Жек Лондон
Мартин Иден
— О, ооба, — деди Мартин шашыла жооп узатып, — бирок сиздин бул жерге жалгыз келгениңиз туура болор бекен?
— Мен эч кимге байкатпай өтүп кеттим. Мында экенимди эч ким билбейт. Сизди өтө көргүм келди. Келесоодой иш кылганымды эми түшүндүм, сизге ошону айтайын деп келдим. Чыдай албадым, анткени бул жерге жүрөгүмдүн буйругу менен келдим, анткени абдан жолугушкум келди сиз менен!
Руфь ордунан туруп, Мартинге жакын келди. Эки колун Мартиндин ийнине артты да бат-баттан терең дем алып, көз ирмемдей туруп калды, анан шак эле кыналышып жабыша калды. Табиятынан боорукер, кең пейил Мартин азыр аны кучакташы керек экенин түшүндү, антпесе Руфка эркек аялды канчалык кордоого барса, ошончолук терең акаарат келтирмек. Бирок анын кучактаганында эч кандай жылуулук да, эркелетүү да жок эле, болгону колдору менен айланта орой гана кармап турду, денеси туйлап, мурдагыдай дуулдап ысып чыкпады, мындан ыңгайсыздана уялып гана турду.
— Сиз эмнеге калтырап турасыз? — сурады ал. — Үшүп атасызбы? Каминди жагып коёюнбу?
Мартин бошонууга аракеттенгендей козголо берди эле, Рурь коё бербей, ого бетер бекем ыктады.
— Бул жөн эле, — деди тиштери тырсылдаган Руфь жооп кайтарып, — азыр өзүмө келип калам. Эми жакшы сезип калдым өзүмдү.
Анын калтыраганы акырындык менен тарап кетти. Мартин аны дагы эле кучагында кармап турса да эми таңыркабай калды. Анткени Руфтун эмне үчүн келгенин эми билип турду.
— Апам мени Чарли Хэпгудга күйөөгө чык деген эле, — деди ал.
— Чарли Хэпгудгабы? Аа, алиги оозуна келгенди оттогон немеби? — күбүрөдү Мартин. Анан унчукпай калып, минтип кошумчалады: — Апаңыз эми сиздин мага чыгышыңызды каалап атса керек...
Муну ал суроо берип аткандай кылып айткан жок, ишенимдүү кылып айтты, көз алдынан өзүнүн алган гонорарларынын жыбыраган узун тизмеси чубурду.
— Апам эми каршы болбойт, — деди Руфь.
— Ал мени сизге ылайыктуу күйөө деп эсептейби?
Руфь башын ийкеди.
— Бирок мен апаңыз экөөбүздүн үйлөнүү шертибизди бузгандан бери эч кандай өзгөргөн жокмун да. Мм, кандай десем, — деди ал ойлоно түшүп. — Мен баягы эле Мартин Иденмин. Мен баштагыдан да жаман болуп кеткем, тамеки да тартып атам. Түтүндүн жытын сезип турасызбы?
Жооп берүүнүн ордуна Руфь кылыктана мурдагы көнүмүшү боюнча өбөт деп күтүп, алаканын анын эриндерине тосо калды. Бирок Мартиндин эриндери козголуп да койбоду. Ал Руфь колун тартып алганга чейин күтүп турду да, анан сөзүн улай мындай деди:
— Мен өзгөргөн жокмун. Кызматка да орношконум жок. Орношоюн деген оюм да жок. Мурдагыдай эле Герберт Спенсер — улуу, асыл адам, судья Блоунт — былжыраган эшек деп эсептейм. Баса, кече эле анын үйүндө болуп, тамагын ичтим, ошондо буга дагы жолу ишендим.
— Эмнеге атамдын чакыруусун кабыл албай койдуңуз? — сурады Руфь.
— Сиз аны кайдан билесиз? Ким жиберди эле аны? Сиздин апаңызбы? Руфь үн деген жок.
— Албетте апаңыз да! Мен так ошентип ойлогом. Ооба, азыр да сиз кыязы, апаңыздын айтканы боюнча келген чыгарсыз:
— Менин биерде экенимди эч ким билбейт! — деди Руфь туталана түшүп. — Кантип сиз буга апам уруксат берди деп ойлойсуз?
— Эми апаңыз сиздин мага күйөөгө чыкканга уруксат бергенинен кенедей да шегим жок.
Руфь жалынгасып кыйкырып жиберди:
— О, Мартин, мынчалык таш боор болбосоңуз экен! Мени жок дегенде бир жолу да өөп койгон жоксуз. Мынчалык эмне таштай катуусуз! Ойлоп көрүңүзчү, аял башым менен сиз үчүн барбаганга барып атам!
Руфь чочугандай, бирок ошол учурда кызыгуу менен Мартинди бир карап алды.
— Ойлосоңуз, мен кайда келип олтурам!
«Сиз үчүн жанымды кыюуга да даяр элем» — деген Лиззинин сөзү эсине кылт дей түштү.
— Мындай чечкиндүүлүктү эмнеге сиз мурда көрсөткөн жоксуз? — деп олуттуу сурады. — Мен ачка жүргөндө, кепеде жашаганда. Мен ошол эле Мартин Иден эмес белем. Жазуучу катары да, адам катары да. Мындай суроону мен акыркы кездерде сизге гана эмес, башкаларга да көп берчү болдум. Күтүлбөгөн жерден минтип жогорулап кеткеним мени шексиз ушул ойго түртсө да, өзүңүз көрүп турасыз, мен ошол эле бойдонмун. Мен өзүмдү өзгөрдүм деп ишендиргенге аракет кылам. Бирок мен ошол элемин! Менде эч кандай жаңы талант пайда болгон жок, эч бир жаңы колдоочуларым жок. Мээм мурда кандай болсо, азыр деле ошо бойдон. Жадагалса, менде адабиятка, философияга карата жаңы көз караштарым да жок. Атагы жок жалгыз жашагандан бери менин жеке керт башымдын кадыры өскөн жок. Эми азыр күтүлбөгөн жерден өзүмдүн бардык жерде сыйлуу конок боло баштаганыма өзүм да айран таңмын. Албетте, адамдарга мен эмес, менин акчам керек. Анткени мурда алар мени көргүсү да, билгиси да келбеген баягы эле Мартин Иден болчумун. Демек, алар менин сапаттарым менен таптакыр байланышпаган башка бир нерсени баалашат окшойт. Анын эмне экенин сизге айтайынбы? Алардын баалап атканы менин атак-даңкым. Бирок бул менден тыш, башкалардын акыл-эсинде жашап жатпайбы. Андан тышкары мени акчасы бар деп урматтап жатышат. Бирок ал акчалар деле менден сыртта жатат. Алар банктарда, джондордун, томдордун жана джектердин чөнтөктөрүндө жатат. Баса, сизге да мен атагым менен акчам бар болгон үчүн керек болуп жатам,
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.