мага акчанын кадыры деле жок. Мен сизге ошол унутулгус кечеге ыраазычылык катары миң долларды жан дилим менен мындай эле берем. Сизге акча керек болуп турат, менде болсо болсо акча абдан эле көп. Сиз акча алгыңыз келеби? Анда сыйпалатпай эле түз айтыңыз!
Крейз таң калган эткен жери жок. Чекти алды да чөнтөгүнө салып койду.
— Мындай шарт коё турган болсоңуз, мен андай кечени сиз үчүн жума сайын өткөрүп турганга даярмын, — деди ал.
— Өтө кеч болуп калды, — деди Мартин башын чайкап, — ал кече мен үчүн эң алгачкы жана эң акыркы ошондой кече болгон. Мен өзүмдү таптакыр башка дүйнөгө түшүп калгандай сезгем. Ал эми сизге ал кече эч кандай деле бөтөнчөлүгү жок болчу, мен аны билем. Бирок мен үчүн болсо таптакыр башкача болгон. Андай кече эми экинчи кайталанбастыр. Философиядан болсо мен эчак кол үзгөм. Мен азыр ал жөнүндө уккум да келбейт.
— Мен өмүрүмдө биринчи жолу философиядан акча тапканым ушул, — деди Крейз, кетип баратып, — бирок акциялардын ошол замат кулап түшкөнүн карачы.
Бир жолу өзүнүн жеңил арабасында кетип бараткан миссис Морз Мартиндин жанынан өтүп баратып, ага жылмая башын ийип калды. Мартин да жылмайып, шляпасын көтөрүп койду. Бул окуя ага эч кандай таасир эткен жок. Бир ай мурда ушундай болсо ага жагымсыз болмок, балким, кызык болмок, ал мисс Морздун кандай абалда каларын да элестете алмак. Бирок бул жолугушуудан анын сезими чым деп койгон жок. Ал бул туурасында борбордук банктын жанынан же шаардык акимияттын жанынан өткөнүн унутуп калгандай эле унутуп койду. Бирок чыңалган мээсинде ойлор тынымсыз сапырылып атты. Башын баягы эле «эчак бир кезде» деген ой бургулап, көзөй берди. Эрте менен турса да ушул ой, жатып түш көрсө да ушул ой. Эмне иш кылбасын, өзүнө өзү: «баары эчак болбоду беле» деп кайталай берчү адат тапты. Логикалык жактан талдап келген Мартин акырында кейиштүү бир тыянакка келип токтоду, — эми ал эч ким эмес, Март — хулиган менен Март — матрос чыныгы жашаган реалдуу адамдар болгон экен. Бирок улуу жазуучу Мартин Иден дегеле болбоптур. Аны улуу жазуучу кылып топураган караламан топтун ойлоп тапканы экен, алар аны хулиган, матрос Мартин Идендин сырткы денесинен жуурулуштуруп жасап коюшуптур. Бирок мунун баары калп экенин ал өзү жакшы билчү. Ал кара топ ыйык санап, таазим этип башын ийген кудайдын уулу эмес болчу, муну ал башкаларга караганда өзү жакшы билет.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.